Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Жаңы жылга жаңы өкмөт


Гезиттер өлкөдөгү абалды чагылдырган макалаларды жарыялап жатышат.

“Айат” гезити бул санын президент Алмазбек Атамбаевдин: “Урук-тууганымдан, жакын санаалаштарымдан ажырап калышым мүмкүн, бирок коррупция менен күрөшүүнү токтотпойм” деген сөзү менен ачты. Аталган гезит Нарында бийлик алмашканын, алдыда Ысык-Көлдүн, Оштун бийлиги да алмашарын, жаңы жылга жетпей жаңы өкмөттүү болуп калышыбыз да ыктымалдыгын кабарлап, Иса Өмүркулов бийликтен кеткенин, ага кылмыш иши козголгонун кабарлап, “эми коррупцияны жоготом десеңер, мэр менен кошо алардын орун басарларын да кетирүү керек” деп маалымдады.

Ушул эле гезиттин кабарчысы Балбак Түлөбаев: “Атамбаевдин “дыханиеси” жетээр бекен?” деген макаласында, туура, коррупция менен күрөш жүрүп жатканын, бирок ал комплекстүү жүрүшү керектигин, биринчиден “черный” схемалардан: бажы, энергетика, тоо-кен, дары-дармек сатуу, архитектурадан баштоо зарылдыгын, миллиондорду жегендер бийликтин ичинде отурганын, эгер бир жактуу эмес, ар тараптуу күрөш башталса, ал сыяктуу ойлонгондордун баары президент Атамбаев үчүн калкан болуп бергенге даяр экендигин белгилеп: “Урматтуу президент, ылгабаңыз. Таксисттер сүйлөшүп жатат жолдо, бири: “Ай ушу киттерге кол салды, Атамбаевдин дыханиеси жетээр бекен?” десе, экинчиси “Ушу чоңдор тажатты, күрөш калыс жүрө турган болсо Атамбаевге жанымды берем”, - дейт, мына, азыркы коррупцияга каршы күрөштүн карапайым калкка тийгизип аткан таасири,-деп жазды.

“Азия ньюс” гезити Сакен Бөрүбаев аттуу автордун “Иса мырза саясий эркин көрсөттү” деген аталыштагы макаласы менен бүгүнкү санын ачып, Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун шаар үчүн жасаган көп жакшы иштерин санап чыкты. Жаңы конуштардын инфраструктуралары чечилгенин, 188 чакырым жол оңдолгонун белгилеп, Өмүркулов өз эрки менен отставкага кетип, кызматтын кулу эместигин көрсөткөнүн, кыргыздын бүт чиновниктери Исадан үлгү алышы керектигин билдирди.

“Асаба” гезити мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин “Данияр Үсөнов экөөбүз 7-апрелде Ак үйдү тапшырып кеткенбиз” деп аталган интервьюсун басты. Ал апрель окуясы боюнча 21 соттолуучу барын, булардын бирөө камакта, калганы үй камагында жүргөнүн, үй камагындагы адамдын эркиндиги чектелүү болорун, шаардан башка жакка чыгууга да болбостугун, бирок Кыргызстан волейбол федерациясынын башчылыгына кайрадан шайланары менен ага кепилдик берилип, ары-бери чыгып турганга мүмкүндүк болуп калганын айтты.

Ошол кандуу окуяны эске салган Элмурза мырза, 7-апрелдегидей башаламандыкты бир да мамлекетке каалабастыгын, бирөө досторунан качса, бирөө душманынан качканын, бирөөлөр өлкөсүнөн качканын, бирок кайда качкан күндө да адам өз абийринен качалбастыгын, агезде кабинети 7-кабатта болгонун, ошол күнү акыр- аягына дейре Ак үйдө отурганын, анан “менин күнөөм болгон эмес” деп актанууга да болбостугун, эң кичүү уулу ошондо 7 жашта экенин, ал анан чоңойгондо “Ата, мынча жигит каза болгон экен, ошону сиз аттырдыңыз беле?” деп сурасачы. Кокус качып кеткен болсоң, мындай суроого кийин кантип жооп бересиң? Адегенде чын эле жашырына турсамбы деген да ой болду. Анын үстүнө чек арадан өтүп кетүү кыйын деле эмес болчу. Бирок жубайым да “Ушунча болду, эми акыр-аягына чейин чыда. Ак экениңди далилде” деди. Бир нерсени айтып коеюн. Ак үйдү эч ким басып алган эмес. Бизди да эч ким айдап чыккан эмес. Данияр Үсөнов экөөбүз 7-апрелде аягына чейин болуп, өздөрүн бийликтебиз деп тааныштырып келгендерге Ак үйдү тапшырып, анан кеткенбиз” деп жооп берди.

“Учур” гезити депутат Бөдөш Мамырованын “Кыргызгазга” каршы добуш берсең, кийинкиде депутат болбойсуң” деп Куловдун айтканы чын” деген ат менен, депутат Эркинбек Алымбековдун “Сатыбалдиев сыйы менен кетип калсын!” деген ат менен маектери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити аркылуу депутат Анарбек Калматов:- Мен оппозиция өкүлдөрүнө эле кылмыш иши козголуп, коалициядагы депутаттарга же башка кызматтагы адамдарга иш козголбой жатат дегенге каршымын. Кылмышка негизи бар адамдардын баарына иш козголуп жатат,-деп;

Экс-депутат Садыр Жапаров:- Айтыш кыйын. Иса Өмүркуловго кылмыш ишинин козголушу балким элди алаксытуу оюну болушу мүмкүн,-деп;

Депутат Данияр Тербишалиев:- Бул кыргыздын тарыхында болбогон көрүнүш. Биринчи жолу бийликте турган партиянын мүчөсүнө, жөнөкөй мүчөсүнө эмес, эң жогорку кызматта турган, борбор шаарды башкарып турган адамга кылмыш иши козголуп олтурат. Кандай гана пикирлер айтылбасын, коррупцияга каршы күрөш тандоо түрүндө эмес, баарына тегиз, катуу жүрүп жатат. Коррупционер чиновниктердин баарына: “эгер сен эртең элдин акысын уурдай турган болсоң, түрмөгө отурасың. Мурдагыдай “крышаң” сактай албай калды деп кагылган коңгуроо,-деп жооп берди.

“Асман press” гезитине интервью берген депутат Марат Султанов: Коррупцияга каршы күрөш ар бир өлкөдө болушу керектигин, бирок мыйзам чегинде, калыс жүрүүгө тийиштигин, маселен Кумтөр боюнча бир нече адамдарды камап, кайра чыгарышканын, ал эми Келдибековду кармап жатышканын, митингчилер акчага жалданган деген сөздөрдү таратуу туура эместигин, 4-5 миң кишинин баары мыйзамды бузалы деп эмес, өз мүдөөлөрүн менен көтөрүлгөнүн, алар Акматбек Келдибековду бошоткула деп эмес: “Үй камагына чыгарып коюп тергөөнү уланта бергиле, соттун калыс чечимин күтөбүз, эгер, Акматбек Келдибековго коюлган айып анык болсо, колубузду көтөрүп беребиз” деген калыс пикирлерин айтып жатышат,-деди.
XS
SM
MD
LG