Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Президент улут лидери боло алабы?


Бүгүн жарык көргөн ”Планета” гезити депутат Карганбек Самаковдун “Манас” эпосу үчүн жасаган иши жөнүндө жазып чыкты.

“Планета” гезити Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Султанбекованын интервьюсун басты. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүн колдоорун билдирген депутат, Атамбаев өзү жарыялаган күрөштүн өтөсүнө чыкса улут лидери болууга мүмкүнчүлүгү барын, кокус баштаган иш токтоп калса, элдин келечекке ишеними жоголорун белгиледи. Митингдер жөнүндө суроого жооп берген Чолпон Султанбекова, албетте элдин бийликке өз талаптарын койгонго укугу бар экенин, бирок кээ бир адамдар өзүнүн тар кызыкчылыгы үчүн болгон каражаттарын жумшап жатышканын, мындан улам 3-күчтөр от тутантып жибериши мүмкүндүгүн, козуткандардын тилине кирип: “Биздин уулду куугунтукка алдыңар” дегендери туура эместигин, ансыз деле жалпы калк ким кара, ким ак экенин эң сонун билип турганын айтты.

Ушул эле санга депутат Карганбек Самаков маек куруп, “Манас” үчилтигинин ЮНЕСКОго киришин кенен баяндап берди. Келерки жылы аталган уюмдун номинациясына буюрса боз үйдү киргизгени жатканын, андан кийин да кезекте турган баалуу дөөлөттөр барын, “Манас” катталганын укканда кадимкидей көзүнө жаш айланганын, кыргызды колдоп түрк, жапон, азербайжан туугандар эркек балалуу болгондой сүйүнгөнүн, 164 мамлекеттен келген 42 номинация бир тең, “Манас” бир тең болгонун, манасчыларды Евроньюс телеканалы 2 күн бою тартканын кеп кылды. Карганбек кебинин аягында ага эч кандай кызматтын да кереги жоктугун, кыргыз үчүн ак иштеп, ыйманды сатпай, элдин батасы менен жашагандан артык сый да, бакыт да жоктугун толкундануу менен сөз кылды.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу Роза Айтматованын “Чыңгыз, Ильгиз экөө мени жөө көтөрүп, ооруканага алып барышчу...” деген эскерүүсү маек түрүндө жарыяланды. Улуу жазуучу тууралуу ойлорун окумуштуу Осмонакун Ибраимов менен атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев да билдирди.

“Барометр” гезити “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун деректири Кадыр Маликовдун гезиттин өткөн санында жарыяланган маегинин уландысы тартууланды. Сириядагы согуш, Ооганстандагы НАТОнун аскерлеринин чыгарылышы радикалдык көмүскөдө жаткан уюмдардын тез калыптанышына чоң таасир этерин, коомдун деградацияланып артты көздөй кетишине алып келерин, Сирия бүгүнкү күндө дүйнөлүк жихад борборуна айланып калганын, албетте согуш эртеби-кечпи аяктаарын, анан анын катышуучулары башка бир жаман иштер менен алек болорун эскертти.

Кадыр Маликов ошондуктан исламдын салттуу формаларын өнүктүрүүнүн өз алдынча долбоорун баштай берүү зарылдыгын, антпесе биздин мусулмандар коому чет элдик ар кайсы диний борборлорго баш ийген, бири-бири менен келише албаган бир канча топторго бөлүнүп кетерин, себеби Курандын аяттарын туура эмес чечмелөө, хадистерди туура эмес түшүндүрүү радикалдашуу идеологиясына негиз түзөрүн, мисалы исламды кечээ эле кабыл алып, ага чейин эмне гана иштерди жасап жүргөнүн унутуп калган адамдар дини башкаларды каапыр деп айыптап, аларды өлтүрүүгө үгүттөп каларын, бул деген исламды, анын аруу максаттарын тескери бурмалап, сүннөттөрүн туура эмес жолго пайдалануу болуп каларын айтты. Маликов муну менен бирге маселен? радикалдуу вахаббиттер мамлекетке жихад жарыялоо үчүн курандагы “Тагут” деген терминди арбын колдонушарын, “тагут” деген сөз шарияттын да, исламдын да сөзү эместигин, “тагут” деген мамлекет дегенди түшүндүрөрүн, бул көз карашты үгүттөгөндөр атүгүл тагут түзүүдө исламдык эмес мыйзамдарга баш ийген башка мусулмандарды айыптап келатышканын белгиледи.

Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата “Чыңгыз кайрык” аттуу көлөмдүү ыр түрмөгү да ушул гезитке басылып чыкты. Эгемберди акын:
Бийикке өжөрлөнүп чыгуу үчүн,
Бийиктин бийиктигин туюу үчүн,
Бийикте баш айланбай туруу үчүн
Айтматов болуу керек.
Улутту улут кылбайт элдин саны,
Улутту улут кылган инсандары.
Кудайдан даарып келген илхамдары,
Айтматов сыяктанган тулпарлары,
Ааламга учуп чыккан шумкарлары.
Бүт дүйнө Айтматовду жазуучу дейт,
Мен аны акын деймин.
Мен андан көрүп турам акын кейпин,- деп эргип жазды.
XS
SM
MD
LG