Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Чубак ажы Жалилов: Мусулмандын укугун коргойбуз


Муфтий Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында.
Муфтий Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында.

Кыргызстан мусулмандар башкармасынын муфтийи Чубак ажы Жалилов Мисирдеги окуялар, өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү жаңы жараяндар тууралу кеп салды.

Мисирде кедейчиликке каршы чыгышты

“Азаттык”: Египеттеги окуяларды кыргызстандык мусулмандар, алардын жетекчиси сиз кандай баалап жатасыздар?
Кедей мамлекеттин адамдары саясатчыл болсо, бай мамлекеттин адамдары саякатчыл болот...

Жалилов: Ал жактагы окуялар бизди да кайдыгер калтырган жок. Адамдардын жакырдыгы, бир адамдын узак мөөнөт бою эл башында отуруп алышы эң сабырдуу мусулмандарды көчөгө чыгарды. Бул жанды өтө кейиткен окуя. Шариатты карманган элди башкаргандар шариаттан сырткары чыгып кетип башкаргандыгы үчүн ушундай туура эмес окуя болуп жатат деп ойлойм. Мисалы, Хосни Мубарак башкарган система Батыш өлкөсүндө болсо, анда бул 30 жылга созулбастан, кыргыздар сыяктуу 4-5 жылда эле жемишин берип коймок. Бирок мусулманчылыктагы сабырдуулук адамдарды кармап, 30 жылга чейин созулуп келди.
Каирдеги толкундоо, 2011-жылдын 4-февралы.

Бирок азыр бир чоң суроо турат: эгерде Хосни Мубарак кетсе, ордуна кандай адам келет, балким, батышчыл, ислам динине каршы түшүнүктөгү адамдар келип калышы ыктымал.

Кандай болгон күндө да, бул карапайым элдин жакырчылыгынан келип чыкты. Бул жерде эч кандай диний боёкторду көрүүнүн кажети жок. Азыркы учурда араб дүйнөсүнүн бардык жеринде орошон окуялар болуп жатат. Бул жерде мен башка көз карашты айтаар элем: араб ислам дүйнөсүн карап көрсөңүз, көбүнесе королдуктар, атадан балага калмай, же бир адам көптөн бери башкарып келаткан болсо курсагы тоюп, акырында мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп кала турганын тажрыйба көрсөтөт. Президент болом, же башка болом деген саясий шоуларын токтотуп, тирилик аракетинде болушат. Сөз бар го, кедей мамлекеттин адамдары саясатчыл болсо, бай мамлекеттин адамдары саякатчыл болот деген. Ислам дининин душмандарынын, же ошол жердеги ырыскыларга ээ болгусу келгендердин ушундай согуштарды ачып, мамлекеттерди бөлүп, алардын кен байлыгын тартып алууга болгон аракети. Бул ачуу чындык. Мисал катары Иракты айтсак болот, анын нефтиси, башкалары бар эмеспи. Ооганстандын апийим талаалары көптөрдүн көзүн кызартып, ошол жерге атайын жасалма уруштар ачылып жаткандыгы деп ойлойм.

“Азаттык”: Демек, сиздин оюңузча, Мисирдеги жакырчылыктан чыгуу нааразылыгын башка чоң күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп жаткан экен да? Кайсы бир мамлекеттердин кызыкчылыгы бар дегенге колуңузда далил барбы?

Жалилов: Азыр мамлекет деген түшүнүк картада гана калбаса, болбосо жалпы кызыкчылыктар деген маселе турат. Карап көрсөк, бай мамлекеттер жана өнүгө элек экинчи топтогу мамлекеттер турат. Тилекке каршы, экинчи топтогу мамлекеттерге араб мусулман мамлекеттери кошулат. Булардын жерлеринин бардыгы дың бойдон, кендерин толук өздөштүрө элек. Башка бай мамлекеттер өздөрүнүкүн өздөштүрүп бүтүп, башкаларга, мисалы, Кыргызстандын кен байлыктарына көз арткан сыяктуу. Дагы бир мисал: Судандын дың жерлерине да кызыгуу пайда болду. Мен кагаз жүзүндө далилдеп бере албашым мүмкүн. Бирок бул асмандагы күндөй эле ачык нерсе. Кыргызстанда болуп өткөн окуялар да кайсы бир деңгээлде араб жериндеги окуяларга үндөш болушу мүмкүн деп ойлойм. Бул менин жеке пикирим.

“Азаттык”: Ал жакта бир жагынан Барадей аттуу белгилүү инсандын аты айтылууда. Экинчи жагынан “Мусулман агаиндер” деген агым бар экен. Кыргыз калкына бул эмне деген топ, эмне деген агым экени түшүнүксүз. Бул эмне агым, анын жактоочулары, колдоочулары Кыргызстанда, же Борбор Азияда барбы?
Хосни Мубарак (солдо) жана Мухаммад ал-Барадей

Жалилов: Барадей - Нобел сыйлыгынын ээси. Албетте, Нобел сыйлыгына татыктуу болгондор көбүнесе ислам дүйнөсүнө таандык эмес адамдар болуп эсептелинет, же болбосо батышчыл саясатты, маданиятты жактаган адамдар, же болбосо ислам дүйнөсүнөн чыгып, бирок Батышка кызмат көрсөткөн адамдарга берилет. Ошол Нобел сыйлыгын алган адамдын мисирликтердин келечегине күйүп, ислам динине кам көрөрүнө мен толук ишене албайм. “Мусулман агайындарды” агым катары караганга болбойт, мисалы, шейиттер, суниттер, салахиттер деген сыяктуу агым эмес, бул саясий түзүм деп айтсак болот. Алар ошол жерде мусулмандардын укугун коргогон, же мусулмандардын саясий сабатсыздыгын жоюп, жардам берүүнүн негизинде түзүлгөн уюм катары баалайм. Адамдарга ислам боюнча кандайдыр бир багытты таңуулабастан, классикалык исламды кармансаңар, саясий сокур болбосоңор экен, өзүңөрдүн укугуңарды алдырып койбосоңор экен деген таризде аракет кылган жамаат катары баалайм.

Кыргызстанда атайын катталгандар жок, интернет, китеп аркылуу байланышып, алардын пикирин колдоп жүргөндөр болушу мүмкүн. Бизде молдокелер өкмөттүк уюмдардан алыстап качса, булар тескерисинче өкмөттүк уюмдарга жакыныраак болуп, саясат менен эриш-аркак алып кетсек деген маанайда жүргөн жарандар деп эсептейм. Бирок бизде али күнгө чейин расмий түрдө каттоодо жок.

Ислам өзгөрүүгө муктаж эмес

“Азаттык”: Араб дүйнөсү - бул исламдын ордосу, исламдын канондорун, эрежелерин бекем тутунган чөлкөм катары каралат эмеспи. Өзүңүз айткандай, араб дүйнөсүндө эл козголду. Бул, мисалы, ислам дини реформага, өзгөрүүгө муктаж болуп жаткандыгын көрсөтпөйбү?
Эл башчылары ынсаптуу болсо деген тилек, мисалы, айт-намазда Эмилбек Каптагаевди, жума намаздарда Атамбаев мырзаны көрүп жатабыз.

Жалилов: Дин эч кандай реформага муктаж эмес. Себеби, динибиз бардык заманды, бардык мекенди өзүнө камтыган, кыямат-кайымга чейин жарактуулугун сактаган ийкемдүү дин катары таанылат. Бирок, динди ким кандай карманып жатат деген маселе турат да. Пакистанды алалы, же Мисирдин өзүн, же Сауд Арабстанды, туура ислам мамлекеттер. Ошондой эле Кыргызстан дагы, Орто Азиянын бардыгы ислам дүйнөсүндө мусулман өлкөсү катары таанылат. Бирок мусулман өлкөлөрдүн башчылары мусулманча өкүм жүргүзүп жатабы, жокпу? - маселе ушунда. Эгерде адамдардын бардыгы ислам талап кылгандай адилеттик, сабырдуулук, өзүңдү жакшы көргөндөй эле башканы да жакшы көр деген түшүнүктөр камтылган болсо, анда, албетте, бул нерсеге барбайт эле. Элдин башына кандай адам келсе, коом дагы ошого жараша түздөнүп кете бере турган жаратылыштын, алла-таала берген табият сыры бар.
Бишкектеги айт намаз

Эл башчылары ынсаптуу болсо деген тилек, мисалы, айт-намазда Эмилбек Каптагаевди, жума намаздарда Атамбаев мырзаны көрүп жатабыз. Бул биздин келечектен үмүт бар экенинен кабар берет. Эң эле исламдуу деп айтылган Сауд Арабстанда өкүмдарлардын исламга коошпогон аракеттери болгондугу үчүн ушундай толкундоолор келип чыгат.

“Азаттык”: Толкундоолордун учурунда талап-тоноочулук болду. Аны ар ким ар кандай кабыл алып, көрсө исламды бекем тутунган өлкөдө деле адамдар ач көз болот тура, кыйратат турбайбы деп жатышат. Адилеттикти бийик туткан динге көлөкөсүн түшүргөн жокпу ушул окуялар?

Жалилов: Эми сүрөттөп айта турган болсок, бир адам бирөөнүн колуна ийне менен сайып жиберсе, ой кандай мыкаачылык деп таң калып жаткандай, же бирөө башка бирөөнүн башын алып салса, таң калбагандай кеп болуп турат. Мисалы, биздин алтын кендерибизди сырттан келгендер мыйзам ченемдүү көрүнүштө алып кеткен болсо, эч кандай талап-тоноочулук катары баалаган жокпуз. Анан бир байкуш ЦУМга кирип, муздаткыч көтөрүп кетсе, дүйнөнүн бардыгы кыргыздар мародер, талап атат дейт да. Чоң-чоң мамлекеттер Египеттеги, Ирактагы нефтилерди уурдап атат.

Египеттеги адамдардын талап-тоноочулугу туура эмес, арам нерсе. Ислам динин карманган өлкө болгону менен ал жерде мусулман эместер да бар, мусулман дини тайыздар дагы бар. Мына биздин кыргыздар деле өзүбүз мусулманбыз деп 200 миң адам намаз окуп мактанганыбыз менен ызы-чуу болгон убакта кандай гана уурулуктарды көрдүк! Бирок менин сүйүнгөнүм: талап-тоноочулук болгондон кийин көп адамдар мага кайрылып, компьютер уурдадым эле, футболка алдым эле, ошолорду кантип кайра тапшырсам болот, биз элдин кызуусу менен ушул туура экен деп кирип кетип, эми кайда алып барышты билбей атабыз дегендеринен биздин кыргыздын коомчулугуна исламдын таасири тийип атканын көрдүм. Көптөрү кайтарып беришти.

“Азаттык”: Мисир өлкөсүндө, ар кандай маалыматтар боюнча, кыргызстандык 200дөн ашык жаштар билим алат экен, көбүнчөсү диний окуу жайларында. Сиздер ошолордун кабарын алып жатасыздарбы, сиздер аркылуу канчасы кетти эле, алар кандай билим алып жатат - муфтиат кызыгабы?

