Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Дин: аялдар радикалдашып баратат


Үй шартындагы диний мектепте ислам таалимин алып жаткан аялдар. Оштун Араван району, 13-сентябрь, 2012.
Үй шартындагы диний мектепте ислам таалимин алып жаткан аялдар. Оштун Араван району, 13-сентябрь, 2012.

Кыргызстанда аялдарды радикалдуу диний жабык уюмдарга тартуу күч алып баратканы айтылууда. Мунун себептерин “Азаттык” арай көз чарай талкуулады.

Атайын кызматтардын жана эксперттердин иликтөөлөрүнө караганда, ислам дининин тыюу салынган агымдарына тартылган аялдардын катары өсүп жатат. Аялдар арасында пайда болгон диний радикалдашуу көрүнүшү коомго кандай таасир этиши мүмкүн жана аны мамлекет менен муфтият кантип жөнгө салышы керек?


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз




Бул маселенин айланасында уюштурулган талкууга Кыргызстан муфтиятынын жаңы түзүлгөн аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, аялдардын “Мутакалим” уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, ИИМдин экстремизмге каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбеков жана "Фергана өрөөнүндө тынчтыкта өнүгүү" фондунун башчысы Расул Авазбек уулу катышты.

"Азаттык:" Радикалдуу диний уюмдардын катарын аялдар толтуруп жатат, болгондо да алардын курагы жашарууда деген пикирлер көп айтылып келатат. Мунун чындыгы барбы, фактылар эмне дейт?

Эмил Жээнбеков: Чындыгы бар, тилекке каршы. Акыркы жылдары бул көрсөткүч өскөндүгүн да белгилеп кетсек болот. Республика аймагында эркектер менен теңтайлаша эле айрым терс көрүнүштөгү агымдарга аялдардын, анын ичинде жаштарыбыздын активдүү катышкандыгы байкалып атат.

Эмне үчүн экстремисттик, террористтик агымдарга аялдарыбызды, кыздарыбызды тартып атышат? Себеби бул жерде өзгөчө маселе аял – тарбиячы. Колунда балдарыбыз тарбия алат. Экинчиден, аялдардын идеологиялык таасирге тез кирүү өзгөчөлүгү бар. Ошондой эле аялдар терс идеяларды таркатууда өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ушул жагдайлар терс көрүнүштөгү уюмдардын аялдарга кызыгуусун арттырууда.

Конкреттүү фактылардан келтирейин. Мисалы, жакында эле Кадамжай районунда болгон бир операцияда алты аялдын экстремисттик уюмга активдүү катышкандыгы байкалды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ал аялдардын үчөө камакта отурушат. Кызыгы ошол алты аялдын үчөөнүн күйөөлөрү дин менен байланышы жок, диний мамилелерге тартылбаган адамдар болуп чыкты. Башкача айтканда мурда экстремисттик уюмдардын өз тарабына аялдарын тарткан фактылар жолукса, азыр аялдар өз алдынча активдешип, экстремисттик уюмдарга мүчө болуп атышат.

Жамал Фронтбек кызы: Биз проблеманын мөмөсүн жыйырма жылдан кийин көрүп атабыз. Эмне үчүн? Кыргызстандагы диний саясатка көп көңүл бурбагандан болуп атат. Мына жыйырма жылдан бери мусулман аялдарга эч көңүл бурулган жок. Жер-жерлерге мечиттерде атайын аялдардын кире турган жери жок. Аялдар менен иштей турган адисибиз да жок. Болсо да аны иштетпейт.

Бишкекте аялдар менен иштей турган бир дагы борбор жок. Анан аялдар кайда барат? Алар бир нерсе үйрөнгүсү келет. Анан экстремисттик уюмдар болобу, айтор алар каражаты бар экен, үйлөргө чогулта коюп эле окугула десе “мен динди окуп, билгим келип атат” деп суусап турган аялдар барып атат. Бир дагы телеберүүбүз жок болсо, дин таануу, ислам таануу же жөнөкөй эле даарат алуу, намаз окуу жөнүндө билиш үчүн алар ошол жакка барып атышат. Же мектепте, же университетте дин сабагы жок болсо, анан алар болгон маалыматты дароо сиңирип алат дагы, аялдар тез таасирленгендиктен, фанат болуп кетип атышат.

Расул Авазбек уулу: Чынында эле бул оор маселе. Азыр легалдуу дагы, легалдуу эмес уюмдар дагы аялдар менен иштөөнү күчөтүштү. Ошол эле легалдуу деп аталган "Таблиг жамааты" уюмунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө аял билим берүүнүн туткасы болгондуктан, аялдар менен иштетүүнү күчөтүп жатабыз деп атышат. "Таблиг жамааты" менен бирге биздин коомдо мастурат деген жаңы кубулуш пайда болду. Алар кадимкидей эле күйөөлөрү менен чогуу дааватка чыгышып, үй-үйлөрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул жамааттар айылдарда эле эмес, шаардын өзүндө пайда болду.

Анан кээ бирлери караңгы аялдар тартылып атышат деп жүрүшөт. Бул туура эместей да сезилет. Анткени даават кылган аялдардын көпчүлүгү мурда жакшы кызматтарда иштеген, коомдо орду бар аялдар ушундай иштерге тартылып жатышат.

Экинчи маселе - хужралар маселеси. Чынында эле Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда хужралар пайда болду. Мыйзамсыз деп айтайын, анткени хужралар имам-хатибдердин уруксаты менен ачылыш керек. Акыркы кездери аялдардын уруксат алынбаган хужралары көбөйдү. Ал жерде өтө эле радикалдуу ой-пикирлерди айткан фактылар бар. Мисалы, бул ооруканага алып барбай коюп, аны Кудайдын өкүмү деген радикалдуу ойлорду айтышат. Биз мына апрель-майда Ноокатта болдук иш боюнча, ушу дин маселеси өтө эле көмүскөдө калып кеткен, ошого жараша түрдүү уюмдар колдонуп кетип жаткандыгы жөнүндө көп айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG