Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Тополоңдон упай топтогондор


“Айат” гезити бир катар депутаттардан “3-революция керекпи?” деп сурап чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Асман пресс” гезитине Улуттук университеттин профессору, саясат таануу илиминин доктору Жолборс Жоробеков ажылык боюнча банк системасын ачууга мезгил жеткенин айтып маек курду.

Баткенди мыкты билген, облустун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев интервью берип, тээ совет бийлигинин кезинен тартып эле биздин бийлик башындагылар коңшуларга жер бере берип, Ворухтун аймагы тажиктерге өтүп кеткенин, Тажикстандын эли жыш жайгашкандыктан бош жери калбай калганын, эгемендик алгандан бери биз менен саны бирдей болсо, азыр 8 миллионго жетип, биз болсо баягы эле 5 млн. боюнча калганыбызды, маселен Мачаидеги кыргыздар жерлерин сатып кетип, тажиктер улам бери жылып келип жатканын айтты.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санына “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген баштеманын алдында азыркы бийликтин жогорку тепкичтеринен орун алып, анысы аз келгенсип, ага-тууган, жек-жааттарын “май талкандуу” жерге кызматка жайгаштыргандар тууралуу кеп кылмакчыбыз” деп белгилеп, 30га жакын аткаминерди сүрөтү менен басып, жакындары менен тааныштырды.

“Учур” гезити депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Орусия бизди тукуруп жатат” деген аталыштагы интервьюсун тартуулады. Депутат “Европаны көздөй ыктайбыз деп Украина Орусиянын авторитардык бийлигине каршы күрөшүп жатат” деп белгилеген депутат Кыргызстан дагы “АКШнын базасын чыгарабыз, Бажы биримдигине киребиз” деп туура эмес кылып атканын, ачык айтканда Орусия тукуруп жатканын, тажиктер менен мамиле муздап калганын, бул маселени президенттердин жолугушуу учурунда эле чечип койсо болмогуна токтолуп, Кыргызстандын абалы оор экендигин, коррупция менен күрөшөбүз деген ураан куру кыйкырык болуп атканын кошумчалады.

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишмердигине баасын берген айрым саясатчылар ага мындайча мүнөздөмө беришти:

“Ош ТВ” телеканалынын деректири Эрнис Кыязов:- Бийликке көз каранды эместей сүйлөгөнү менен оозу байлануу,-деп;

Садыр Жапаров:- Президенттин кол баласы болуп калды,-деп;

Жамин Акималиев:- Сатыбалдиевдин иштегенине бир жарым жылга жакындады. Жакшысы да, кемчилиги да болду. Өз мүмкүнчүлүгүн бүттү. Ошондуктан өз абийири менен ишин башка өкмөткө өткөрүп бериши керек,-деп;

Депутат Эркин Алымбеков:- Сатыбалдиев коррупцияны гүлдөтүүгө шарт түзүп жатат, буга “Кумтөр”, Батукаев боюнча иштер далил, башкалары да бар,-деп;

Токтогул Какчекеев: - Парламентте Жантөрө Сатыбалдиевге таш ыргытпаган депутат калган жок. Сатыбалдиевди жаман же жакшы деп айтууга болбойт. Ал өз милдетин колунан келишинче аткарууда. Эгер парламент аны ары-бери тепкилебей, Баш мыйзам боюнча эркине койсо өкмөт башчынын укугу президенттикинен да, парламенттикинен да 20-30 процентке чоң. Ошондуктан өз ишмердигин дагы көрсөтө алат деген ойдомун,-деп;

Максат Кунакунов:- Биз баары бир Бажы союзуна кире турган болгон соң өкмөт уктабай иштеши керек болчу. Бирок биз тарабынан эч кандай жумуш жасалган жок. Мурда Данияр Үсөновго “2” деген баа койсом, Сатыбалдиевге “1” деген баа коем,-деп;

Илим Карыпбеков:- Чын-чынында Бабановдой энергиялуу, чечкиндүү чечимдерди кабыл ала алган жок. Бирок убакыт көрсөткөндөй Жантөрө мырза өзүнүн тажырыйбасы жетиштүү экендигин, саясий олуттуу, тең салмактуу чечимдерди кабыл ала тургандыгын далилдеди деп ойлойм. “Кумтөр” боюнча абдан чоң админстративдик таасирге карабастан, депутаттардын, мезгилдин басымына туруштук берип, ушул маселе боюнча тайманбастан, өжөрлүү, туруктуу иш алып барып жатканына жакшы баа берем. Көп саясатчы бул кишинин ордунда мындай иш алып барышы күмөн болчу,-деп жооп берди.

“Айат” гезити: -“Азимбек Бекназаров Саруудагы митингде “15-январь 3-революциянын башталган күнү” деп жарыялады. Бизге революциянын кереги барбы?- деп суроо салды.

Депутат Нурбек Алымбеков:- Элдин тагдыры оюнчук эмес. 3-революциянын кереги жок. Бизге тынчтык керек,-деп,

Депутат Акуналы Досалиев:- Бекназаровду калк жакшы билет. Ушундай ызы-чууларда элди дүрбөтүп, өзүнө пайда тапкан адам. Айткан сөзү суу кечпейт. Врачка алып барып, текшертип алыш керек. Биз Жалал-Абадды кыдырып эл менен жолугуп келдик, элдин баары эле “мындай ызы-чууларды токтоткула!” деп жатат. Бекназаровго окшогондорду дагы түрмөгө олтургузуп, жазасын бериш керек,-деп;

Депутат Гүлнара Жамгырчиева:- Кыргызстан 3-революцияны көтөрө албайт,-деп;

Депутат Заирбек Жоошбеков:- Өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн көралбаган күчтөр революция кылууга аракет кылат. Туура бийликте кемчилик бар, бирок кемчилик кетип атат деп эле революция кылганга болбойт,-деп;

Депутат Эркинбек Алымбеков: - Эгер дагы революция жасасак, анда муну эч ким токтото албай калат. Кара ниет күчтөрдүн баары келип, чаң-будуң түшүп, ооган, тажик вариантына айланып, бири-бирибизди кырып, ошол бойдон тоо-таштарда атышып калышыбыз мүмкүн. 3-революция жасайбыз деп айтуу, буга аракет кылуу кыргыз элинин алдында чыккынчылык кылуу деп эсептейм,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG