Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Курман айт майрамы белгиленүүдө


Айт намазда алакан жайгандар арбыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Айт намазда алакан жайгандар арбыды

Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн айт намаздары окулуп, мусулмандар майрам шаанисин улантууда.

Бишкек шаарындагы айт намаз адаттагыдай эле эски аянтта окулуп, киши буга чейинки намаздагылардан да көп келгени айтылды. Муфтият бүгүнкү айт намазына 80 миңдей киши келгенин кабарлады. Айт намаздын алдында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев сөз сүйлөп, куттук айтты.
Бишкектеги Курман айт намазы
Бишкектеги Курман айт намазы


Ибадатка топтолуу саат 7:00дө башталып, Курман айт намазы 8:30да окулду. Ал борбордук телеканалдар аркылуу коомчулукка түз көрсөтүлдү.
Айт намазга чогулган эл, Бишкек, 15-октябрь.
Айт намазга чогулган эл, Бишкек, 15-октябрь.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо Курман айтка байланыштуу майрамдык айт намазды Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде окуду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы билдирди. Намаздан соң президент «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди.

Ош шаарында Курман айт намазына болсо 25 миңдей адам катышканы кабарланды. Быйыл Жалал-Абад шаарынан башка бардык облустук борборлордо да айт намазы аянттарда окулары алдын-ала кабарланган. Бүгүн Баткен шаарында айт намаз биринчи жолу борбордук аянтта окулду.

Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылындагы курмандык чалуу, 15-октябрь.
Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылындагы курмандык чалуу, 15-октябрь.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG