Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Кумтөр үчүн тиреш


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Бүгүн “Дело №...” жана “Көк асаба” гезиттери жарык көрдү.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити парламенттин Кумтөргө байланыштуу өткөн жыйындагы талкуусунан баяндаманы жарыялады. Гезит ошондой эле “Центерранын” директорлор кеңешине сунуш кылган Жоомарт Оторбаевдин чет өлкөлүк лорддордун интернеттен таап чыккан сүрөттөрүн жана алардын ким экендигин тастыктаган кыскача маалыматты кошо басты.

Ушунун эле жанына Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы башчысы Дүйшөн Ирсалиевдин “Элдин алдында күнөөлүү болгондон көрө иштен кетүүнү чечтим” деген маеги тартууланды.

Кабарчы: Эмнеден улам Жоомарт Оторбаев сунуш кылган чет өлкөлүк жарандардын артында Жорж Сорос менен Максим Бакиев турушу мүмкүн деп шектендиңиз?

Дүйшөн Ирсалиев: Дал ушулар турат деп так кесе айталбайм, бирок шектенгеним чын, анткени Максим Бакиевдин кайнатасы Болот Кененбаев – Оторбаевдин кеңешчиси болуп саналат. Анан булардын байланышы жок дегенге, “жок андай эмес” деп ким кепилдик бере алат? Анан мен, “Келгиле, адегенде алардын ким экенин шашпай иликтеп чыгалы?” десем, өкмөт унчукпай койду, анын үстүнө бирин да тааныбагандыгына карабастан Оторбаевдин аларды күйүп-бышып коргоп чыкканы мени шектентти.

Кабарчы: Оторбаев сизди тизмеге кол коюуга макул кылыш үчүн канча күн жумшады?

Дүйшөн Ирсалиев: Үч күн. Күн сайын чакырып, коркутуп да, кыстап да, айтып да, телефондон чалып да жатты. Айлам кеткенде СМС жөнөттүм: “Жоомарт Кайыпович, мен сизди сыйлайм. Бирок мен кол кое албайм” деп. “Анда орунбасарың кол койсун?” деп чыкты. “Жаш балдардын тагдырына балта чаап эмне кыласыз?” дедим. Ошондон кийин жолуна каскак болбош үчүн менден арылууну туура көрдү окшойт, иштен бошотуп салды.

Кабарчы: Сиз эмне үчүн Жогорку Кеңеш жыйынга чакырса келген жоксуз?

Дүйшөн Ирсалиев: Мени эч ким чакырган жок. Баарын радиодон угуп отурдум. Чакырса барып айтып бермекмин.

Кабарчы: Иштен жөндөн жөн эле бошогонуңуз боюнча кайра арыз бересизби?

Дүйшөн Ирсалиев: Жок, арыз бербейм. Бир аз эс алам, андан кийин көрө жатарбыз, - деп жооп берди.

“Муз ордунан козголдубу?” деген рубриканын алдында Кыргызстандын качкын президентинин уулу жана өз өлкөлөрүнүн казынасын уурдап Британиядан үй сатып алган диктаторлордун үстүнөн кара булут айлана баштады. Максим Бакиевдин 5 млн. долларга сатып алган особнягы түбүнө жетеби?” деген макала жарык көрүп, штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан “Глобальный свидетель” аттуу уюм бүткүл дүйнөдөгү коррупциялашкан режимдер менен күрөшүүнү алдына максат кылып чыкканын, анткени өз өлкөлөрүн каалагандай талап-тоноп, элинин байлыгын уурдап алгандардын баары Лондонго келип баш калкалап, каалаган жеринен кымбат хан сарайларды сатып алып, каалагандай тайраңдап жашап жатышканын, мындан ары аталган уюм так ушундай шылуундар менен күрөшөрүн белгилеп, Максим июнь айында сотко чакырылганын жазды.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити “Кыргыз жаштары Кыргызстанды өнүктүрө алабы?” деген теманын алдында жаштардын айрым өкүлдөрүнө суроо менен кайрылып, алардын жообун басты. Милициянын сержанты Кубанычбек Токтобек уулунун маеги “Элге кызмат кылбай жашоо менин акылыма сыйбайт” деп аталды.

Кыргыздын музыкалык аспаптарына жан киргизип, аны өз колу менен жасап да, күү чыгарып ойноп да келаткан таланттуу музыкант Асылбек Насирдинов 25-апрелде Улуттук филармонияда “Улуу көч” деп аталган концерт берерин кабарлаган “Көк асаба” гезити Асылбектин чыгармачылыгы менен окурмандарды кыскача тааныштырды.

Журналист Ракыя Жусупованын Таттыбүбү тууралуу Чыңгыз Айтматовдон 1988-жылы алган интервьюсу кайрадан жарыяланды. Бул санда “Алыкулдан аянбайлы” деген баш макала жана Алыкулдун эл оозунан жыйнаган уламыштары да бар.

XS
SM
MD
LG