Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Келдибеков качкын макамын алабы?


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

“Фабула” гезити коррупцияга каршы күрөш кылмышкер айыбы тагылып, кесилгендерди абактан бошотуу менен коштолуп жатканын жазды.

“Фабула” гезити 2013-жылдын 25-июнунда жалган документ жасап, алдамчылык кылган деген айып менен 9 жылга эркинен ажыратылган Элдар Мадылбеков эки жума мурда абактан бошогонун, депутат Туратбек Мадылбековго кайрылганда уулу үлгүлүү жүрүш-турушуна байланыштуу Ленин райсотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошогонун айтты деп, Максим Бакиевдин жакыны катары аны менен колтукташ иштеген, кийин Бакиевдер качкан соң Геология жана жер ресурстары боюнча агенттикти жетектеп туруп 5 жылга соттолуп кеткен Учкунбек Ташбаев 12-августта Биринчи май райсоту тарабынан үй камагына чыгарылды деп жазды. Автор "Ак экенин аныктоо үчүн ар кайсыл шылтоону айтып сотко келбей жүрүп, акыры Акматбек Келдибеков өлкөдөн чыгып кетти" деп да күйүп-бышты. Стамбул аркылуу Малайзияны көздөй зуу койгонун чекарачылар айтышат. “Акматбек Келдибеков кайра келет” дегенге келесоолор эле ишенбесе, эл ишенген жок. Акматбек АКШдан башпаанек сурап, саясий качкын статусун алууга даярданып жатканын “Фабула” гезитиндегилер эрте жазда эле уккан болчу деп, ошентип коррупцияга каршы күрөштүн жаназасы соттор тарабынан окулуп, бийликтин жасаган ишинин улам бирин жерге тирүүлөй көөмп жатат, коррупция менен шектелгендердин дээрлик баары эчтемке ичип-жебеген, эч кандай кылмыш кылбаган сүттөн ак, периштеден таза болуп бошоп чыгууда, бир гана Түлеев калды" деп жазды.

“Алиби” гезитине Канышай Мамыркулованын “Батька Бакиевге берген ордендин сыры менен чыры” деген макаласы, Жалал-Абаддын жакында эле кызматынан алынган башчысы Жусупжан Жээнбековдун “Мен турганда “Ата Мекен” шайлоодо Жалал-Абаддан добуш ала албайт” деген, маданият жана маалымат министри Камила Талиеванын “Менде карөзгөйлүк жок, бетке айтам, ачуум бат тарайт” деген интервьюлары жарык көрдү. Буга улай эле депутат Туратбек Мадылбековдун "Кыргызстанда чиновниктерден түзүлгөн ОПГлар (кыргызча Уюшкан кылмыштуу топ) бар" деген, экономист Айылчы Сарыбаевдин Бажы союзу, Орусия алакасы тууралуу маектери да басылды.

“Де-факто” гезити депутаттар Асия Сасыкбаеванын, Каныбек Иманалиевдин, Төрөбай Зулпукаровдун, мурдагы министр Акылбек Жапаровдун, “Улут ордо” кыймылынын лидери Рустам Мамановдун интервьюларын окурмандарга тартуулады.

“Тил жана маданият” гезити депутат Жылдызкан Жолдошеванын “Эң күчтүү маданият адамдары элеттен чыккан” деген маегин депутаттын сүрөттөрү менен жарыя кылды. Ушул эле санда Ысык-Көлдө өткөн төкмө акындардын республикалык айтышын баяндаган макаланы да окуйсуздар.

“Жаңы агым” гезити “Кымбатчылыкта кантип күн көрүп жатасыз?” деген баштема менен бир катар адамдарга кайрылып, алардын ой-пикирлерин топтоп, окурмандарга тартуу кылды. Журналист Тынчтык Алтымышев даярдаган бетте эки макала бар. Бири “Сот Ак үйдү карайт, Акүй алакан жаят” деп аталса, бири “Кыш келатат кыргызбай, кыймылдачы?” деп аталды. Биринчисинде, абакта жаткан Нариман Түлеев жөнүндө сөз кылып, ага коюлган кылмыш иши, андан кийин мэр болуп соттон акталган Иса Өмүркуловдун кылмыш иши менен коендой окшоштугун таап алып, бири бошоп, бири абакта жатканына таң калды.

“Айбат” гезити “Бахадыр Сулейманов коррупциялык иш-аракеттери үчүн качан жооп берет?” деген макалага улай депутат Акуналы Досалиевдин “Митинг-пикеттер жаш мамлекетибизди бутка чаап атат” деген, кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Саясатчылар акча берип элди митингге чыгарып көндүрүп коюшту” деген чакан маектери менен окурмандарын тааныштырды. “Наргозуев менен Келдибековдун айтышы” деген баштеманын алдындагы кайым айтыш саясатчы Бегалы Наргозуев менен белгилүү журналист Азизбек Келдибековго таандык.

“Кыргыз Туусу” гезити “Энергетикалык өнүгүү - элибиздин эртеңин аныктайт” деген баш теманын алдында гезит кабарчысы Назарбек Байжигитовдун Датка-Кеминди курулуудан, электр экспорту көбөйөт” деген макаласын, “Энергетика элге иштесин” деген ат менен Теңир-Тоо элинин президентке, спикер Жээнбековго, өкмөт башчысы Оторбаевге, КСДП фракциясынын төрагасы Турсунбековго кайрылуусун чыгарды. Кайрылууда электр энергиясына байланыштуу бир топ жүйөлүү маселелер козголуп, ал көйгөйлөрдү аткаруу талабы коюлду.

Журналист Азимжан Ибраимовдун макаласы “Чектен чыккандыкпы же чек ара бузулгандыкпы?” деп аталды.

XS
SM
MD
LG