Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Бишкек чачылган үйдү элестетет


Бүгүн чыккан гезитер парламент, Бишкек шаарынын абалы, Жаза аткаруу кызматындагы башаламандык тууралуу жазышты.

“Вечерний Бишкек” гезити быйыл 50 жылдыгын өткөргөн Мукаш Абдраев атындагы Республикалык музыкалык окуу жайды жаңыртып оңдоп чыгууга акча табылбай жатканын, кыш босогого кирип келсе дагы окуу класстары жылытылбагандыктан балдар сырт кийимчен үшүп отурганын, башкасын коюп жылуулукту оңдоо үчүн 400 миң сом керектигин, жакында музыкалык мектепти барып көргөн маданият министри Алтынбек Максүтов жардам бере тургандыгын билдиргенин кабарлады.

Ушул эле гезит борбордук ЖЭБдин энергетикалык жаңы блогунун жерпайын коюуга өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Темир Сариев капсул салганын, шаардын жылуулук борборун жаңылоо иштери толук бүткөндө ТЭЦтин кубаттуулугу дагы эки жарым эсеге өсө тургандыгын белгиледи.

Журналист Элвира Темирдин “Төртөөнүн союзу” деген макаласында көпчүлүк коалицияга бириккен фракциялар тууралуу сөз болот, сиздер андан өкмөттүн, парламенттин түзүлүшүндө кандай өзгөрүүлөр болорун, министрликтерден канчасы кыскарып, чоң кызматтагы чиновниктердин канчасынын кызмат орду жоюларын окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити Нина Ничипорованын “Ыймандын дефицити” деген макаласын жарыялады. Автор өлкө чынчыл жана ыймандуу адамдарга муктаж экендигин, карапайым адамдар күн сайын бийликтеги аткаминерлердин биринин талап-тоноп, пара алып жаткан жеринен кармалганын, бирин-бири чала өлүк кылып сабап салганын, кызматка келери менен эле ичип-жеп киргенин, биринин да башына “Эртең Мекенибиз эмне болот?” деген суроо келбестигин жазды. Журналист андан ары Улуттук коопсуздук комитети Коргоо министринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып келгендиги үчүн кылмыш иши козголгонун жар салганын, мындай бардак Жазаларды аткаруу мекемелеринде да толтура экенин, Генералдык прокуратуранын сайтын ачсаң мыйзамды сактайт дегендер өздөрү мыйзам бузуп колго түшкөн фактыларды окуруңду, мисалы түрмөдөгү колониянын начальниги жазасын өтөп жаткан адамга машинасына магнитофон саттырып алганы аз келегенсип, машинаны оңдойсуң деп ороңдоп турганын кантип түшүнсө болорун, Мамлекет деген мыйзамдын темирдей тартиби менен күчтүү экендигин, тилекке каршы, бүгүн өлкөгө Кыргызстанды ойлогон, балдардын бактылуу келечегин ойлогон ак ниет жана ыймандуу таза адамдар жетишпей жаткандыгын жазды. Аталган гезиттеги Евгений Денисенконун макаласы “Ооган коркунучу” деп аталып, жакында Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилери чогулуп жыйын өткөрүшкөнүн, анда КМШ, өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларын кайтарууну күчөтүү аракети каралганын, бүгүн Ооганстанда 25-30 аймагында "Ислам мамлекети" деп аталган бандиттик түзүлүштүн жанкечтилери бар экенин, буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин күчүн бардык жагынан чыңдоо маселеси коюлганын жазып чыкты.

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен “Искра” гезити жарык көрдү. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жамалбек Ырсалиев “Башкарманы алдаган Акун ата же балкондо өскөн Кулматов тууралуу” деген макаласын тартуулап, шаардын жетекчилигине чарбаны мыкты билген адам келмейин балкондо олтуруп чоңойгон Кулматов сыяктуу “парник балдар” шаарды оңдой албастыгын, Нариман Түлеев түрмөдө жатса элдин эсинде чарбаны мыкты билген адам катары калганын, революциядан кийин келген Иса Өмүркулов да чарбаны мыкты билгендиктен, шаарды бир топ оңдогонун, ал эми азыркы элге жакпаган шаар башчысы Кулматов бир кезде чоң болуп иштеген атасынын баркы мененби же ажонун баркы мененби, айтор, бийликке келген күндөн бери эле колунан иш келбеген жүдөө мэр катары келатканын, Бишкек болсо иленди катындын үйүндөй чачылып, кебетеси кетип бүткөнүн, жадагалса күндүз Түштүк магистралды бойлогон жарыкты өчүрүп койгонго колу бошобой жаткандыгын, кечээ чак түштө андагы жарык өчпөй күйүп турганын, карапайым элдин накта турмушун көрбөй, билбей, помидор менен бадыраң балкондо өсөт деп ойлогон, жалаң шоколад жеп чоңойгон, аталарынын кадыры менен тайраңдаган жетекчилерден арылмайын оңолбой тургандыгыбызды дагы бир жолу эске салды. Гезит ошону менен бирге эле “Келдибековду эмес, Салянова, Усманов жана алардын тергөөчүлөрүн камаш керек!” деген макала басты.

XS
SM
MD
LG