Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Эски машине ташыгандар эсепсиз чыгым тартабы?


Кыргызстан. Бишкек.
Кыргызстан. Бишкек.

“Фабула” гезити экономика министри Темир Сариевдин интервьюсун окурмандарга тартуулады.

“Алиби” гезити Чыныбек Ажыбековдун “Орун алмашуудан эмне өзгөрөт?” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Ошондой эле депутат Надира Нарматованын “Башкаруу системасын алмаштырып, ар бир министрликтин функциясын, милдетин такташыбыз керек” деген интервьюсун тартуулады.

Ушул эле санда кинорежиссер Садык Шернияздын маеги “Саке, Саке дегендердин эки жүздүүлүгүнө тан бердим” деп аталып, анын маданият министри болоюн деген ою болбогондугун, бирок Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, Муратбек Бегалиев, Кайыргүл Сартбаева, Акылбек Абдыкалыков баш болгон ондон ашуун аксакалдар “акыйкат конкурс, катыш” дешкенинен катышканын, бирок конкурска бир саат калганда аны тизмеден чийип салышканын, конкурс болбой эле жөн эле шоу болуп калганын, маданиятты көтөрөбүз деп сүйлөгөн депутаттардын эки жүздүүлүгүнө тан бергенин айтты. Садык Шернияз маданиятка келген жаңы министрге токтолуп, Алтынбек Максүтовду жакшы билерин, өсчү жигит экенин, аны менен үч саат сүйлөшкөнүн, акыл-кеңешин айтканын билдирди. “Курманжан датка” фильми жөнүндө кеп кылып, ушу күнгө чейин аны 100 миң киши көргөнүн, арасында сегиз жолу көргөндөр болгонун, каармандарды бүгүнкү күндүн мыкты актерлору ойногонун, маданиятка 15 жыл кызмат кылса, сегиз жылын киного арнаганын, бирок бир киночу досу “Сен маданиятка эмне кылып койдуң?” деп сураганын, ошондон кийин кино тартып киргенин, эң өкүнүчтүүсү уюштуруучулук таланты бар адамды дайым эле сыйлай албаганыбызды, анткени Садык Шернияз уюштуруучулук талантын кино тарткандан да бийик коерун белгиледи.

“Фабула” гезити депутат Турсунбай Бакир уулунун “Анарбек Калматов вице-премьер, Абдрахман Маматалиев финансы министри болмок” деп аталган маегине орун берди. Депутат өлкөдөгү кадр маселесине токтолуп, “Камила Талиеванын министр болуп иштегенине чындыгында канааттанчумун, көптөр билбейт, Камила Талиева элге билгизбегени менен бир топ иштерди аткарган” деп айтты. Депутат андан ары министрлердин жумшагы Абдылда Суранчиев болгонун, Мелис Турганбаев андай эместигин, Мелистен эл эмес, кылмышкерлер коркуп турса деген тилеги барын билдирди.

“Бажы биримдигине кирүү биздин тандоо болду”. Ушундай ат менен экономика министри Темир Сариев интервью берип, убагында президент Атамбаев Путин менен сүйлөшүп, Орусиядан келип жаткан күйүүчү майларга болгон бажы алымын (пошлина) алдырганын, анткени Орусия менен келишим жоктугун, мамлекет башчысынын сүйлөшүүсү менен гана ГСМди бажы төлөмү жок арзан апкелип атышканын, кокус Бажы биримдигине кирбей калсак эле эртеси экспорттук алымды киргизерин айтты. Министр Темир Сариев андан ары Бажы биримдигин бурмалап түшүндүрүп жаткандарга гезит аркылуу ачыгын айтарын, Бажы биримдигине кирсек, сыртка сатуучу товарлар менен продукциянын саны эмес сапатына көңүл бурула тургандыгын, андыктан кайра иштетүүгө, саны эмес сапатына өзгөчө басым жасаларын кеп кылуу менен мындан ары сырттан эски машиналарды алып келүү пайдасыз болуп каларын, анткени канчалык эски болсо бажы алымы ошончо кымбат болорун белгиледи.

“Фабуланын” ушул эле санына Маданият министрлигине талапкер Алтынбек Максүтов “Министр болоюн” деген оюм жок болчу” деп интервью берди. Самара Токтакунова, Анарбек Ибраев өңдүү 30га жакын өнөр адамдары ат салышып көр деп суранышканын, анан күчүн сынап көргүсү келип катышканын, анан Кудайдын сыноосу ага түшкөнүн, эми өзүнүн чыгармачыл тобу менен кеңешип туруп өз программасын сунуш кыла турганын баяндады.

“Кыргыз туусу” гезити өзүнүн 90 жылдыгына 45 күн калганын, аны жалпы улуттук майрам катары өткөрүү үчүн өкмөттүн буйругу чыкканын жана уюштуруу комитети түзүлгөнүн, эми мекенчилдик сезими козголуп, демөөрчүлүк кылгысы келген бардык мекеме-ишканаларды жана жеке адамдарды кызматташууга чакырарын кабарлады.

Гезит андан ары Мамлекеттик тил мыйзамынын 25 жылдыгына байланыштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орунбасары Алмаз Кулматовдун “Ар бир муундун өз миссиясы бар” деген макаласын басты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG