Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Мекеде ажылык зыярат башталды


Кыргызстандык зыяратчылар Мекеде, 24-октябрь, 2012.
Кыргызстандык зыяратчылар Мекеде, 24-октябрь, 2012.

"Азаттык" Мекеде ажылык зыяратын баштап жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. 4600 тегерегиндеги зыяратчылар азыр Мина өрөөнүндө.

Сауд Арабстанга барган кыргызстандык зыяратчылардын буга чейин үчөө каза болду. Алардын экөө ооруп көз жумса, бирин машина коюп кеткен. Мекедеги кыргызстандык зыяратчылардын шарт-жагдайы кандай?

Ажылык штаб эмне дейт?

Кыргызстандыктар шаршемби күнү башка зыяратчылар сыяктуу эле Меке шаарынын жанындагы Мина өрөөнүнө жайгашты. Бейшемби күнү алар таң эрте ажылыктын бир милдети болгон Арафат тоосуна чыгышат. Мекеде курамы муфтияттын, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери, дарыгерлер жана башка тиешелүү адистерден турган Кыргызстандын ажылык штабы да түзүлгөн.

Штабдын төрагасы, муфтийдин орун басары Замир Ракиев “Азаттыкка” телефон аркылуу буларды айтып берди.

- 4600 тегерегиндеги кыргызстандык зыяратчылар азыр Мина өрөөнүнө келип отурукташты. Эртең Арафат тоосуна чыгабыз. Арабызда оору-сыркоо жок, баары аман-эсен. Алты дарыгер бар, алар тынбай карап жатышат. Алар бул жерде анча-мынча сасык тумоолоп калгандарды карашууда. Кудайга шүгүр, бизде олуттуу ооруп калган эч ким жок.

Мина өрөөнүндө кыргызстандык зыяратчылар атайын бөлүнгөн чатырларга жайгаштырылган. 75 жаштагы ысыккөлдүк Султан кожо аксакал Мина өрөөнүндө турган жеринен элди ынтымакка чакырды:

- Азыр Кыргызстанга бөлүнгөн чатырда отурабыз. Тамак-аш, чай кайнатып ичип жатабыз. Догдурлар да жаныбызда жүрүшөт. Эл-журтка, Кыргызстанга жакшы тилек кылып жатабыз. Ынтымактуу бололу, биримдиктүү бололу, Кыргызстанга да Кудай тааланын жакшылыгы болсун деп, сурап жатабыз. Бул жерде азыр 200 өлкөдөн келгендер биригип турат, а эмнеге биз кенедей Кыргызстан бирикпейбиз?!

“Атабыздын ниети кабыл болду окшойт"

Буга чейин кыргызстандык зыяратчылардын ичинен үчөө каза тапкан болчу. Алардын экөө оорудан, ал эми бирин машине сүзүп кеткени кабарланган.

Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабстандагы элчиси Жусупбек Шарипов мындай дейт.

- Үч жараныбыз каза болуп кетти. Экөө ден соолугуна байланыштуу, ал эми бирөө туура эмес жерден өтүп баратканда, машина уруп кетиптир. Туугандарынан уруксат алып, Харам мечитинде жаназа окулуп, бул жакта жерге берилди. Алардын экөө Мекеде, ал эми бири Медина шаарына коюлду.

Жети-Өгүз районунун тургуну, оорудан көз жумган 66 жаштагы Акимказы Касымалиевдун уулу Русландын айтымында, атасы азырак сыркоолоп жүргөнүнө карабай ажыга кеткен. Ал Меке шаарында көз жумган атасынын ниети кабыл болду деген үмүттө.

- Биз атабызга быйыл барбай эле, эмдиги жылы барбайсызбы деп айтсак, “жок, балам, мен быйыл барышым керек, мен аябай ниет кылып алдым” деген. Бул жакта догдурлар да "ушунчалык ниет кылыптырсыз, мейли, барып келсеңиз болот" деп айтышкан. Негизи бул жерден ажылыкка жөнөп жатканда, ошол жактан өтүп кетсем деген ниет менен чыгышат турбайбы. Атабыздын ниетин өзүнүн тилегине жараша Алла таала кабыл кылып койду окшойт.
Анан телефон чалышып, “кандай кыласыңар, алып кетесиңерби?” - деп сурашты. Биз ошол замат эле алып кетпейбиз, улуу Мухаммед пайгамбардын жеринде калсын, ошол жакта жатсын деп чечтик.

Быйыл Сауд Арабстан Кыргызстан үчүн 4,5 миң адамга ажылык орун бөлгөн. Муфтияттын айтымында, зыяратчылардын баары Мекеге учак менен гана барышты. Ажылык парзын аткарган зыяратчылар Кыргызстанга 2-ноябрдан тарта кайта баштайт.

Сүрөт баян: Мекедеги кыргызстандык зыяратчылар

(Кыргызстандык зыяратчылардын сүрөттөрүн "Азаттыкка" Кыргызстандын муфтияты тарабынан Мекеде аккредитацияланган журналист Мыктыбек Арстанбек сунуштады.)


XS
SM
MD
LG