Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Мусулмандар тасма чуусуна бушайман


Бишкектеги борбордук мечит, 26-июль, 2013.
Бишкектеги борбордук мечит, 26-июль, 2013.

6-январда муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди кызматынан өз эрки менен кетип калууга чакырган топ муфтияттын алдына чакан акцияга чыкты.

Алардын айтымында, видео чуусунан кийин Эгембердиевдин мусулмандардын башчысы болуп турганы моралдык жактан туура эмес. Ал эми муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев мунун баары атайын уюштурулган “кара пиар” экендигин айтууда.

Муфтияттын алдына келгендердин бири - Бишкек шаарынын тургуну Камчы Парманкуловдун оюнча, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кызматтык милдетин башка бирөөгө өткөрүп бериши керек. Анткени анын видео чуусунан кийин мусулмандардын башчысы болуп турганы моралдык жактан туура эмес.

Орозо Айт намазы, 8-август, 2013-жыл
Орозо Айт намазы, 8-август, 2013-жыл
- Менин эң биринчи, чын жүрөгүмдөн тилегим: видеодогу аял ылайым эле азирети муфтийибиздин аялы болуп чыксын. Экинчисиби, макул үчүнчүсүбү, аялы эле болсун, эң башкы тилегим ушу. Экинчиден, бирок кандай болгон күндө да тасманын ачыкка чыгып кеткени факт болуп калды. Азирети муфтийибиз бизге динден маселе айтчу эле, биз анын артында туруп намаз окучу элек. Эми ушул фактыдан кийин бул маселелер бир аз кыйын болуп калат го. Ошондуктан, уставдын негизинде татыктуу бирөөгө өткөрүп берет го деген ниеттебиз. Бүгүн ушул үчүн өзүнө жолугуп көрөлү деп келдик.

Муфтийди кызматтан кетүүгө чакырган акция

Муфтийге каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Чогулгандар 6-январь муфтиятта дем алыш күн болгондуктан, Рахматулла ажы Эгембердиевдин өзүнө жолуга алышкан жок. Муфтиятка келгендердин арасында айрым диний аалымдар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү да болду.

Рахматула ажы Эгембердиев 2012-жылы июль айында муфтийдин милдетин аткаруучу, ошол эле жылдын декабрында уламалар кеңеши тарабынан муфтий болуп шайланган.

Өзүн аксакалдардын “Бакай” кеңешинин төрагасы деп тааныштырган Токтобай Сатаев болсо азыркы муфтийди кызматтан кетирүүгө эч кандай негиз жок деп эсептейт:

- Өзүнүн аялы менен каалагандай мамиле кылат да. Бул жумурткадан кыр издеген биздин аалымдардын туура эместигин көрсөтөт. Биз Чубак ажы муфтийликтен кеткенде Рахматулланы элдин ынтымагы үчүн шайлаган болчубуз.

31-декабрда муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин жаш аял менен сүйүү ышкысына батып жатканы тартылган тасма интернетке тарап кеткен. Ал боюнча Эгембердиев түшүндүрмө берип, тасмадагы келин өзүнүн төрт жылдан бери жашап келаткан жубайы экенин билдирген. Ал бул сөзүн өткөн бешинчи күнү борбордук мечиттеги жума намазда да кайталаган.

- Бүгүнкү күндө интернетте таркалып жаткан тасмадагы менин ак никелүү аялым. Аны бурмалап, ар кандай ушактарды таркатып жаткандарга Алла Таала нысап берсин. Мен өзүмдү элдин алдында да, Кудайдын алдында да акмын деп эсептейм.

Ал ортодо бүгүн-эртең Бишкекте уламалар кеңеши чогулуп, акыркы күндөрү муфтияттын айланасында пайда болгон маселелерди талкуулары айтылууда. Анда Рахматулла ажы Эгембердиевдин кызматтан кетүүсү жана жаңы муфтийди шайлоо да маселеси да каралышы мүмкүн экендиги кабарланууда.
XS
SM
MD
LG