Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Ташиевдин кадамы досторун дел кылды


Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. 19-июнь, 2013
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. 19-июнь, 2013

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин коррупция тууралуу кезектеги ачуу макаласын окурмандарга тартуулады.

“Айбат” гезити Камчыбек Ташиев өткөн-кеткен каталыктарынын баарын мойнуна алып НТС телеканалы аркылуу элден жана бийликтен кечирим сураганын, Ташиев муну менен бирге эле “президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн колдошубуз керек, коррупцияга аралашкан, мамлекетке чындап зыян келтирген адам болсо ал сөзсүз жазасын тартыш керек” деп сүйлөдү деп жазып чыкты.

“Алиби” гезити мурдагы депутат Эркин Алымбековдун маегине орун берди. Ал эл ичинде мөөнөтсүз шайлоо болот экен деген сөз барын, ошондуктан бийлик парламенттик шайлоону мыйзамдуу жол менен эле өз мөөнөтүндө өткөрсө жакшы болорун айтты.

Ушу эле сандагы маегинде дагы бир саясатчы Садыр Жапаров интернет булактарында “Ташиев бийлик тарапка өтө качты” деген кабар желдей тарап атканына жооп берип, ушул маалыматты угуп алып ишенер-ишенбесин билбей турганын, андыктан азыр андай-мындай деп түшүндүрмө бере албастыгын айтты.

Журналист Барктабас Белековдун “Манас” эпосу жана Жусуп Мамай” аттуу баяны жарыяланууда.

“Жаңы агым” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Өкмөт өлүмтүгүн кантип артууда?” деген жана “Партиялардын маанайы, капчыгы, шайлоого шансы” деген макалаларын жарыялады. Автор шайлоого арналган макаласында КСДП биринчи кезекте тизмесиндеги ишкерлердин акчасына жана мамлекеттик майлуу ишканалардын көмүскө кирешесине таянышы мүмкүндүгүн, ал эми “Ата-Журт” партиясындагылардын катарында деле кадыр-барктуу дегендер калбаганын, демек бул партия да эмдиги шайлоодо марага жетпей калышы толук ыктымалдыгын, “Республика” партиясы менен “Ар-намыс” партиясы саясий жактан банкрот болгонун баяндоо менен булардан башка партияларга гезиттин кийинки санында талдоо жүргүзө тургандыгына токтолду.

“Жаңы агымда” Бишкектин троллейбус паркында слесардыктан баштап парктын башчылыгына чейин өсүп жетип, кийин белинен операция болуп эки буту жакшы кыймылдабай калган, бирок эркинин күчтүүлүгүнөн тагдырга моюн сунбаган Мурат Үмөтовдун турмуштун оор соккусунан кийин адамдын жан дүйнөсү кантип өзгөрөрүн кеп кылган кызыктуу маеги басылды.

“Фабула” гезити бүгүнкү санындагы макаласын Баратбай Аракеев “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп атап, ал Акаевдин тушунда көчөт болуп көктөп, көз-ачып жумганча гүлдөп-бүрдөп олтуруп коко тикенге айланган коррупцияны жана анын алдына да, артына да суу куюп жүрүп гүлдөткөн адамдарды тизмеледи. Тизме Апас Жумагуловдон башталып...аягы Кубанычбек Жумалиев, Тургунбек Кулмурзаев менен бүтөт. Аракеев андан ары Акаев уругун чачып баса берген коррупциянын классикалык түрү андан ары Бакиевдин тушунда дүркүрөп өнүккөнүн жазып, Бакиевдин тушундагы коррупционерлердин тизмеси Үсөн Сыдыков, Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков менен башталганын санады. Ал эми бүгүнкү бийликтин коррупция менен күрөшөм деген аракети өтө эле алсыз болуп жатканын, таштандылардын арасынан арс чычкандар чуркап чыккандай эле, кайсыл чоң-кичине мекемеге барбагын эшигин ачкан эле жерден адегенде оозун араандай ачкан коррупция алдыңдан тосуп, коррупционерлер болсо аркы-терки чуркап жүрөрүн кашайта жазды.

“Де-факто” гезитине өлкөнүн 1-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин “Коррупция менен күрөштүн алгачкы жыйынтыгында дыйкандар 550 млн. сом үнөмдөштү” деген аталыштагы интервьюсу жарык көрдү. Тайырбек Сарпашев айыл чарбасындагы абал, биометриялык базаны түзүү жагдайы, бажы биримдиги жана башка маселелер тууралуу суроолорго жообун берди. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономикалык абал жаман эместигин, 4-5 проценттик өсүш менен баратканыбызды айтты.

“Кыргыз туусу” гезити Улуттук университеттин филология факультетинин студенти Орозгүл Койчуман кызынын “Кыргыз өлсө өтө эле кымбат өлөт” деп аталган макаласын окурмандарга тартуулады. “Ашыкча чыгымдарды токтотууга болобу?”деп суроо койгон автор жакындары өлгөн кыргыз сөөктү көмүүгө кетчү чыгымдын баарын көтөрүп, акырында карызга белчесинен батып, төлөй албай сызга минип калгандары жүздөп саналарын, ал эми башка элдер кыргыздарга окшоп сөөк чыккан үйдү эки-үч күндөп басып жатып албастыгын, кыргыздардын өлүк коюсу да тойго айланып калганын, кокус чоң кызматта иштеген бирөөнүн жакыны каза болсо кошомат кылып кошумча жыйнамай адаттан да арылбай келатканыбызды кеп кылды. Үстү-үстүнө союлган мал, кийилбеген кийиттер, айрым жерлерде бүтүн кездемени бүлдүрүп жыртыш таратмай токтоло электигин, шаар жерлеринде сөөк койчу жайды сатып алуу бизнеске айланса, маркумдардын бейиттери күмбөздөргө, күмбөздөр болсо жер-сууга батпаган өзүнчө эле бир тири шумдук шаарчаларга айланып баратканын баяндады.

XS
SM
MD
LG