Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Качкандарды кечирбеген "каралар"


Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн үй. 23-октябрь
Алтынбек Итибаев өлтүрүлгөн үй. 23-октябрь

Бүгүнкү гезиттер Оштогу көпүрөнүн бүтүшү, парламент, укук коргоочулар тууралуу жазышты.

“Жаңы агым” гезити журналист Келдибек Назировдун “Кызматтык унаадан баш тарткан менен кызматтан баш тартпаган парламент” деген макаласын басты. Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин маеги “Итибаев кайненесинин үйүндө жашынып жаткан” деп аталып, Кыргызстандын тарыхында өтө коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качканы 1-жолу болуп жатканын, Алтынбек Итибаев жашынып жаткан квартира Итибаевдин жакын санаалашы, Сириядагы согушта каза болгон Кайрат Салиев дегендин аялынын энеси Эркингүл Мамбеталиевага таандык экенин, террорчулук уюмдун “салты” боюнча, эгер бирөөнүн күйөөсү каза болсо, ошол уюмга мүчө болгондордун бири үйлөнүшү керектигин, Итибаев 1-аялы менен ажырашып кетип, Лариса деген жесирге үйлөнүп алганын, кийин ал үчүнчү ирет Кайраттын жесири Нурсият дегенге да нике кыйдырганын, ушунун баарын милиция мурда эле көзөмөлгө алып жүргөнүн, бирок алар эч кандай шек билдирбегенин, ошол квартирага Итибаев түн ортосунда барганын, анын шериги курал-жарак менен камсыз кылганын, ар бир түрмөдөн качкандарды “смотрящийлер” көзөмөлдөп турарын, качып чыккан кылмышкерлер кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамын аттап, чектен чыгып кетишкенин, эми алар “каралардын” алдында жооп беришерин баяндап берди.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарындагы кошкабат көпүрөнүн ачылыш салтанатында сүйлөп “Ар бир жаран биримдикке көпүрө болууга тийиш” деген сөзүн жана Ош шаарынын күнү менен шаардыктарды куттуктоосун басты.

Гезиттен парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү жоопкерчилиги КСДПга тапшырылганын, милийсалар үчүн курулуп жаткан 207 квартиралуу үйгө мамлекеттик бюджеттен 460 млн. 560 миң сом бөлүнгөнүн, эл колдогон партиялар жана депутаттык кол тийбестик жөнүндө, ошондой эле улуу ырчы Мыскал тууралуу макалаларды, маектерди окуйсуздар.

“Фабула” гезитине карыя журналист Үсөн Касыбековдун “Республика-Ата Журттагы” паркур” деген макаласы жарык көрдү. Макалада шайлоодогу Бабановдун ойлоп тапкан айла-амалдары, “Жараткан кудайым урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!” деп карганууга мажбурлоосу, шайлоочулардын көзүнө чаң чачып, сымаптай мөлтүлдөгөнүн жана анын акыры эмне болгонун талдоого алды. Баратбай Аракеевдин макаласы “Өлүм жазасы” деп аталды.

Журналист Мирлан Алымбаевдин укук коргоочу Турсунбек Акундан алган маеги “Токтайым Үмөталиева качан болбосун жаман ишке аралашат” деген ат менен жарык көрдү. Турсунбек Акун бир кезде укук коргоочу деген жалгыз өзү эле болгонун, кийинкилер анын артынан келгенин, маселен Токтайым Үмөталиева тууралуу кеп кылып, Акаев Азимбек Бекназаровду каматыш үчүн Токтайымга акча берип, Токтайым Токтогулдан Букеева деген аялды таап келип, анысы маалымат жыйынын өткөрүп, Бекназаровду жамандаганын, Токтайым эми кылмышкерлерди коргоп чыкканын айтып чыкты.

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин маеги “Маданият министрлигин башка фракциялар эмес, КСДП алса” деген ат менен жарыяланды.

“Айбат” гезитине маек берген “Элдик сакчы” деп аталган элдик кошуундун лидери Алга Кылычев түрмөдөн качып чыгып баратып милийсаларды өлтүрүп кеткен террорчулар тууралуу кеп кылды. Жаза аткаруу кызматын Ички иштер министрилигинен бөлүп салуунун кесепети тийгенин, дагы бир жагдай дүйнөлүк практикада террорчу дегенди тирүү кармаган факт жоктугун, айрым акыл-эси ордунда эместер баш кесерлерге жан тартып чыкканын белгилеп, анда алар “Эмне үчүн Итибаев, Абдрахманов дегендер түрмө кызматкерлерин мыкаачылык менен кыйнашканын, керек болсо баштарына мык кагышкан деген сөздөр барын айтышпайт?” деп жаны кашайды.

“Де-факто” гезитинен “Кыргызстандын эл аралык деңгээлде кадыр-баркы өсүүдө” деген, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын “Жаңы шайланып келген депутаттардын 70 пайызынын кыңыр иштери бар” деген, Камчыбек Ташиев, Данияр Тербишалиев, Кубанычбек Кулматовго берилген суроолорду, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиеванын “Эмдиги жылы 100 мектеп салууну пландап жатабыз” деген маектерин, макалаларын окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын “Биримдиктин көпүрөсү” деген макала менен ачып, кечээ ордолуу Ош шаары өзүнүн 3015 жылдыгын белгилегенин, чоң концерт, “Алтын күз” деп аталган жармаңке, “Боорсок” деп аталган фестиваль өткөнүн, бир катар дарылоо жайлары менен скверлер ачылып, фейерверктер атылганын, айрыкча шаардыктарды кубандырган окуя – 265 метр узундуктагы, төрт катарлуу кошкабат жаңы көпүрө болгонун, президент Алмазбек Атамбаев адамдардын өз ара мамилелерин көпүрөгө салыштырып, “Көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жараны бири-бирине көпүрө болушу керек” деп айткан сөзүнө шилтеме кылды.

XS
SM
MD
LG