Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кутушевдин купуя сыры


Абдыманап Кутушев
Абдыманап Кутушев

Аптанын аягындагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

“Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы кара так”. Аксы окуясын эскерген Наралы Асанбаевдин бул макаласында Боспиектеги кандуу окуяны, ОМОНдордун элди атканы, өлгөндөрдү КамАЗга жүктөп алып Кербенге алып барганын, бир тууган агасы Советбектен ушул каргашада ажыраганын, кийин элден кечирим сурап келген Акаевдин колун кармап алып баласы окко учкан Камакян апанын “Жесир калган келиндерди эми сен аласың! Балдары менен кошо багасың!” деп айтканын, кемпирдин карышып калган колун Акаевдин колунан жансакчылары араң дегенде чыгарышканын, азыркы президент Алмазбек Атамбаев да 2002-жылы Аксыга келип, "Аксылыктар болбосо мен Кыргызстанга келе албайт болчумун, мени Акаев куугунтуктап, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгом” деп айткан сөзүн кайрадан эске салды. Тенти Орокчиевдин “Исках Раззаков” деген, “Мелис Турганбаевдин эч кандай күнөөсү жок” деген макалаларды, Мурзапар Үсөндүн Баткенден чыккан Токтогул ырчы жөнүндө иликтөөсүн, Наралы Асанбаевдин “Оппозиция эмес, Атамбаев өзү кан көксөп жатабы?” деген макаласын, саясатчы Жусупжан Жээнбековдун маегин жана башкаларды сиздер ушул “Жаңы ордо” гезитинен окуйсуздар.

Үсөн Касыбеков “Айдаганы эки эчки ышкырыгы таш жарат” аттуу макаласында орусиялык белгилүү саясий эксперт Аркадий Дубнов: “Президент Атамбаев эмоционалдуулугу жана бетке айткан ачыктыгы менен белгилүү, кай бир учурларда саясий сыпайгерчиликти сактай бербеген, болгонун болгондой айтканы анын артыкчылыгы”, деп мүнөздөгөнүн мисалга тартып, азыр өлкөдөгү кырдаалды өз кызыкчылыктары үчүн бузуп-жарып, бүлүк салууну көздөгөндөр четтен чыгарын, бирок эл аларды колдобой тургандыгын, төңкөрүш жасагысы келгендер оппозиция эмес, эл душмандары болуп саналарын бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезитине жазып чыкты.

“Эркин тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган” деп кечээ күнкү Аксынын Боспиегинде калың элдин алдында сүйлөгөн сөзүн толугу менен жарыялады.

“Адилеттик, эркиндик деп өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылабыз. Аксылыктарды колдоп, ачкачылык жарыялап каза тапкан бишкектик Шералы Назаркуловду эскеребиз. Жаткан жерлери жаннатта болсун!” деп айткан президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абаддын Аксы районундагы Боспиек айлында бийликтин огунан курман болгондордун эстелигинин алдында сүйлөгөн сөздөрүн “Кыргыз туусу” гезити да жазып чыкты.

“Супер-инфо” гезитине тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “Ажонун тегин иликтөөгө эки жыл короттум” деген маеги басылды.

Адабий сынчы Кадыркул Даутовдун сандан-санга жарыяланып келаткан “Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы” деген эмгеги Эл акыны Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгына арналууда. “Нооруз ислам динине чейинки майрам” аттуу макала бар. Кайыргүл Молдалиеванын сүрөттүү баяны Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу актриса Жамал Сейдакматованын өнөрүнө арналды. Буларды сиздер “Де-факто” гезитинен окуй аласыздар.

Үркүнгө арналган жүз сүрөт тартылып жатканын журналист Жамиля Нурмамбетова жазып берди. Ырчы Надира Токонова Добр деген ырчы үйлөнгөндө ооруп калганын жазып чыкты. Сиздер булардан тышкары “Өкмөттө ар-намыс деген барбы?” деген, “Сариевдин сактыгы” деген, “Өкмөт башчы болууну Шадиев да каалайт” деген, “Кутушевдин купуя сыры” деген, “Саан уйду саткысы келген өкмөт” деген, “Оозунан от бүрккөн Бектур Асанов” деген кабарлар менен таанышасыздар. Өткөндө Таласта көр казып алып президентке ачуу сөздөрдү айткан таластык жигит Дуулат Турдуналиев бул ирет Жерүй алтын кенине байланыштуу өткөн жыйында сөз сүйлөп, бүгүнкү бийлик эл менен эсептешип жатканын, оппозициянын митингдерин колдобостугун, үчүнчү жолу бийликти алмаштырууга негиз жок экендигин белгилеп: “Эртеби-кечпи Азимбек Бекназаров жооп берет. Мени ал Оштогу митингине чакырган. Мен барбайм. Аксыда адамдар өлдү. Эки жолу Башкы прокуратураны жетектеди, ишинин жыйынтыгы жок. Революция болот экен деп атышат. Биз андайга жол бербейбиз” деп айтты. Буларды сиздер бүгүн жарык көргөн “Жаңы агым” гезитинен окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG