Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Орозо кирип келди: соопчулук, ырайым, жакшылык


Кыргызстанда Орозо айы 1-августта башталышы күтүлүүдө. Бирок айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. Бул туралуу муфтий Чубак ажы Жалилов 29-июлда маалымат жыйынында билдирди.

Орозо айы жай чилдесине туш келүүдө. Аалымдардын белгилешинче, бул айда орозо кармагандарга 18 сааттан ашык наар сызбай жүрүүгө туура келет. Ага карабай орозо кармайбыз дегендер аз эмес.

Кыргызстанда быйыл орозо 1-августта башталышы күтүлүүдө. Бирок айдын чыгышына карап, бир күнгө айырмаланышы мүмкүн экен. Бул туралуу муфтий Чубак ажы Жалилов эскертүүдө.

- Шариатыбызда айга карайт. Эгер ай чыккан болсо, орозо тутуп башташ керек, чыкпаган болсо кийинки күндү күтүш керек. Эртең (30-июль күнү) түнкү саат 11-12нин аралыгында айдын чыккан-чыкпаганына белгилүү болот.

Ошондон кийин биз КТРК жана уюлдук телфондордогу СМС кызматтары аркылуу орозонун так качан башталарын билдиребиз. 31-июлда же 1-августта башталышы мүмкүн. Азырынча болжол менен орозонун биринчи күнү 1-август, Орозо айт 31-август, ал эми Курман айт 7-ноябрь деп белгиленүүдө.


Баш муфтийдин айтымында, орозо жакшылыктын жана ырайымдын айы. Бул айда сооптуу иштерди жасап калууга умутулуу кажет.

Отуз күн бою Бишкек шаарындагы борбордук мечитте жана өлкө боюнча ири мечиттерде ооз ачыруулар болмокчу. Ал эми орозодо берилүүчү битир садаканын өлчөмү быйыл ар бир жанга 25 сом деп белгиленген экен.

Быйыл ажылыкты Муфтият өзү уюштурат

Орозонун башталышы менен ажылыкка барууну уюштуруу иштерине да даярдыктар көрүлө баштайт. Ага ылайык, азыр муфтияттын алдында Ажылык борбору түзүлүүдө.

Муфтий Чубак ажы Жалилов аны өзү жетекчиликке аларын билдирди.

Чубак ажы Жалилов, 10-сентябрь, 2010-жыл
- Негизинен эки маселе өзгөчө көңүл бурабыз. Биринчиси, ажылардын баары Кыргызстандан учакка түшүп, Сауд Арапстанга чейин баруулары керек. Мурда мындай болчу эмес. Бишкектен чыгып, Стамбулдан түшүп калып, андан ары автобустар менен жол жүрүп, ажылар жол кырсыгына учурап, башка кыйынчылыктар жаралчу.

Экинчиси, паспортторго визалар басылып, алар ээлерине жолго чыгарда гана берилет. Анткени паспортторго чапталган визаларды башкаларга сатуулар орун алганы белгилүү. Аны чечүүнүн ушундан башка айласын таппай турабыз.


Ажылыкты уюштуруда диний башкармалык мүмкүн болушунча ачык-айкын иштеп, ар бир жасалган иш менен коомчулукту кабардар кылып турууну убада кылууда.

Кыңыр иштерди болтурбоо далалаты

Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов өткөн жылы ажылыкты уюштуруудагы коррупциялык иштерди шардана кылгандардын бири.
Азырынча болжол менен орозонун биринчи күнү 1-август, Орозо айт 31-август, ал эми Курман айт 7-ноябрь деп белгиленүүдө.

Нурдиновдун пикиринде, ажылыкты уюштуруунун тегерегиндеги коррупцияны жоюуга мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн ажылык жолдомолор адилет көзөмөлдөнүшү үчүн муфтийдин эрки болушу керек. Ошондой эле төлөмдөрдү банктык эсеп аркылуу жүргүзүү зарыл.

- Эки багытты ордуна коюш керек. Биринчиден, визаны муфтий өзү көзөмөл кылса, экинчиси бардык төлөмдөр банктык эсеп аркылуу жүргүзүлсө эле токтолот. Буга чейин ажы башчылар баарын колдоруна алып алган. Баарын чогултуп, өздөрү бухгалтер болуп, кымтып калып жаткан акчаларды банктардан ала албай калат эле.

Ажылык үчүн Кыргызстанга быйылкы 4,5 миң жолдомо берилген. Ал эми ажылыкты уюштуруу иши мыйзам аркылуу Кыргызстан Мусулмандарынын диний башкармалыгына жүктөлгөн.
XS
SM
MD
LG