Жалилов: Албетте, Мисирдеги толкундоолор башталгандан бери эле байланышта турабыз. Азыр эле ошол жердеги студенттердин көрүнүктүү лидери Тариэл мырза менен сүйлөштүм. Ал жерде 400дүн тегерегинде студент бар деп болжойбуз, бирок так билбейбиз. Себеби, кээси турист катары барып, калып кеткен, жогорку окуу жайдан айдалып кетип, бирок Кыргызстанга келбей жүргөндөрү да бар. Студенттердин баары тынч, аман-эсен, курсактары ток. Дүкөндөрдө бир аз кезек күтүүлөр болуп жатыптыр, бирок нан, тамак-аш жетиштүү. Окуу жайлар убактылуу токтотулган, студенттерде жаманчылык жок, кудайдын кулагы сүйүнсүн.
Борбордук мечиттеги жума намаз

Муфтиаттан түздөн-түз кетпейт, муфтиат жолдомо бергендер барып окуса болот. Мен мындан 2-3 ай мурда Астанага барып, Мисир өлкөсүнүн элчиси менен жолуккам. Негизи бардык студенттер биз аркылуу кетсе жакшы болмок. Себеби, кээ бир студенттер бул жерден тамга тааныбай барып, анан бейтааныш агымдарга кошулуп кеткен учурлар да кездешет. Ошондуктан, биерде окуп, ак-караны ажыратып алгандан кийин барса, ошондо керектүүсүн иргеп ала турган кудуретке ээ болот эле деген пикирди айтсам, макул болушкан. Биздин студенттер негизинен Каир жана Искандария шаарларында окушат, Ал-Аскар университетинде окушат, андан башка университетте окуганга мүмкүнчүлүк берилбейт. Бирок Ал-Аскар университети атайын орто, жогорку, же атайын башталгыч деген медреселердин негизинде окутканы үчүн балдарыбыз көбүрөк барышат.
Кийими ар башка, бирок ойлору окшош.

“Азаттык”: Кыргызстандык жаштар Пакистанда да, Иранда да окушат деген сөздөр бар. Алардын багыттар окшошпу? Себеби, Пакистандан башкача, Ирандан бөлөкчө, Араб дүйнөсүнөн башкача болуп келет деп айтып калышат. Ушуну ажыратып берсеңиз?
Америкага барып, ал жердеги жашоо образга көнүп калган адам жынсы, рюкзак менен келет, ага эч кандай таң калыштын кереги жок. Пакистанга бирөө барып, 10 жыл жашаган болсо, ошонун кийимин кийип келсе өтө өөн көрүнөт.

Жалилов: Менин билишимче, Иранда биздин студенттер өтө аз окуйт. Былтыр Иранга барганда 3-4 студентти гана көргөм. Ал эми Пакистанда мындан 10 жыл мурда өтө көп окушчу. Азыр азайып калды, себеби окууга барганга виза азыр Пакистандын элчилигинен берилбейт. Ошол мамлекеттер кыргызстандык мусулмандардын ханафий масхабын карманган, ханафий багытындагы мусулмандар экенин билип, ошол багытта окутканга аракет кылышат. Бирок, биздин дин боюнча сүйлөгөн саясатчылар, талдоочулдар көбүнчө адамдын кебете-кешпирине карап баалашат.

Албетте, Америкага барып, ал жердеги жашоо образга көнүп калган адам жынсы, рюкзак менен келет, ага эч кандай таң калыштын кереги жок. Пакистанга бирөө барып, 10 жыл жашаган болсо, ошонун кийимин кийип келсе өтө өөн көрүнөт. Сауд Арабстандан келеби, Египеттенби, Пакистандан келеби, илимий маселе талкуулаганда бардыгынан бирдей эле пикир чыгат. Бирок кийим-кечесинде, жүрүш-турушунда, маданиятында бир аз өзгөчөлүктөр болот, бул адамдарга аралашуунун натыйжасы. Мисалы, өткөндө силерден сүйлөгөн жапон жигиттин кыргыздардын эмнеси жакты десе, макул деп коюп келбей койгону жакты дейт, ал деле жапондук кыргыз болуп калды, эми өз жагына барганда аны күнөөлөбөш керек дегендей эле кабылдоону суранат элем адамдардан.

Жума күнү неге жумушка чыкпайбыз?

“Азаттык”: Акыркы кезде имамдарды кайра сынактан өткөрүп жатасыздар, жума күнү муфтиаттын мекемелери иштебей, жума намазды насыйкаттаганга жумшасын деп чыктыңыздар. Ушунун тегерегинде, мисалы, бул аркылуу бара-бара Кыргызстандын Конституциясы өзгөрүүгө туш келиши мүмкүн деген соз тарады. Себеби, Кыргызстан калкынын 80 пайыздан ашыгын мусулмандар деп атагандан кийин, айталык, алар эгер муфтий жума күнү эс алса, мен дагы момун мусулман катары эс алгым келет деп талап коюп, ошондо Кыргызстандын 80 пайыз калкы жумушка чыкпай коюшу мүмкүн дейт. Бара-бара жума эс алуу күнгө айланып, Кыргызстандын мыйзамдарын, эмгек кодексин, акыры барып Конституциясын өзгөртүүгө чейин жетиши мүмкүн эмеспи?
Нарын облусундагы бир мечит

Жалилов: Бул жерде адам факторун эске алалы. Биз сүйлөгөндө кагаздарды ойлойбуз да, адамдарды ойлобойбуз. Мисалы, Кыргызстан жарандарынын 5 пайызын түзгөн православ дининдегилер өздөрүнүн ыйык күнү - жекшемби күнү чиркөөгө барып, чокуна алышат, каалашынча ыйлап, жүрөгүн тазартып, шамдарын каалашынча жага алышат. Ошол эле убакта 85-95 пайыз мусулмандар жума күнү намазга барып, жүрөктөрүн арууланта турганга мүмкүнчүлүк жок болуп атат. Укук коргоочулар жана башкалар кыйкырганда эле Башмыйзамды, эмгек кодексин бузуп атасыңар дейт. Бул кагаздар эмне үчүн жазылган? Ошол Кыргызстандын элинин жыргалчылыгын камсыздоо үчүн жазылган да. Эмгек кодексин да адамдардын жашоосуна жараша өзгөртүш керек. Адамдар эгерде жума күнү эс алгысы келип атса, эмне үчүн аларды өзгөртүп койбойбуз?

“Азаттык”: Анда жума күнгө чейин иштеп, анан жума жана ишемби күндөрү эс алып, жекшембиден баштап кайра ишке чыгыш керек болот экен да? Ошентип, иш эрежесин өзгөртүш керек болобу бара-бара?

Жалилов: Кыргызда сөз бар, иштин башы - ишемби деген. Ишемби күнү иш башталчу, бейшемби, жума дем алчубуз. Мен азыр бардыгын өзгөртүп жиберейин деген жерим жок. Азыр бейшемби, жума күндөрдү дем алуу кылган болсок, анда бизде экономикалык бир канча кыйынчылыктар болот. Себеби, европалык өлкөлөрдө ишемби, жекшемби дем алыш болгондуктан, төрт күн банктар байланышпай калат да. Бул маселени мен билип турам. Бирок ошол эле убакта таптакыр чечилгис маселе катары караганга болбойт. Эмне үчүн адамдар талап кылып атса аткарбаш керек? Мисалы, бизде мыйзам бар 30 миң адам кол топтоп келсе бир нерсени өзгөртсө болот деген. Канча миң адам добуш берсе, бирөө президент болуп калат, же базарда жүргөн, же кой кайтарып жүргөн адам депутат болуп отуруп калат KG унаасын айдап. Бул жерде мен азирети муфтий катары айтам: муфтиат жума күндү дем алыш кылып жибергенден чоң саясат чыгаруунун кереги жок.

“Азаттык”: Мындай болгондо Кыргызстан шариаттын мыйзамдарына көчүш керек. Анда Кыргызстан өзүн биротоло Конституциясын өзгөртүп, ислам мамлекет катары жарыялаш керек да, чынбы?

Жалилов: Жок, мисалы Конституцияга светтик деп жазылгандан Кыргызстанды мусулман эмес мамлекет катары тааныш керек деп айткан жерим жок. Ошол эле убакта мен мусулман болгон үчүн мусулман мамлекетке өткөрүп жиберели деп да айткан жерим жок. Болгону өзүбүздүн конституциялык укугубузду пайдаланып, мамлекеттик эмес ишкана болгон үчүн муфтиатта жуманы иш күн эмес катары бааладык. Биз муну эч кандай жалпы Кыргызстан элине фатва катары чыгарып, баарыңар мусулман катары угууга милдеттүү деген таризде зекет сыяктуу жарыялаган жерибиз жок.
Депутаттар кечке ырдыбай-чырдыбай болуп отургандан көрө, жок дегенде 2-3 саат барып жүрөгүн тазартып келип, кайрадан жаңы дем менен ишке киришин каалайбыз. Ошого каражат кетет деп айтышат. Жок, ошол жерге өзүмдүн чөнтөгүмдөн мечит кылып бергенге жардам берет элем.

Экинчи маселе: бул токтомумдун негизинде мага кине коюп аткандар менин кайсы бир деңгээлде мусулмандык укугумду, ошол эле убакта менин атуулдук укугумду тебелеп жатканын билбей атышат. Кээ бир укук коргоочулардын муфтиаттын чыгарган чечими кайсы бир деңгээлде эрте болуп калды дегени, же булардын мага, же биздин динаятчыларыбыздын мыйзам чегинде иштегенине сын айтып жаткандыгын, албетте, биздин укугубузду кайсы бир деңгээлде тебелегендик катары баалайбыз. Биз муну менен Кыргызстанды исламдаштырып жиберебиз дегенибиз жок. Ансыз деле Кыргызстан дүйнөгө ислам өлкөсү катары таанылган. Ислам өкүмдөрү аткарылбаган күндө деле мусулмандар көпчүлүктү түзгөн болсо, бул дүйнөлүк саясатта ислам өлкөсү катары бааланат мыйзамга кандай жазып койсок дагы.

“Азаттык”: Коом ичинде аябай талкууга алынып жаткан маселе - бул парламентте намаз окуучу жайларды ачуу. Өзүңүз айткандай, укук коргоочулар салык төгүүчү катары биздин укугубуз тебеленип атат деп чыгышты. Андан сырткары Кыргызстанда башка катталган диндердин баары, айталык, бир депутат болсо дагы мага ошол жерде чокуна турган, же шам жага турган бир бөлмө ачып бер деп, анан парламенттик имарат бара-бара мечит менен чиркөө жайга айланып кетеби деген көз карашты айтууда...

Жалилов: Эгер ашкере кетип калсам кечирим сурайм, мен муну дөөдүрөктүк катары баалайт элем. Демократия деген бул көпчүлүк адамдардын добушу, кызыкчылыгы деген сөз. Экинчиден, Кыргызстанда эки түптүү дин бар - бул ислам жана христиан дининдеги православ агымы. Мен бул жерде спикерге ыраазылык билдирет элем. Бул маселени сыртка чыгарбастан, ошол жерден чечип, бөлмө ачканга уруксат берди. Бирок, кээ бир адамдар ушул нерседен дагы, балким, мусулмандардын добушун алгысы келдиби, айтор, шоуга айландырып жибергени өкүндүрөт. Үчүнчүдөн, шайлоочулардын, салык төлөөчүлөрдүн укугу тебеленип жатат дешет. Укук коргоочулар, балким 1-2 пайыздыр, бирок 80-90 пайыз мусулмандар дагы салык төлөйт. Депутаттар кечке ырдыбай-чырдыбай болуп отургандан көрө, жок дегенде 2-3 саат барып жүрөгүн тазартып келип, кайрадан жаңы дем менен ишке киришин каалайбыз. Ошого каражат кетет деп айтышат. Жок, ошол жерге өзүмдүн чөнтөгүмдөн мечит кылып бергенге жардам берет элем.
XS
SM
MD
LG