Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Тимофеев мыктылар менен ат салышат


Евгений Тимофеев мелдеш учурунда. 20-февраль, 2014-жыл. Сочи.
Евгений Тимофеев мелдеш учурунда. 20-февраль, 2014-жыл. Сочи.

22-февралда Сочи олимпиадасында спорттун 7 түрү боюнча мелдештер улантылып жатат. Кыргызстандык күйөрмандар күткөн тоо лыжасынын слалом түрүнөн мелдешке бишкектик Евгений Тимофеев катышат.

Мелдеш Сочи шаарынан 60 км. алыстагы Роза Хутор тоо лыжа базасында Бишкек убактысы боюнча кечки жетиде башталат. Мында дүйнө жүзүнөн тандалып, олимпиадага жолдомо алган 117 спортчу мөрөй талашат. Мелдешти мындан 4 жыл мурда Канаданын Ванкувер шаарында өткөн 21-кышкы олимпиадасынын коло байге ээси швециялык Андре Мюре баштап берет.

Бул мелдеш да абдан курч мүнөздө өтөрүн адистер айтышууда. Себеби, чемпиондук наам үчүн даңазалуу спорт чеберлери атаандашканы турат. Алардын катарында Сочи жана Турин олимпиадаларынын чемпиону, америкалык Тед Лигетти, дүйнө чемпиондору, австриялыктар Марио Матт, Марсель Хиршер, француз Жан-Батист, дүйнө кубогунун көп жолку жеңүүчүлөрү француз Алексис Пнтюро, австриялык Райнфрид Хербст, италиялык Манфред Мельгг жана башкалар бар.

Мында дөө-шаалар менен таймашуу кыргызстандык Евгений Тимофеев үчүн кыйынга турат. Себеби, ал 117 спортчунун акыркыларынан болуп, мелдешке 110-чу болуп катышат. Ага чейин эрип жаткан кар тапталып, тарпы кетип, ылдам тебүү, тоскоолдуктардан буйтап өтүү кыйынчылыктарды жаратаарын Тимофеевдин устаты Игорь Борисов «Азаттыкка» айтып берди.

Евгений Тимофеев 19-февралда Сочи олимпиадасында гигант-слалом мелдешине катышып, 109 атаандашынан 61-орунга жеткен. 19 жаштагы бул спортчу үчүн олимпиада тажрыйба топтоонун, чеберчилигин жогорулатуунун мектеби болуп калмакчы. Тимофеев биринчи таймашта жыгылбай, эң артта калбай жоон ортодо марага жетсе, анда күчтүүлөрдүн сабында экинчи ирет байгелүү орундар үчүн мөрөй талашууга катышмакчы.


Хоккей: Канада мене Швеция финалда

Кечээ, 21-февралда хоккей боюнча жигиттер командалардын жарым финалдык күч сынашуулары курч мүнөздө өттү. Мында швециялыктар финдерди 2:1 эсебинде утуп, баш байгеге талапкердин бири болду. Ал эми экинчи жарым финалда канадалыктар америкалык жигиттерди 1:0 эсебинде жеңип, финалда ойномок болушту. Бул оюнга мен дагы күбө болдум. Канадалык жигиттер ыкчам, шамдагайлык менен өнөрлөрүн, чеберчиликтерин көрсөттү. Бүгүн кечинде коло байге үчүн финдер менен америкалыктар беттешет.



Ал эми 23-февралда Сочи олимпиадасынын чемпиондук наамы үчүн Канада жана Швеция өлкөлөрүнүн финалдык беттешүүсү Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да башталат. Адистердин айтымында, абдан курч, кызыктуу таймаш болоору күтүлүүдө. Ошондой эле канадалык айымдар да катары менен 2002-жылкы Солт-Лейт-Сити олимпиадасынан бери төртүнчү ирет олимпиада чемпиону аталып, баш байгенин ээлери болушту.

Керлинг: канадалыктар биринчи

Сочиде айрым спорт түрлөрү жыйынтыкталып жатат. Кечээ, 21-февралда шотландиялыктардын улуттук оюну болгон керлинг боюнча эркектер командаларынын жеңүүчүлөрү да аныкталды. Коло байге үчүн Кытай жана Швеция өлкөлөрүнүн жигиттер командалары күч сынашты.Мында 6:4 эсебинде кытайлыктарды шведдер утуп, үчүнчү орунду ээледи. Ал эми финалда Улуу Британия менен Канада өлкөлөрүнүн командалары мөрөй талашты. Жыйынтыгы 9:3 эсеби менен канадалыктардын пайдасына чечилип, алар Сочиде олимпиада чемпиону болушту. Алар Турин жана Ванкувер олимпиадаларында дагы чемпион аталган эле. Канадалык айымдар хоккей жана керлинг мелдештеринде баш байгенин ээлери болушкан.

Биатлон: Украина-чемпион!

21-февралда Красная полянадагы «Лаура» тоо лыжа айдыңында кыз-келиндер арасындагы биатлон боюнча 4 спортчудан катышкан 24 км. аралыкка эстафеталык жарыш, мылтыктан таамай атууда украиналык кыз-келиндер марага биринчи келди. Бул Украинадагы кандуу кагылышуудан кийинки бирден бир жагымдуу кабар болду. Сочи олимпиадасында командалык эстафетасынын чемпиондору болгон айымдарды айта кетели. Алар дүйнө чемпиону Олена Пидгрушина, Юлия Жима жана дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрү, эгиздер Валия менен Вита олимпиада чемпиондору аталды. Орусиялык айымдар экинчи, норвегиялыктар үчүнчү орундарды камсыз кылды.


Ошондой эле «Экстрим Парк Роза Хутор» базасында кыз-келиндер арасындагы фристайл мелдешинде биринчи орунду канадалык Мариэль Томсон жеңип алды.

Америкалык Микаэла Шиффрин- эң жаш чемпион

21-февралда Роза хутор тоо лыжа борборунда кыз-келиндер слалом мелдешине катышып, мында америкалык Микаэла Шиффрин Сочи олимпиадасынын чемпиону аталды. 18 жаштагы Шиффрин дүйнө кубогун да уткан эле. 3 жашынан бери тепкен лыжасынын үзүрүн Сочиден көрүп, тоо лыжасынын слалом түрүнөн олимпиадалык оюндардын тарыхындагы эң жаш чемпион болгону аныкталып, расмий катталды

Шорт-трек: кореялык Виктор Ан Сочиде Орусияга 3 алтын утуп берди

Кечээги 21-февраль орусиялыктар үчүн олжолуу болду. Аларга шорт-трек жарышында 15-февралда Сочиде дагы олимпиада чемпиону болгон Виктор Ан баштанган жигиттер дагы бир алтын медал утуп берди.
Алты жыл мурда Түштүк Корея өлкөсү тизеси сынып, жаракат алган Хен Су Анды эсептен чыгарып, чоң ийгилик жарата албайт деп, кол шилтеп койгон. Ал 2011-жылы Орусиянын жарандыгын алып, атын Виктор деп өзгөртүп, дале кайраты курч, эрки күчтүү экенин далилдеп, 4 жолку оор операциядан кийин Сочиде дараметин көргөздү. 15-февралда Виктор Ан Орусияга шорт-трек жарышында алтын медал утуп берген эле. Ал 10-февралдагы жарышта марага үчүнчү келип, коло байгелүү болгон. Эми болсо командалык эстафеталык 5 км. аралыкка жарышта орусиялык жигиттерден марага биринчи жетүүсүнө салым кошту.


Сочиде Орусияга атак-даңк алып берип жаткан Виктор Ан 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарда Түштүк Кореяга 3 алтын медал утуп берген. Ал дүйнөнүн көп жолку чемпиону, дүйнө кубогун бир нече жолу уткан даңазалуу спорт чебери. Корейче аты-жөнү Хен Су болсо, Орусияга келгени рок-жылдыз Виктор Цойдун урматына анын аттын алып жүрөт.

Кышкы спортто Норвегия лидер

Сочидеги кышкы олимпиаданын аяктарына аз калды. Учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча норвегиялык спортчулар дале лидерликти колдон чыгарыша элек. 22-февралга карата алардын 10 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медалы бар. Кечээ экинчи орунда турган америкалык спортчуларды орустар дагы эки тепкичке сүрүп койду. Экинчи болгон Орусиянын учурда 9 алтын, 10 күмүш, 7 коло байгеси бар. Канада 3-орунга чыкты. Алар дагы 9 алтын, 10 күмүш жана 5 коло медал жеңип алышты. Америкалык спортчулар дагы 9 алтын, 7 күмүш жана 11 коло байгеси менен төртүнчү орунда келатышат. Мурда күндөрү алдыңкы орундарда турган Германия менен Голландия өлкөлөрү 5-6-орундарга жылып калды.

Азия өлкөлөрүнөн Кытай 11- орунда туруп, алар учурда 3 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медалга ээ. Түштүк Кореянын спортчулары учурда Сочиде 3 алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгеси менен 12-катарга көтөрүлдү. Учурда жапондор 1 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгеси менен 17-орунда. Дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда болуп жаткан Украина кечээ биатлондо уткан айымдардын алтын медалы менен 20-орунга көтөрүлдү. Учурда оюндарга катышып жаткан 88 өлкөдөн 26 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын ырымга бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде коло байгени Денис Тен утуп берген эле.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG