Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Абакты айланчыктаган аялдар


Аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын теңине жакынын эки же андан көп жолу соттолгондор түзөт.

Кыз-келиндерди улам абакка түрткөн жагдайлар эмне? Жашоодо жаза басып соттолгон аялдарды абактан чыккан соң коом өгөйлөбөй кабыл алууга даярбы? "Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.

37 жаштагы Наргиза (аты өзгөртүлдү) алтынчы жолу соттолду. Жарым жыл гана эркиндикте жүргөн Наргиза бул жолу "Алдамчылык" беренеси менен айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган.

- Кармалганыма алты ай болду, абакка кечээ келдим, - дейт ал. - Мен алдаган эмесмин, менден бир аял акча алган, көп деле эмес, 35 миң сом. 3-4 жолу барсам “бербейм, эмне кылсаң ошону кыл” дегенде уруша кеттик. Чыр ошондон чыкты. Күнөөм деле жок, мага "алдамчылык" деп жазып коюшту. Мурда да соттолгом. Бул алтынчы жолу соттолушум.

Аялдар түрмөсү.
Аялдар түрмөсү.

Наргиза алгач "Уурулук" беренеси менен айыпталып соттолгондо болгону 18 жашта болчу. Андан бери түрмөгө "Тоноо" жана "Алдамчылык" беренелери менен түшкөн. Жалгыз кызын бир жашынан бери апасы тарбиялап, өстүрүп келет.

- Эмнеге кайтып келип калам? Жаш кезиңде үйрөнүп калган уурулукту кайра кыла бересиң да. Бул оорудай болуп калат, - дейт Наргиза.

Жаштайынан көнгөн чөйрөгө, түшүнүккө кайра кайтып келген биздин маектеш абактан чыгып, жакшы жашоо куруу аракетинен майнап чыкпаганын, буга анын “соттолгон” деген макамы жолтоо болорун айтты:

- Чыкканда деле иштебейм, жаш кезимден бери такыр иштеген эмесмин. Базарга же башка жакка кирип кетем. Майда-чүйдө менен эле жүрөм. Биринчи жолу да уурулук менен түшкөм. Туугандарым деле жок, апам бар. Иштеп аракет кылсам деле болбой жатат, мени ким алат, жумушка? Соттолгонумду укса эле эч ким албайт. Мамлекеттик жумушка кире албайм, бир жолу соттолгон адам болсо деле албайт да. Официант болуп же пол жууп... Бирок мындай жумушта иштей албайм.

“Азаттык”: Эмнеге иштей албайсыз?

- Билбейм, өмүрү иштеп көргөн эмесмин да. Буюрса, эми чыксам иштеш керек. Кыркка чыгып калдым. Кызым чоңоюп жатат, азыр тогуз жашта. Бир жашынан бери апам карайт.

Кийинки жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштар көбөйүүдө. Учурда Степное айылындагы аялдар абагында 350дөй аял отурса, алардын басымдуу бөлүгү "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Кийинки орунда “Баңгизатты мыйзамсыз сатуу же ташуу, сактоо” беренеси менен камалгандар болсо, "Адам сатуу", "Алдамчылык" беренелери менен айыпталгандар да көп. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын теңине жакынын эки же андан көп жолу соттолгондор түзөт. Арасында беш жолудан ашык соттолгон 40тай аял бар.

Кыргыз түрмөлөрүндө, анын ичинде аялдар абагында жумушсуздук, эркиндикке чыккандан кийин коомго аралашуу сыңары бир катар кыйынчылыктар бар. Мындан сырткары мунапыстан үмүт кылып отургандар арбын экенин бир нече жолу соттолгон Айжаркын Мурзабаева билдирди. Ал өзүнүн кылмышка кириптер болушун кырсык катары баалайт:

- Бир топ жылдан бери отурам. Абактан чыккандарга жардам бере турган коом, уюм болсо, моралдык колдоо көрсөтүлсө жакшы болмок. Абактан чыккандарды киши ордуна көрүшпөйт. Эч ким жумушка албайт. Соттолгон адамсыңбы - болду, сен киши эмессиң.

Абакты айланчыктаган аялдардын тагдыры (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
Түз линк

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыз-келиндер коомго сиңип кете албай, өгөйлөнүү аялдарды кайра кылмыш кылууга түртөт деп эсептешет. Анткен менен аялдар абагынын төрагасы Аман Искендеров кыз-келиндердин кайрадан түрмөгү түшүп калышынын, кылмышка аралашуу себептерин талдап чыгыш керек деп эсептейт. Анын айтымында, жалкыбай абакка түшкөндөрдүн арасында жеңил жашоого, "тыйын табам" деп тырмалап иштебеген түрмөнүн шартына көнүп алгандар да бар.

Аман Искендеров.
Аман Искендеров.

​- Кайталап кылмыш кылып жатышканынын себебин талдап коюш керек. Өздөрүнүн айтымында, алардын көбү жеңил жашоого көңүп калган. Түрмөнү "үйгө" айлантып алгандардын, башкача айтканда кайра-кайра түшкөндөрдүн сыртка чыкканда турмуш куруп, иштеп, жашап кеткенге деле шарты, мүмкүнчүлүгү бар. Арасында жаштар да бар, бирок жеңил жашоого көнүп алышкан. Үч маал тамак, жылуу жер болгондуктан, сыртка чыкканда болор-болбос кылмышка кириптер болуп, кайра соттолуп жатышат.

Соттолуп чыккандарды коом өгөйлөгөн, өзгө эмес, өз тууган-уругу жериген, балдары баш буруп кеткен учурлары да кездешет. Ушундай кырдаалда аялдар ара жолдо калбас үчүн аларды ар кайсы кесипке үйрөтүп, социалдык кызматкерлер, психологдор иштей баштады. Мындан сырткары аялдар тигүүчүлүккө, чач тарач өнөрүнө, ашпозчулукка үйрөнүп жатышат.

- Азыр мурдагыдай "сен кылмышкерсиң, жаза мөөнөтүңдү өтө" деген мамиле жок да, - дейт Аман Искендеров. - Алар келген күндөн тартып эле кылмыштын себебин талдамай: эмне себептен кайра түрмөгө отуруп жатат, кандай шартта кылмышка кириптер болду? Ар бирине жекече мамиле кылабыз. Кээ бири кокустан кылмышка барып калгандар болот, кээ бири атайын жасап жатышат. Азыр нан бышырганга, бут кийим тигүүгө, электрик болууга, тигүүчүлүккө окуп, үйрөнүп жатышат. Мындан сырткары, эл аралык уюмдардын көмөгү менен да ар кандай курстар өтүп турат.

Эксперттердин пикиринде, соттолуп, түрмөгө отуруп чыккандарды жумуш менен мамлекет камсыз кылып, бул үчүн атайын мамлекеттик программа иштелип чыгышы керек. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова эркиндикке чыккандарды турмушка ылайыкташтыруу багытында атайын долбоор зарыл деп эсептейт.

Чолпон Өмүрканова.
Чолпон Өмүрканова.

​- Түрмөгө түшкөн учурда кээ бирөөнүн туугандары аны менен катышпай калышат. Айрымдарынын туугандары уялгандан ушундай кылса, башкалары атайылап эле урушуп, байланышты үзүп коюшат. Аз дегенде 2 же 5 жылдан өйдө отургандар болсо, бирин-экин тууганы барлардын жакындары кайтыш болуп кеткен же такыр башка жакка көчүп кетип жалгыз калган тагдырларды угуп, көрүп жүрөбүз. Ошол адам кайра түрмөгө түшпөш үчүн мамлекеттик реабилитация, ресоциализация боюнча атайын узак мөөнөттүү программа болушу керек. Азыр ошол иштерди өкмөттүк эмес уюмдар жасап жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жалпысынан абактан чыккан адамдардын 40-45% кайрадан кылмыш жасап, түрмөгө түшөт. Буга алардын жай турмушка аралаша албаганы, аларды коомчулуктун кабыл албаганы себеп болот.

Былтыр БУУнун Кылмыштуулукка жана баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгы абактан чыккан адамдарды колдоо, иш менен камсыз кылуу, бир кесипке үйрөтүү боюнча атайын өлкө аймагында долбоор баштаган. Ал пилоттук түрдө Ысык-Көл жана Чүй облустарында, Бишкек шаарында иштей баштаган. Андан кандай жыйынтык чыкканы азырынча айтыла элек. Коңшулаш Казакстанда мындай программа 2015-жылдан бери иштеп келе жатат. Натыйжада акыркы эки жылда соттолгондордун саны 25% азайган.

Маселен, буга чейин Кыргызстандагы "Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борбору атайын долбоордун алкагында кылмыш чөйрөсүнөн чыккан жигиттердин тобу менен иштешип көрүшкөн. Анда дасыккан психологдор окуу-тренингдерди өткөрдү. Анын натыйжасы тууралуу борбордун өкүлү Сүйүн Курманова айтып берди:

Сүйүн Курманова.
Сүйүн Курманова.

​- Аял жөндөн жөн эле кылмышка бара бербейт болуш керек. Кылмыш чөйрөсүнө барып калгандан кийин адамдын көз карашы, психологиясы өзгөрөт. Ошондуктан алардын оюн жакшы жакка өзгөртүүгө психологдордун таасири чоң. Анткени биз анын жыйынтыгын көрдүк. Биздин борбор пилоттук негизде атайын долбоорду ишке ашырып, мөөнөтүн өтөп чыккан жигиттердин тобун окуткан. Алардын арасынан жакшы ишкерлер чыкты. Эгер кыла турган жумушу, бара турган жери жок, коомчулук өзү жерип-жектеп, кектеп турса, психологиялык оор жагдай түзүлсө кайра эле айла жок түрмөгө барганга аргасыз болушат.

Кыргызстанда мамлекеттик реабилитация борборлору түзүлө элек. Абактагыларга кеп-кеңеш берүү менен алектенген бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын иши каражат жоктугунан токтоп турат. Оболу аларга үй-бүлө баалуулуктарын даңазалап, абактан сырткары жаркын жашоо, кең келечек күтүп турганын, ал нерселер талыкпаган аракет, сабыр менен келерин түшүндүргөн жана ошого мотивация берчү иш-чаралар зарыл болуп турат.

Түрмөнүн ишине түткөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG