Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

"Ынтымак" форуму "күз күрөшкө" камылгабы?


"Ынтымак" форумунан бир учур, Каракол шаары, 11-август.
"Ынтымак" форумунан бир учур, Каракол шаары, 11-август.

Ысык-Көл облусунда өткөн “Ынтымак” форуму күзгү саясий сезонго даярдык катары бааланууда.

Ысык-Көл облусунда өткөн жуманын соңку күндөрүндө “Ынтымак” форуму өттү. Эки күнгө созулган жыйында эл ичинде ынтымакты чыңдоо, Кумтөр маселесин чырга айлантпай чечүү, облусту өнүктүрүү тегерегинде сөз болду. Жыйынга Көл кылаасынан чыккан аттуу-баштуу инсандар, бийлик жана бизнес өкүлдөрү, жаш активисттер катышты.

Жыйында быйыл жай алды Кумтөр кенине кеткен жолду тосуу аракеттери, кендин айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу кеңири сөз болду. Ынтымакты сактоо үчүн уруучулук жана аймактык бөлүнүүдөн оолак болуу, чырлуу маселе чыкса аны акылдашып чечүү керек деген жалындуу чакырыктар да жаңырды.

Советтер союзу учурунда Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры болгон, быйыл "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку наамы менен кошо "Ак шумкар" өзгөчө белгисин алган Таштанбек Акматов жаштарды ачууга алдырбай, сабырдуу болууга үндөдү:

- Бакыт деген эмне? Бакыттын эң биринчи баскычы – бул ынтымак. Кыргызда “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген жакшы сөз бар. Кыргыздын тамыры бир, бир жерде чыр чыкса, экинчисинин сөөгү зыркырайт. Тууган, куда-сөөк деген бар, алар жабыр тартып турса кимдин маанайы көтөрүлсүн? Жүрөк сыздабай койбойт экен, жаштар ушуну эске алса.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин айтымында, Кыргызстандын эгемендигине жоопкер жана аяр мамиле жасоо керек, болбосо мамлекеттин чачылып кетүү коркунучу бар:

- Кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин тагдыры кыл учунда турганын көрүп, ушул жыйынды өткөрүүнү туура көрдүк. Төбөсү көрүнгөн инсандарды чакырып, оозунда сөзү бар аксакалдардын, жүрөгүндө оту бар жаштардын башын коштук. Эл тагдыры, жер тагдыры тууралуу ачык сүйлөшүп, алдыга койгон максаттарды белгилеп алууну туура таптык.

Ал эми вице-премьер-министр Токон Мамытов ар кандай нааразылык акцияларга убактылуу мораторий керектигин сунуштады.

- Биздин экономика жатып алды деп айтууга болбойт. Тизелеп турган абалда, туруп басып кетүүгө бизге бир-эки жыл, ушул убакыт ичинде стабилдүүлүк керек. Жалгыз Көл эмес, Чүй, Баткен ж.б. облустарды жол тосуу, суу тосуу деген акцияларды токтотууга чакыруубуз зарыл.

Жыйынга келген жарандык активист Рита Карасартова болсо бийликти борбордон жергиликтүү башкарууга өткөрүү реформасынан айныбаш керек деген оюн ортого салды:

- Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтуна көбүрөөк укук берелик деп 2007- жылы эки тепкичтүү бюджетке өттүк эле. Ошондо эң аз дегенде 36 пайызга өскөн айылдар болгон. Облусту борбордон ажыратып, бюджетин өзү көзөмөлдөгөндөй кылуубуз керек.

Буга чейин туруктуу эсептелип келген Ысык-Көлдө май айынын соңунда нааразылык митинги башталып, анын арты милиция менен кагылышууга өсүп жеткен. Натыйжада жайкын тургундар менен катар эле тартип коргоо органынын кызматкерлери да жабыркаган. Чукул кырдаал киргизүү менен гана абал турукташкан. Бирок Кумтөргө байланыштуу бардык тарапты канааттандырган чечим жок болгондуктан, күздөн тарта кайра нааразылык акциялары башталат деген имиштер бар. Азыр эми бийлик "Ынтымак" жыйынын ошол келишпестиктердин алдын алуу үчүн өткөрдү дегендер да жок эмес.

Форумдун экинчи күнү Каракол шаарындагы ат майданда “Жети-Акенин” кубогу үчүн улуттук ат оюндар менен коштолду.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG