Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Орозонун түйшүгү жана максаты

Бишкек. Эски аянтта окулган айт намазы.
Бишкек. Эски аянтта окулган айт намазы.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 29-июнду Орозо айынын башталышы деп тапты.

Орозо бул исламдын негизги 5 парзынын бирөө. Ал мусулмандарга өзүлөрүнүн жүрүм - турумун кайра баштан карап чыгууга, диндин негизги максатын аңдап түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет деп айтылат. Орозо айында адамдар түшүнбөстүктөрдү, таарынычтарды унутууга милдеттүү. Ошондой эле бул айда мамлекеттер, же араздашкан тараптар ортосундагы уруш-жаңжалдар, согуштар да токтошу керек. Аалымдардын айтымында, орозо тутуу - бул ачка жүрүү менен чектелбейт, анда адам бардык жаман адаттарын өткөнгө калтырууга мүмкүнчүлүк алат. Быйыл Кыргызстанда орозо тутам деген киши дээрлик 18 саат ачка жүрүүгө туура келет. Бирок исламда анын эбегейсиз сообу бар деп айтылат. Күн ысыгында кантип орозо тутуу керек? Оорукчандар, кары-картаңдар орозодо кантишет? Тамак-ашты кантип ичүү зарыл? Дегеле бул айдын диндеги орду кандай?

Биз жана дин: Орозонун түйшүгү менен сыйлыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:18 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

  • 16x9 Image

    Заирбек Бактыбаев

    "Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.

Куржундар
XS
SM
MD
LG