Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Куру убада коштогон үгүттөн кутулдук


Кыргызстан шайлоо. 4-октябрь, 2015-жыл
Кыргызстан шайлоо. 4-октябрь, 2015-жыл

Кыргызстандагы гезиттер шайлоо жана анын жыйынтыктары тууралуу жазышты.

“Кыргызстанда биринчи жолу Жогорку Кеңешке шайлоо заманбап технология, жарандардын аты-жөнүн ошол замат аныктап жана эсебин дароо чыгара турган урналар колдонулду” деп бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити жазса, “Фабула” гезити “Кыргызстан үчүн тарыхый күн болду. Таза шайлоо өткөрүү боюнча менин кыялым ишке ашты” деген президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен бүгүнкү санын ачты. “Фабула” гезити андан ары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын болжолдуу курамынын тизмесин жарыя кылды. Сиздер андан кайсы партиядан кимдер тизмеге илингендигин окусаңыздар болот.

Эми гезит бетиндеги макалаларды санай кетели. “Фабула” “Кыргызстандын өнүгүүсү Бабанов менен болбойт, Балким Орусиянын дагы бир облусуна 400 млн. долларлык дагы бир заводун куруп жүрбөсүн” деп, “Исаковдун ичи катуу ачышты, анын айылдашы Абдыманап Кутушев үчүн Сопу-Коргон айылы 45 процент добуш берсе, алайлык шайлоочулар 35 процент добуш берип, Алайдан аттангандардын арасынан 1-болду” деп, “Адахан Мадумаров менен Аскар Салымбеков бириккен партия бардыгы 77 миңден ашык добуш алышса да 4 миң добуш алган Исмаил Исаков сыяктуулар шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз деп кыйкырып чыгышпады. Мадумаров 2010-жылы митинг уюштурган эмес, бирок Адахан мырза 7-апрелде шейит кеткендер тууралуу пикирин өзгөртүп, алардын арбактарына шек келтирбегенде бул жолу жеңишке жетишмек. Себеби, Мекен үчүн жанын кыйган адамдарды Ак үйгө кол салган жырткычтарга салыштырганы көпчүлүккө жакпай калган, ал тургай шейит кеткен балдардын үй-бүлөлөрү, жакындары жана жалпы эле революцияга катышып, үй-бүлөлүк канкор бийликти кулатууга салым кошкон миңдеген адамдардын Мадумаровду көрмөк түргай атын да уккусу келбей калган” деп, “Эл эмнеден кутулду? 14 партиянын бир айлык кооз, калп сөздөргө шыкалган куру убадаларына жык толгон үгүтүнөн кутулду” деп жазды. Аталган гезит ошондой эле бул ирет Феликс Кулов, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева, Надира Нарматова жана башка саясатчылар келбегени менен алардын ордуна Бабанов, Чудинов, Кубанычбек Жумалиев, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Зулушев, Бакчиев, Исаева, Камчыбек Жолдошбаев, Пирматов, Масалиев, Нифадьев сыяктуулар келгенин кошумчалады.

Ушул эле “Фабулада” Баратбай Аракеевдин “Коррупция артка кайтпайт, артта туңгуюк” деген макаласы жарык көрдү. Автор коррупция тууралуу буга чейин жүздөн ашуун макала жазып, айткан-деген курч сөзү менен аёосуз күрөшүп келатканын да айта кетели.

Гезит дагы бир макаласында “4-октябрда Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй таза, ачык-айкын, мыйзамдуу парламенттик шайлоо өттү. Ага ар бирибиз күбө болдук. Азырынча мындай деңгээлде ачык-айкын, демократиялык шайлоо өткөрүү КМШ мамлекеттеринин биринде да боло элек. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет, эл алдындагы өз милдетин ак өтөп, кийинкиге сабак, мыкты үлгү боло турган зор иштин өтөсүнө чыкты” деп жазды.

“Вечерний Бишкек” гезити да бул санын Атамбаевдин “Адамдар өмүрлөрүн таза шайлоо үчүн беришкен” деген сөзү менен ачып, президент элге, элдин ичиндеги журналисттерге кайрылган сөзүндө эгер 2010-жылдын 7-апрели болбогондо, бүгүн кандуу диктатурада жашап жатмагыбызды айтуу менен журналисттер Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүн, Сыргак Абдылдаевдин чала өлүк болгуча бычакталышын, бир канча журналисттердин баш калкалап Мекенинен качып кеткенин эске салганын жазып чыкты. “Вечерка” ошондой эле “татыктуу шайлоо болду” деген макаласында шайлоонун жүрүшүн, кимдер канча добуш алганын маалымдады.

Журналист Элвира Темир “Алтоо жеңип, калгандары сыртта калды” деген макаласында шайлоого катышкан аты-жыты белгилүү партиялар жана талапкерлер жөнүндө сөз кылып, баарынан да “Ата Мекен” партиясынын эң арты болуп өткөндүгү дасыккан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин өзүн баарынан кыйын сезген дымагына катуу сокку урганын, Текебаев мындай болорун күтпөгөнүн, бирок ушундай болгонун, эл деген баарына тараза экендигин, эми кандай болгон күндө дагы турмуш деген бир орунга туруп албастыгын, алдыда жашоо, өлкө тарыхынын жаңы барактары жазыларын, аман болсок кызыктын баарын дагы көрөрүбүздү баяндады.

XS
SM
MD
LG