Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Кайрат Кыргыздын тегерегинде чыр чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Продюсер жана музыкант Эркин Мээрканов аткаруучу Кайрат Кыргызга ортодогу келишимди аткарбай жатканынан улам өзү жазып берген чыгармаларды аткарууга тыюу салды. Бул чыр-чатак кыргыз шоу-бизнесинде болуп келген продюсер менен ырчылардын ортосундагы мамилелер тууралуу талкууга жем таштады. Мындай иш менен буга чейин жыйырмадай продюсер сотко кайрылып, бирок алардын бири да утушка жеткен эмес.

Шоу-бизнес чөйрөсүндө аткаруучу Кайрат Кыргыздын тегерегинде чыр чыкты. Музыкант Эркин Мээрканов чыгармачылыкта өзгөчө аткаруучуну жаратуу максатында "эксперимент" катары ырчы Кайрат Салмакеевди тандап алып, бирге иштешүүгө макулдашканын айтат. Бирок ал элге таанылгандан бери өз милдеттерин аткарбай жүргөнүнө нааразы:

Эркин Мээрканов.
Эркин Мээрканов.

- Клиптерди былтыр октябрь айында таратканбыз. Ал бир айдын ичинде эле элге таанымал болуп кетти. Өзү деле мындай белгилүү болуп кетерин күткөн эмес эле. Эл ичинде ал ырдаган ырларга пародия жазыла баштады. Чынында аны ушул даражага мен жеткирдим. Имиджин мен өзүм ойлоп таап, чач жасалгасынан баштап байпагына чейин мен алып бергем. Азыр ага "ырларымды ырдаба" деп талап койдум. Бирок, болбой эле менин чыгармаларымды аткарып жүргөнүн угуп жатам. Аны эл ошол чыгармалар менен тааныйт да! Эгер өзүнүн эски ырларын ырдаса анысы өтпөйт.

Мээрканов Кайрат Кыргызды элге тааныткан төрт ырды - өзү жазган «Жаштык кез», «Жактырам», «Гүлдөй жан», «Сүйүү ыры», ошондой эле Атай Огонбаевдин «Жаштарга» аттуу төрт ырдын шөкөттөмөсүн жаздырууда он миң доллардан ашык чыгым болгонун билдирди. Ал продюсер жана автор катары эми Кайратка жогоруда сөз болгон ырларды коомдук жайларда, концерттерде, тойлордо, эл чогулган жерлерде ырдоого тыюу салганын жарыялады.

Ырчы Кайрат Кыргыз болсо бул чыр тууралуу эми гана билип жатканын айтып, анын чыгармачылыгына байланыштуу чыр-чатакты мындайча мүнөздөдү:

Кайрат Кыргыз.
Кайрат Кыргыз.

- Биз өзүбүзчө эле пиар кылып жатабыз. Башка эч нерсе жок. Ал менин продюсерим болгон эмес. Жөн гана ырларымды шөкөттөп, жардам берип келген. Менимче ал азыр өз алдынча иш кылып жаткан болуш керек. Мен анын эмне иш кылып жатканын билбейм. Негизи эле шоу-бизнесте ушундай нерселер боло берет эмеспи. Бул тууралуу "ушундай болуп атыптыр" деп азыр эле угуп жатам. "Кокуй, мен билбейт экенмин" дедим.

Эркин Мээрканов ырчынын бул сөзүнө жооп кылып, колунда тиешелүү документтер бар экенин айтып жатат:

- Менде келишим бар. Чогуу кол койгонбуз. Ал жерде продюсер катары менин да, анын да өз милдеттери белгиленген.

Аталган келишимде ырчыга тойлорго, концерттерге продюсердин уруксаты менен гана чыгуу, ал чакырган иш-чараларга катышуу жана кирешени бөлүштүрүү сыяктуу талаптар коюлган.

Шоу-бизнес өкүлдөрү бул тармакта өз эмгеги бааланбай калган продюсерлер көп кездешерин айтышат. Мындай окуяга кезинде жаш ырчыларды таптап жүргөн Асыл Аппасова да туш болгонун ортого салды:

Асыл Аппасова.
Асыл Аппасова.

- Продюсерлик деген Кыргызстанда жакында эле пайда болгон түшүнүк. Ашып кетсе анын бизге келгенине 10-15 жыл эле болду. Биз аны жаңы муун менен кошо келген кесип деп койсок болот. Продюсер деген мурдагы концерттик администратор, уюштуруучу. Учурда продюсерлик тууралуу Кыргызстанда эч кандай мыйзам жок. Анткени мен бирин-экин ырчылар менен иштеген продюсерлер барып юристтер менен кеңешип, келишим түзгөндө ушунун баарын көтөрүп чыкканбыз. Ошондо көргөм...

Таанымал алып баруучу Элмара Турсуналиева кыргыз шоу-бизнесинде буга чейин продюсер менен аткаруучунун ортосунда мындай чыр-чатактар бир нече жолу болгонун, анын аягы кандай бүткөнүн кеп кылды:

Элмара Турсуналиева.
Элмара Турсуналиева.

- Соңку он беш жылда продюсер менен аткаруучунун сотко жеткен же катуу чыр чыккан жыйырмадай окуя болду. Ал окуяларды иликтеп көрсөк, бир да окуяда продюсер жеңишке жетишкен эмес. Анткени продюсердин эмгеги - интеллектуалдык эмгек. Аны таразага тартууга же баалоого болбойт экен. Анан калса бул багыттагы эмгекти коргоо бир да мыйзамда каралган эмес. Продюсердин ыр жаздырганы, сөзүн жазганы, аткаруучунун имиджин ойлоп чыкканы, айтор ырчынын башынан аягына чейин кайра жасап чыкканы мыйзам тарабынан каралбагандан кийин продюсерлер утулат.

Турсуналиева учурда кыргыз шоу-бизнесинде саналуу гана продюсерлер бар экенин, алардын укугун коргоо эч ким үчүн деле кызык эмес экенин кошумчалады.

Ушундай себептен улам Эркин Мээрканов Кайрат Кыргыз менен болгон талашы боюнча сотко кайрылуудан мурун өзүнүн чыгармаларын аткарууга тыюу салганын, эгер ырчы талабын орундатпаса гана өзүнүн автордук укугун коргоо үчүн сотко кайрылууну оң көргөн.

Кыргызстанда “Автордук укук жөнүндө” мыйзам бар. 2014-жылы автордук укукту коргоо максатында бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чыгарманы уурдагандарга айыппул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомго барабар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG