Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Эрте тургандар эле элчиликке барабы?


“Айбат” гезити курултайчы Мавлян Аскарбековдун демөөрчүсү Равшан Жээнбеков экенин жазып чыкты.

“Айбат” гезити өлкөдө курултай, митинг, пикет өткөрүү дегендер да бизнестин бир түрүнө айланганын, кол жоорутуп, маңдай тери менен иштегенди каалабагандардын баары эле митинг, пикет, курултай өткөрө коет элем дей баштаарын, азыркы күндө бийликти колунан келишинче шыбап, элге баатыр болуп көрүнгүсү келип сын айтып жүргөндөрдүн баары эле кайсы бир партиянын же кыймылдын лидери болуп чыга келерин жазып чыкты.

“Фабула” гезитиндеги макаласында журналист Баратбай Аракеев азыр мамлекеттик деңгээлдеги кызматта иштөөнүн үлгүсүн көрсөткөн аялзатынан Роза Отунбаеваны мисалга тартса болорун, бул айым баскан жолу, жасаган иши менен ар дайым эскерип турууга татыктуу экенин, өмүрү бычак мизинде, кылдын учунда тургандыгына карабай депутат кезинде Бакиевдерди жана бакиевчилерди тайманбай сындап келгенин, бүгүн анын эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын унутууга да, моюнга албай кол шилтеп коюуга да мүмкүн эместигин, ал келерки шайлоого катышып, депутат болуп келип спикерликке шайланса да жакшы болорун кенен кеп кылды. Баратбай Аракеев андан ары Отунбаевадай эле кызмат өтөп берчү аялдардын дагы бири Догдургүл Кендирбаева болуп саналарын, ушундай айымды болбогон бир шылтоо менен кызматтан алып салганы министр Канат Садыков менен андан чоң аткаминер Элвира Сариеванын өтө катуу жаңылыштыгы болгонун белгиледи.

“Алиби” гезити Айжамал Туратбекованын “Эрте турган адам эле элчиликке жарай береби?” деген макаласын жарыялады. Анда “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев партиялашы Кылыч Султановду дипломатиялык билиминин жоктугуна, чет тилдерди билбегенине карабай туруп Малайзияга элчи кылдырганын сынга алды. Ушул эле гезитке берген интервьюсун генерал саясатчы Артур Медетбеков “Кокус бийликтин сасык оюндары аралашса, диндин да кадыры кетет” деп атады. Журналист Канышай Мамыркулованын макаласы “Тезектен чыккан чырдын аягы көрүнбөйт” деген ат менен жарык көрдү.

“Де-факто” гезитине өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин “Кышында ар бир аймак электр энергиясына бөлүнгөн лимиттен ашык колдонбосо электр жарыгы өчпөйт” деп интервью берди.

“Жаңы агым” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Этибиз сатылбаса, жашылчабыз өтпөсө, кантип өнүгөбүз?” деген макаласын тартуулап, бийлик “Бажы биримдигине киргенде дыйкандар менен фермерлер азык-түлүктөрүн Орусия, Казакстан, Белоруска экспорттоп, ири кирешеге ээ болот” деп какшап келатканын, бирок азыркы шартта бул айткандар жөн эле ыйлап аткан баланы сооротконго тете экенин, анткени эт менен сүттү, жашылча- жемишти экспорттоо үчүн алды менен анын сапатына көңүл буруу башкы маселе болоруна көңүл бурду. Бажы биримдигине киребиз деген менен өлкөнүн даярдыгы шайма-шай эместигин, ошондуктан кирерибиз менен эле мал этин, жашылча-жемиштерди массалык түрдө сата албастыгыбызды жазып, анын себептерине кенен токтолду.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргыз тили - мамлекттүлүгүбүздүн белгиси” деген теманын алдында ой-пикирлердин топтомун тартуу кылды. Назарбек Байжигитовдун макаласы “Отунду азыр албагандар кышында кантишет?” деп аталды.

Балыкчы шаарынын социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Гүлсара Барыктабасованын “Кардарларга аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз” деп аталган баяны да “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санында.

XS
SM
MD
LG