Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

ИИМ жаңы министрге муктажбы?


“Алиби” гезити аркылуу журналист Дайырбек Мейманов “Ормон опузабы же оңбогурлардын оюнубу?” деген макала жазып, мамлекеттин Ак-Шыйрак аймагындагы чек арада болгон окуяга дагы бир жолу кайрылды.

"Алиби" гезитинин кабарчысы Аида Батырбекова өз макаласында бир катар депутаттардын ойлорун ортого салды. Акматбек Келдибековдун бир тууган эжеси Динара Келдибекова “Инимди президенттик шайлоого катышпасын деп камап жатышат” деп интервью берди. Динара “Инимдин “дагы чыгабыз, Акматтын бошотулушун талап кылабыз” деген жактоочулары толтура, болгону эл да, иним да чарчады. Ашыкча тынчын алабайлычы деп жатабыз. Батукаевдин жанында Акмат элге эмгеги сиңген, бир канча адамдын ажатын ачкан патриот, мекенчил уул” деп айтты.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Коррупционер жана “саясий заказ” деген макаласын тартуулады. Кумтөр маселеси кыргыз үчүн рак шишигиндей дартка айланганын, анын маселесине эр жигиттерден тартып салпетек катындарга чейин киришип кеткендер, анын чуусу менен акча өндүрөм дегендер да, Атамбаевди алып түшөм дегендер да болгонун, чындап күйгөнү да, жөн эле чыр салып жүргөнү да барын, ал эми “Дело №...” сыяктуу гезиттер канадалыктардан алчусун алып мактап турганын жазды. Автор Кытайда коррупцияга каршы күрөш биздегидей болбой мамлекетин тоногондор дароо атыларын белгилеп келип Түлеев, Келдибеков баштаган 31 аткаминердин атын атады, эл ичинде коррупцияга каршы күрөш менен кошо кылмыштуулукка каршы күрөш солгундап кетти деген сөз жүрө баштаганын, андыктан Ички иштер министри Абдылда Суранчиевди эс алууга жиберүү керектигин, кадр бар экенин, ошол эле тармактагы Бакыт Жусубалиев, Мелис Турганбаев жана башка дагы беш-алты ысым бул жооптуу ишти татыктуу улантарын жазып чыкты.

“Де-факто” гезити депутат Исмаил Исаковдун “Ратификация болгонун билбеген өкмөттөн кандай сүйлөшүүлөрдү күтөбүз” деп интервью берди. Ал аскер ишин мыкты билген адис катары чек ара, коопсуздук , коргонуу маселелерине кенен токтолду. Жаңыдан түзүлгөн Генералдык штабды түзүү анын идеясы болгонун, бул боюнча президент экөө сүйлөшкөнүн, чынында эле куралдуу күчтөрдү реформалоо Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп, президент чоң кадам жасаганын, тилекке каршы ал идея толук ишке ашпай туруп, мыйзам айрым кемчиликтери менен өтүп кеткенин кеп кылды.

“Манасчы” Самат Көчөрбаев “Токтогул жана “ырчы булак” деген макаласында Таластын Манас районундагы Алымкул, Эстебес, Замирбек, Асанкан, Аалы, Анатай, Абдылда, Төлөш чыккан айтылуу Арал айылы эмне себептен “Ырчы булак” деп аталып калганын кызыктуу кылып баяндап берди.

“Жаңы агым” гезити Улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматы Биринчи май райондук сотунун судьясынын кызматын кыянаттык менен пайдаланган фактыны таап чыгып, өзүм билемдик кылган сотко кылмыш ишин козгогонун, аталган сот Нариман Түлеевдин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камакка алуу чечимин жокко чыгара салгандыгын маалымдады.

Ушул эле “Агымда” саясатчы Камчыбек Ташиев “Эркин Алымбеков чыныгы мекенчилдик кадам жасады” деген ат менен маек куруп, бийлик андан мандатты зордоп тартып алганын, камакта жаткан уулу дөңгөлөк уурдамак тургай машинасынан түшпөгөнүн, эгер чын эле уурдаган болсо өзү эле колдорун чагып салмагын, Мелис Мырзакматов баары бир жеңип чыгарын, анткени Ош колдорун, ал эми Адахан Мадумаров убагында “Атамбаевди эч качан президент катары тааныбайм” деп безилдеп жүргөнүн, эки жүздүүлүктүн да чеги болорун белгиледи, ал ошону менен бирге эле Атамбаевдин Орусияны тандап алган багыты туура экендигин айтты.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кыргызстан-Орусия: келишимдер ишке ашат” деген аталышта Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведов жана Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусун кабарлаган маалымат менен ачып, анын алдына өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен окурмандардын түз байланышын басты.

Гезиттин кабарчысы Азимжан Ибраимовдун “Кайгылуу Ош окуясында “май кармап, бармагын жалагандар” тууралуу икая” деп аталган макаласы жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG