Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Басып алуучулук маанай кайта элек


Ош шаарындагы каршылык акциялары
Ош шаарындагы каршылык акциялары

Кыргызстандагы калктын бир бөлүгү мамлекеттик имараттарды басып алуу ниетинен кайта электигин СИАР-Бишкек борбору жүргүзгөн сурамжылоо көрсөттү.

Аталган борбор жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири каршылык акцияларынын мындай ыкмасына жол берүүгө болот деп эсептешерин белгилешкен. Ошондуктан жаңы куралган парламент менен өкмөт эмитен элдин нааразылыгын азайтуу саясатын жүргүзбөсө, көпчүлүктүн кайрадан көчөгө толкуп чыгышы ыктымал экенин эксперттер эскертүүдө.

Парламент менен өкмөткө мурдагы авторитардык бийликтин камчысын чапкандар кайра эле толуп алышты деген нааразылык үндөр жер-жерлерде дагы эле басыла элек. Эзели унчукпай келген мугалимдер бир айдан бери эмгек акыны кабелтең жогорулатууну талап кылып митингге чыгышууда.

- Менин оюмча жакын арада көп нерселер өзгөрүшү керек. Балким жаңы коалиция түзүлөт. Анткени азыркы күндө элдин ой-пикири жакшы эмес. Элдин пикирин эске албаса жол тосуулар, мамлекеттик имараттарды басып алуулар кайра башталышы мүмкүн,- дейт “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев.

Кыргызстан жаңы жылды эңшерилген экономика менен, июнда түштүктө кан төгүлгөн кайгылуу окуялардын айыга элек жарасы менен тосуп жатат. Мамлекет дээрлик сегиз айдан кийин гана конституциялык талаага кайтып келди, шайлоодо жеңип алган партиялар кураган парламент менен өкмөт жаңы жылдын алдында гана ишке киришти.

Социал-демократтар, “Республика”, “Ата-Журт” партиясы бир коалицияга биригип, парламент менен өкмөттөгү бийлик портфелдерин бөлүшүп бүтүп, эми областтык, райондук деңгээлге чейинки кызматтарды кайра бөлүштүрүү жүрүп жаткан кез. Бул дагы элдин нааразылыгын жаратууда. Анткен менен бийлик бөлүштүрүүнүн мындай көрүнүшүнө көнбөскө чара жок, дейт Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев.

- Бийлик түзүү конструкциясы азыркы күндө вертикалдан горизонталдык жолго түштү. Биз буга көнүшүбүз керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Мен азыркы коалициянын эки ай эмес, эки жыл, үч-төрт-беш жыл иштешин абдан каалайт элем.

Эл аралык уюмдар дагы парламенттик демократия жолуна түшкөн Кыргызстанда бийлик башына келген партиялар эң оболу эл менен иштегендин көзүн таппаса чыңалган кырдаал жазылбай турганын, туруктуу өнүгүү аракеттери текке кете турганын белгилешүүдө. ЕККУнун Бишкектеги борборунун элчиси Эндрью Тесорьер саясий партиялардын парламенти уюштурган форумда чыгып сүйлөп, элдин бийликтеги партияларга болгон ишеними өтө төмөн экенин белгилеп, эң биринчи ушул өксүктү жоюуга чакырды.

- Коомдук скептицизм жана фатализм бүт дүйнөдө болуп келген проблема. Бул деген парламент менен элдин ортосунда байланыш жок дегенди билдирет. Парламент чымырканган эмгектин аркасы менен, бюджеттин үстүнөн парламенттик комиссиялар аркылуу таза жана талаптагыдай көзөмөл жүргүзүү менен, зарыл мыйзамдарды активдүү жаратуу менен элдин урмат-сыйына ээ болушу керек, -деди ЕККУнун элчиси Эндрью Тесорьер.

Мына ушундай кыйын шартта жаңы өкмөттүн ишенгени баягы эле донор уюмдар жана мамлекеттер болуп жатат. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев биринчи иш сапарын Россияга жасап, күйүүчү майга болгон экспорттук салыктарды жоюуга жетишти, экономиканын бир катар тармактарына инвестиция келет деген убадалар менен кайтып келди.

XS
SM
MD
LG