Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө


Муфтияттын чечими менен Кыргызстандын бүт аймактарында айт намаз саат 6дан 10 мүнөт өткөндө башталды. Орозо айтка байланыштуу 17-июль өлкөдө дем алыш деп жарыяланган.

Бишкектеги намаз эски Ала-Тоо аянтында окулду. Ага болжол менен 10 миңдеген адам келди.

Бүгүнкү Айт майрамына карата Ошто он чакты айдоочу элди шаар ичинде акысыз тейлешүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» акциянын уюштуруучусу Талант Канатбек уулу кабарлады.

Алар өз унаалары менен шаар тургундарын орозо туткан-тутпаганына карабай тейлешип, ал үчүн эч кимден акы талап кылбай турганын айтышууда.

Уюштуруучулар бул акция шаар тургундарына позитив тартуулап, элдин бири-бирине болгон сый-урматын жакшыртат дешет. Иш-чара учурунда саясий же диний көз караштар эч кимге таңууланбай турганын да кошумчалашты.

Жалал-Абадда болсо таң эрте шаардын борбордук Эркиндик аянтына айт намазын окууга 10 миңден ашык адам келди. Орозо айт майрамы менен шаардыктарды калаа мэри Салайдин Авазов куттуктап, көп улуттуу шаар тургундарына ынтымак жана улуу майрамда жакшылыктарды тиледи. Аймакта айт намаздар быйыл 4-жолу аянтта окулууда.

Учурда борбордук аянтын бир бурчуна тамак-аштар сатыкка коюлуп, эс алуу бактарында күндөгүдөн айырмаланып бүгүн эл көп.

Бишкектин борбордук аянтындагы намаз

Бишкектеги айт намазда бир киши эсин жоготту
Борбор калаадагы айт намаз учурунда бир жаран эстен танды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

Оштогу айт намаз
Оштогу айт намаз
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

XS
SM
MD
LG