Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Өндүрүш болбосо өлкө оңолбойт


“Мекен инфо” гезити депутат Абдумиталип Кочкорбаевдин айыл чарба өндүрүшүнүн көйгөйлүү маселесин көтөрүп чыккан маегине окурман көңүлүн бурду.

“Мекен инфо” гезити “Бет кызарткан ветеринария же “Чупакабра” чуулганы” аттуу макала жарыялап, анархия заманы келгени баарынан ветеринария тармагы кордукту колдон келишинче көргөнүн, байыртан эле “Медицина адамды дарыласа, ветеринария бүтүндөй адамзатты дарылайт” деген накыл кеп барын, бирок аны эстеген жан болбогонун, эми жакындан бери эле, тагыраак айтканда, “Бажы биримдигине киребиз” дегенден баштап ветеринария тууралуу көбүрөөк кеп кылып, ушул тармакты колго алуу үчүн Польша берген 40 млн. евронун 16 миллиону ветеринарияга бөлүнүп, 1-июлга чейин Кыргызстандагы төрт түлүктүн баары эмдөөдөн өтмөй болгонун белгиледи.

Гезит андан ары Кыргызстандын эт экспорту болгону 100-120 миң тоннаны түзөрүн, анын үстүнө Бажы биримдигиндеги Орусия менен Казакстан 2012-жылдан бери эпизоотикалык кырдаалга байланыштуу биздин өлкөдөн эт албай келатканын, демек малды такай дарылап, ветеринардык жактан кароодон өткөрүп туруу жагын колго албасак, “Бажыканадагы бажалар” Кыргызстанды “Бажы союзуна” башбактыра койбостугун эскертти.

Кыргызстандын кайра иштетүү тармагын чындап колго албаса Кыргызстан өнүкпөй тургандыгын айткан депутат Абдумиталип Кочкорбаевдин интервьюсу да ушул гезитте. Жаны кейиген депутат “Мамлекеттин саясаты айыл чарбасына артыкчылык берүү багытында болушу керек эле. Бүгүн Орусияга, Европага же Кытайга баруунун кереги жок. Интернетке олтуруп алып эле бизде мындай эт, мындай пахта өндүрүлөт, сапаты мындай” деп жазсак эле сатып алчулар өздөрү келет. Климаттык шарты бирдей болгон Өзбекстан буудайдан орто эсеп менен 60 центнерден түшүм алып атса, биз араң 20 центнерден алабыз. Керек болсо жер шартыбыз аныкынан да жакшыраак. Суунун мекенибиз. Бирок кенедей да уялып койбойбуз. Анткени иштин көзүн билбей, башаламан кетип жатабыз” деди.
Депутат Кочкорбаев маселени андан ары улантып, ушунча жылдан бери жалаң демократия куруп жаткан өлкө эл аралык стандартка жооп бере ала турган бир лаборатория куруп алганга алы келбегенин, демек биздин продукциянын сертификатын Батыш өлкөлөрү мындай кой, коңшу Казакстан жаратпай ыргытарын, бир нерсе кылалы дегенде эле чуу чыгарып, саясатташтырып жатып аларбызды, лаборатория куруп алалы деп инвестиция тартып келерибиз менен тонубузду аңтарасынан кийип ат үркүткөндөй тура калып чуу салып атып, куруп берели деген инвесторлорду кубалап чыгып, канча миң долларлык долбоордон куржалак калганыбызды, ошентип бизди алкай тургандар азайып, барган сайын каргай тургандар арбып баратканын, бажы биримдигине киргенден кийин андагы өлкөлөр өндүргөн продукциянын бааларынын баары окшош болорун, эгер ушул күндөн тартып кайра иштетүүчү өндүрүшүбүз болбосо биздин өлкө башкаларга чийки зат даярдап берген жумушчу күчүнө айланып каларыбызды, мурдагыдай эле “Бизге Кудай берет” деп жайылып жата берсек жайылган кирдей болуп кагырап, какшып кала берерибизди айтты.

“Мекен инфо” гезити муну менен бирге эле “Чупакабра” деген чуу чыгып, Кочкордо шашылыш штаб түзүлүп, аны Нарын облус губернаторунун орунбасары жетектеп, элүүдөн ашык жолбун иттерди аттырып жок кылып, мүрзө бүткөндү аралай чаап көздөн жаш агыза турган шашкилерди жардыртып, жоого кирип бараткандай ызы-чуу салып, аты-жыты белгисиз “чупакабра” дегенди катуу издеген түр көргөзүп жатканын, ал эми жазмакей сайттарда самындын көбүгүндөй көбүргөн маалыматтар биринин артынан бири самсаалап чыгып аткан менен андай башы бирде итке, бирде кенгуруга, бирде чочкого окшогон желмогузду атып же кармап, илимий жактан аныктаган бир дагы факты жоктугун, Орусиянын жамандык укса эле жата калып да, жаза калып да араң турган интернет булактары болсо мындай желмогуз “Эки революция чыккан Кыргызстандын Кочкор районунан чыкты” деп көзү менен көрүп тургансып дарегин Жер шарынын далай жерине чейин жайып жиберип жаланып туруп калганын жазды.

Буга улай тикенек тилдүү акын Темирбек Алымбеков “Чупакабра” дегенге атайылап ырын арнады минтип:
“Жакындан бери Кочкордо,
Чупакабра чуу чыкты.
Төркүн-төсүн билалбай,
Төбөлөрдөн буу чыкты.
Гүбүрнатыр дегени:
“Иттей экен башы” деп,
"Чөөдөй экен кашы” деп,
Ит атарын каптатып,
Иттин баарын аттырды.
“Окшобой жатат бирок” деп,
Отчетуна жаздырды.
Андан дагы бир кызык,
Көргөндөрдү таң кылып,
Көздөн жашты агызган,
Шашкилерин апкелип,
Көп мүрзөгө жардырып,
Арбактын баарын дүрбөттү.
Айтпас элем буларды,
Аргасыздан сүйлөттү.
“Жарылмасы түштү” деп,
“Жашабагыр тирүүлөр,
Жай жаткырбайт бизди” деп,
Ошончо арбак кепинин,
Сүйрөп чыкса кантебиз?
ОБОН болуп жолду бууп,
Сүйлөп чыкса кантебиз?, - деп жазды.
XS
SM
MD
LG