Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Моңолдордун демилгеси


“Көк асаба” гезити Теңир Тоодогу моңолдор уруусунун өкүлдөрү жакында Жалал-Абад, Ош тарапка барып, элди биримдикке, ынтымакка чакырып келгенин жазды.

“Мекен инфо” гезити майда маалыматтардан кийин журналист Темирбек Алымбековдун “Карайлаткан газ көйгөйү” деген макаласын жарыялады. Макалада газ маселесин чечебиз деген аракеттерден майнап чыкпаганын, Орусиянын колтугун көздөй ыктаган Кыргызстанды Өзбекстан кыртышы сүйбөй, газын көрсөтүп, бирок газы тургай ташын да бербей айланы кетирип келатканын, 97-жылы да ушундай болуп, андагы кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычын бууп жиберип, сугатка суусу жок калган коңшубуз колун бооруна ала чуркап келип газды дароо бере салганын, бирок күнүмдүгүн эмес, түбөлүгүн ойлогон өзбек туугандар ошондон тартып канчалаган суу сактагычтарды куруп, кыргыздан агып барган суулардын тамчысын коротпой топтой бергенин, атүгүл соолуп жаткан Арал деңизине да оңой менен суу чыгарбай, көз каранды болбой, сарамжалдык менен жашап келатканын кеп кылды.

Кабарчы андан аркы сөзүндө ошентип бул ирет да сууну бууйбуз деген опузадан олуттуу жыйынтык чыга койбостугун, алтургай Орусиянын Нарын дайрасына “Камбар Ата-1” ГЭСи баштаган бир катар ГЭСтерди курабыз деген Кыргызстанды деги эле уккусу, укмак тургай көрөйүн деген көзү жоктугун, эми үшүгөнгө шишиген болуп, чоңдорубуз кышында электр энергиясын Тажикстандан сатып алабыз деп колдорун ушалап турганын, андыктан кандай болгон күндө да белди бекем бууп, президент Алмазбек Атамбаев айткандай бизди сүйбөгөндөр менен сүйлөшөбүз деп көзүн карап жалдырагандан көрө “Камбар Ата-1” баштаган чоң да, майда да ГЭСтерди тезирээк куруп алуубуз аба менен суудай керектигин билдирди.
Гезит дагы бир чуусу бүтпөгөн “Кумтөр” маселесине кайрылып, улутташтыруу маселеси кайрадан көтөрүлө баштаганын маалымдады.

“Мекен инфо” гезити булар менен бирге эле өнөрпоз адамдардын чыгармачылыгы тууралуу жазып, таланттарыбыздын бири, көптөгөн ырлары эбак эле классикага айланып кеткен, кийинки кездери деңиздей терең күүлөрдү чыгара баштаган айтылуу Атайбек Бөдөшов менен маектешти. Атайбек чоң атасы Маша Аксыдагы чоң комузчулардын бири болгонун, Токтогул менен Алымкул “Акбаары” деген ырын Чоң атасы уулу Бөдөшкө той бергенде ырдаганын, үйүнөн Шекербек Шеркулов, Ормонбек Асанов, Токтосун Тыныбеков өңдүү эл шайырлары үзүлбөй келип-кетип турганын, Каныкей экөөнүн чыгармачылыгын кенен кеп кылды.

“Көк асаба” гезити Бугунун желдең уругунан чыккан айтылуу Карга Аке жөнүндө баяндап, а киши 110 жашка жете жашаганын, анын: “Алсыз басынат, арсыз чабылат, ала болсоң алдыңдагыны алдырасың, андыктан биримдикте, бир тилекте болуп, ырысыбызга буюрган жерибизди, азганакай чакан элибизди бириктирип, таштын уюлундай биригели. Бирлиги жок тирлик курусун. Чачкын болсок чабылабыз, бир балээге кабылабыз. Бүтүн болбосок бүлүнөбүз, санаасы бузуктарга бүгүлөбүз. Билегибиз башка болсо дагы тилегибиз бир болсун. Бытыраган мала бийлер болгонубуз биздин алсыздыгыбыз. Бир кишиге баш ийели. Жети өлчөйлү да, бир кесели. Ал үчүн жүрүмү түз, жүрөгү таза, калктын кадырына жеткен, кандай ишти болсо да калыстык менен чечкен, ар коктудагы кыргызды баш коштуруп бел кылган, баарын бир боор эл кылган, алысты көрө билген, адилеттүү, эки сүйлөбөгөн адамды башчы кылып алганыбыз оң. Коконго кошулсак кор болобуз, Кытайга кошулсак кыйноого кабылабыз, оруска кошулсак оңобуз, тынч жашай турган болобуз” деп айтканы азыр да маани-маңызын жогото электигин жазып чыкты.

“Теңир Тоо ынтымагы” коомунун жооптуу катчысы Ишенбек Осмонов “Көк асаба” гезитиндеги макаласын “Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бекемделген туугандашуу” деп атап, эзелтен келаткан элдик дипломатиянын салтын улап, түндүк аймактагы моңолдор уруусунун өкүлдөрү жакында Жалал-Абад, Ош дубандарына барып, буга чейин түндүк-түштүк элинин ынтымагын бузуп, чагымчылдык кылып келгендердин арам ойлоруна бөгөт койгонун, жакшы иштерди жасап жаткандар менен таанышып кубанганын, мисалы Кетмен-Төбөнүн Ичке-Сай айлынын тургуну Рахат Бекташовдун жасаган жакшы ишин жалпы Кыргызстанга жайылтып үлгү кылса болорун, башкаларга окшоп бай болбосо дагы 30 миллиондон ашуун акча жумшап, айылдыктар үчүн 3 кабат имарат куруп бергенин, мунун ичинде китепкана, 300 кишилик клуб менен айыл өкмөтү жайгашканын, төрт жылда куруп берип, төшүн какпай эле жашап келатканын кубанып баяндады. Түштүктө чогулган моңолдор уруусу, эзелтеден элдин уюткусу катары, митинг-пикетке чыгууну, жолду тосууну токтотуп, улуттун саламаттыгын сактоо үчүн арак ичүүдөн баш тартарын жана башка урууларды да ушуга кошулууга үндөөнү кабыл алмак болгонун белгиледи.
XS
SM
MD
LG