Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Реформачыл депутаттар биригет


Кыргыз депутаттары Грузия президенти Михаил Саакашвилинин кабыл алуусунда. Тбилиси, 7-февраль, 2012-жыл.
Кыргыз депутаттары Грузия президенти Михаил Саакашвилинин кабыл алуусунда. Тбилиси, 7-февраль, 2012-жыл.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Грузиядагыдай реформаларды Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн демократиялык альянска бириккени жатат.

Жакында он эл өкүлү грузиндердин полиция, сот, экономикалык реформалары менен жеринен таанышып келди. Талдоочулар демократиялык альянс түзүү аракеттерин коалиция менен фракциялардагы кайчы пикирлердин пайда болгону менен түшүндүрүшүүдө.

Демократиялык альянс түзүлөт

Реформа үчүн демократиялык альянс түзүү демилгесин “Ата Мекен” фракциясынан Өмүрбек Абдрахманов менен Равшан Жээнбеков баштаган депутаттар көтөрүшүүдө. Алар либерал-демократиялык маанайдагы ар кыл фракция өкүлдөрүнүн башын бириктиргени жатышат.

Өмүрбек Абдрахмановдун пикиринде, бул альянс Кыргызстандагы бийлик бутактарын советтик системадан арылтууну көздөйт:

- Биз өзүбүздүн топту эч качан фракцияларга каршы койбойбуз. Ар ким өзүнүн фракцияларында иштей берет. А бирок реформаны жасоо боюнча маселелерде ошол биздин альянс дайыма бирге болуп, ошол маселени түрткөнгө, ишке ашырганга аракет кылабыз. Өкмөт менен чогуу иштеп, өкмөттүн ичинде да реформа керек экен деген маанайды жаратып, анан ошол реформаны жасаган министрлерди колдоп, жасай албаган министрлерди сындап, алдыга жылышыбыз керек.

Өткөн аптада реформаны көздөгөн он депутат Грузияга барып, бул өлкөдө соңку 5-6 жылдын ичинде байкалган өзгөрүүлөр менен таанышып келди. Полиция, сот, экономика тармактарында ийгиликтүү реформаларды ишке ашырды делген грузиндер кыргыз депутаттарын жылуу кабыл алышты.

Грузин президенти Михаил Саакашвили депутаттар менен жолугушуусунда, Кыргызстандагы реформалык аракеттерди колдоого даяр экенин белгиледи:

- Биз кеңеш берүү менен, конкреттүү жардамдарды көрсөтүү менен сиздерди колдоого даярбыз. Эки өлкө бири-бирин жоготуп албай, парламенттик, өкмөттүк деңгээлде байланыштар менен жаштар, коомдук топтор, бизнес тармактарында мамилелердин өнүгүшүн каалайбыз.

Кыргызстанда реформаларды ишке ашырабыз деген депутаттардын тобуна канча адам кирери азырынча белгисиз. Демилгечилер демократиялык альянска бир гана депутаттарды эмес, жарандык коомдун өкүлдөрүн, бир катар коомдук ишмерлерди чакырууну белсенип жатышат.

Грузиянын реформалары менен таанышып келген “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бактыбек Жетигенов альянс саясий оюндардын курмандыгы болбошу керек деген ойдо:

- Өзгөрүү керек экен. Кыргызстан менен Грузиянын айырмасы аябай эле көп экен. Өзгөрүш үчүн идеясы бир, ою бир депутаттар керек экен. Өзүнчө топ түзүлсө, бул ойлор ишке ашса керек. Бирок бул топ жөн эле чогулуп, илгеркидей таз кейпин кийип калбашы керек.

Демилге бар, натыйжа болобу?

Кыргызстанда Грузиядагыдай реформа жүргүзүү демилгелери байма-бай айтылып келет. Бирок алардан толук натыйжа байкала элек. Коомдук ишмер, парламенттин бир канча жолку спикери Абдыганы Эркебаев реформа жасоо бир гана депутаттардын колунан келбейт деп эсептейт:

- Көп жактуу болушу керек. Бир эле депутаттардын аракети менен ал иш болбойт. Жарандык коом, аткаруу бийлиги да чогуу бир тарапка багыт алса ошол туура болот. Бир эле Грузияны үлгү кылган туура эмес. Ачык айтканда ал жерде баары эле ойдогудай эмес. Саакашвилини колдогондор да, колдобогондор да бар. Анын эл аралык деңгээлде да кадыр-баркы бирдей эмес. Колдон келсе, ар кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу керек. Бир эле жакты кармап албай.

Буга чейин Жогорку Кеңеште коалицияга баш ийбеген депутаттар өзүнчө блок түзөт деген кабар таркаган. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес. Эми ар кыл фракциялардын депутаттарынын бир альянска биригиши фракциялардын да, коалициянын да ишине таасир берет дегендер бар.

Алардын бири көз карандысыз талдоочу Темир Жумакадыров:

- Эгерде бул альянс реформаларды ишке ашырып, андан ары мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алса мүмкүн жакшыдыр. Бирок фракциянын көз карашынан караганда, бул жагдай фракциялардын алсыз экенин көрсөтөт. Бизде фракциялардан тышкары да коалиция бар. Бул реформаларды эмне үчүн коалициянын алкагында ишке ашырса болбойт. Демек, бул фракциялардын да, коалициянын демилгелери да толук колдоого ээ болбогонун көрсөтөт.

Ошентип, демократиялык альянс качан иштеп баштаары так белгисиз. Демилгечилер жакын арада альянстын жобосун жазып бүтүп, либерал-демократтык маанайдагы депутаттарга сунуш кылууну көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG