Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Ыйлаган аял, ириген коом


“Фабула” гезити бүгүнкү санына адамдын чачын тик тургузган айбандык окуяны жазып, кылмышкерлер алигиче жазаланбай жатканын кабарлады.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин жоголбогон коррупция тууралуу макаласын тартуулады. Мирлан Алымбаевдин сот жүрүшүнөн жазган макаласы “Садыркуловду өлтүргөндөр камалабы же?..” деген ат менен жарык көрдү. Эске салсак, Бишкек гарнизондук аскер соту Жаныш Бакиевдин орунбасары Нурлан Темирбаевди 14, Замир Молдошевди 5, Садык Бөрүбаевди 15, Марат Турдукуловду 15 жылга эркинен ажыраткан өкүмдү окуганын, маркум Медет Садыркуловдун иниси Болот Садыркулов бул чечимге канааттанбаганын, соттун жыйынтыгы баары бир акыйкат болбостугун мурда эле билгендигин билдирди.
Коомдун ирип-чирип баратканына каны кайнаган “Фабула” гезити Таласта мындан бир жыл мурда 31 жаштагы Калия Арабаеваны Кара-Буура районунун сот аткаруучу кызматкерлери Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев, Мукаш Кененсариевдер тапанча менен коркутуп, шылдыңдап, күчкө салып зордуктап, айбан баргыс иштерге барып кыйнап, таң аткыча эзип, аягында жаш келиндин үстүнө заара кылышканын, мына ушул төбө чачты тик тургузган тозоктон чыккан Калия келин президентке кат менен кайрылганын, жыйынтыгында Жогорку Сот үч кишисин кызматтан айдап тим болгонун, бирок ушул күнгө дейре аларга кылмыш иши козголо электигин, мамлекет жазалабай коюп, барган сайын бул өңдүү зөөкүрлөрдүн бейкүнөө адамдарга жасаган айбандыгы күчөгөндөн күчөп баратканын, ошондуктан ӨЛҮМ жазасын токтоосуз киргизүү мезгили жеткенин, жетмек турсун өтүп да кеткенин жазды.

“Де-факто” гезити аркылуу кыргыз элине кайрылган депутат Акматбек Келдибековдун сөзүндө: “Урматтуу алайлык туугандарым! Мени 6 ай бою каалагандай жамандашты. КТРК, ЭлТР, 5-канал жана бийликке кошоматчы гезиттер аркылуу таркатышты. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз мени жамандагандардын жүзүн убакыт өткөн сайын ордуна коюп келатат. Мен сиздердин кайратмандыгыңыздарды терең урматтайм. Ошондой эле азыркы учурда укук коргоо органдарынын жана бийликтин жасаган адилетсиздигине чыдабай, чындыкты талап кылып жол тосуп жатканыңыздарды түшүнүү менен кабыл алам. Ошол эле учурда байыртан ата-бабабыздан келе жаткан даанышмандыкты, сабырдуулукту эске алып кан жолду ачып коюңуздарды суранам” деп жазылган.

“Айбат” гезити бүгүнкү санын “Жалгыз депутаттын айынан жалпы алайлыктар кыйналууда” деген баштема менен ачып, депутат Ташболот Балтабаевдин “Жол тосуп, анан бетине чүмбөт кийип алып ызы-чуу салып аткандарга катуу чара көрүү керектигин, түшүндүрүп айтканга болбосо коменданттык саат киргизсе болорун айткан интервьюсун басты. Дамир Эсенгуловдун макаласында жолду буугандын айынан бюджетке күн сайын 11, 5 млн. сом, жеке ишкерлерге 50 млн. сом чыгаша апкелип атканын, Келдибековду жактагандардын бул жоругу биринчи кезекте алайлык туугандардын өздөрүнө жакпай жатканын, Алай, Чоң-Алай жана Араван райондорунун жашоочулары бийлик төбөлдөрүнө митингчилерге катуу чараларды көрүүсүн суранып жатышканын жазып чыкты. Мунун алдындагы макалада 4-июнь күнү 60тай мас адамдар беттерине кара чүмбөт тартынып алып, милиция кызматкерлерин кууп, опузалаганын, мындай жорук депутат Бөдөш Мамырованын да тынчын алып жатканын жазды.

“Алиби” гезити Бажы биримдигине карата ой-пикирлердин топтомун жарыя кылды. Мурдагы министр Эмил Үмөталиев Бажы биримдигине кирсек Орусияга келген сокку бизге да тиерин айтса, депутат Жусупали Исаев саясатка айландыра бербей союзга кирүү керектигин айтты. Депутат Надира Нарматова азырынча бажы союзу боюнча өкмөттөн канааттандырарлык жооп ала электигин билдирсе, депутат Каныбек Осмоналиев башка айла жоктугун, мисалы өзү жакшы билген билим тармагын так ошол Орусия жана Казакстан менен биргеликте жакшы жагына жылдырса болорун, андыктан Бажы союзуна кирүү маселесин колдой турганын билдирди.

“Жаңы агым” гезити “Чек ара жана газ маселеси”, “Сууктан мал кырылууда”, "Майлуу жер бош калбайт”, “Бажы биримдигине шашып кирип баратабыз”, “Азыркы алтындан эртеңки мөңгү”, “Аркы жээк менен берки жээктин куралына айланган эл”, “Айылдын абалы оңоло башталды”, “Түркияда Чыңгыздын үй музейи ачылды” деген макалаларды тартуу кылды.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Түрк дүйнөсүндө туризмди өнүктүрүүгө шарт бар” деген ат менен Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде сүйлөгөн сөзүн түшүндүрмө берүү менен жарыя кылды.
Өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин “Биометрикалык база өлкө коопсуздугу үчүн керек” деген сөзүн шилтеме кылган журналист Нарынкүл Назаралиева ал макаласында агрардык тармакка 4 млрд. сом жеңилдетилген кредит берилгенин, 31-августтан тартып жарандардын биометрикалык базасын түзүү иштери массалык түрдө башталарын, бул үчүн Австрия, Малайзия, Түркия, Иран, Франция, Америка, Германия жана башка 18 мамлекеттен 30га жакын компания тендерге катышуу үчүн сунуштарын беришкенин жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG