Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Кыргызстан адам укуктары боюнча Женевада отчет берди


Женевадагы БУУнун Адам укуктары кеңешиндеги талкуу, 19-январь, 2015-жыл
Женевадагы БУУнун Адам укуктары кеңешиндеги талкуу, 19-январь, 2015-жыл

Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасы талкууланды. Баяндаманы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жасады.

Кыргыз делегациясын жетектеген вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жана кыйноолорго каршы аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Андан кийин сөз сүйлөгөн тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Кыргызстандын адам укугу жаатындагы эл аралык уюмдар менен кызматташтыгына токтолду. Анын айтымында, Кыргызстан адам укугун сактоо боюнча БУУнун тогуз конвенциясынын сегизине кошулган. Бешимов белгилегендей, учурда Кыргызстан Улуттар уюмунун "Күчкө салып адам уурдоого каршы коргоо" боюнча конвенциясына гана кошула элек. Ал бул үчүн конвенция менен таанышууга кошумча убакыт керектигин кошумчалады.​

Женевага отчет бергени барган кыргыз делегациясынын курамында, ошондой эле Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөлөрү, депутаттар Наталья Никитенко, Эристина Кочкорова бар.

Кыргызстанда кумсаларды пропагандоолого каршы мыйзам долбоор абдан көп талкуу жаратканын Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко билдирди. Анын айтымында, парламентте сунушталган бул мыйзам долбоор коомдо жана Жогорку Кеңеште талкуу жаратып, бир катар депутаттар каршылыгын билдирди. Ошондуктан, бул маселе боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөө үчүн жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоор Европарламентке жөнөтүлгөнүн Никитенко маалымдады.

Андан соң БУУдагы башка өлкөлөр Кыргызстанга өз сунуштарын айтты.

Швейцариянын өкүлү кыргыз бийликтерин тынч жыйындарды өткөрүүдө ар кыл чектөөлөргө барбоого чакырды.

Түркиянын өкүлү Кыргызстандагы мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана Акыйкатчы институтун өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп өттү.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Чыгыш Тимор өлкөсүнүн өкүлү өлкөдөгү аялдарды укугун коргоого көңүл бөлүүгө жана ала качууга каршы чараларды күчөтүүгө токтолду.

Тажикстандын өкүлү улут аралык ар кыл чатактардын алдын алган механизмдерин өнүктүрүүгө чакырды.

Швециянын өкүлү өлкөдөгү сексуалдык азчылыктардын укугун коргоого көңүл бөлүүгө чакырса, Белгия өкүлү өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы абалды мындан ары өнүктүрүү керектигин билдирди.

АКШнын өкүлү Кыргызстандагы кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорду жана «чет өлкөлүк агент» боюнча мыйзамды сынга алды. Кошмо Штаттары кыргыз парламентин эл аралык келишим жана нормаларга каршы мыйзам долбоорду кабыл албоого чакырды. Ошондой эле этникалык азчылыктардын укуктарын сактоого жана укук коргоо органдарына тарабынан ар кыл басымдарды токтотууга үндөдү.

Бразилия гендердик жааттагы абалды жөнгө салууга жана сексуалдык азчылыктардын укугун коргоо кеңешин берди.

Канаданын өкүлү Кыргызстандагы парламенттик демократия өнүктүрүү жаатындагы аракетин колдорун билдирип, өлкөдөгү жашы жете элек кыздарды ала качуу жолу менен турмушка узатуу көрүнүшүнө каршы туруу жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укугун коргоону сунуштады.

Бангладештин өкүлү өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана жакырчылык менен күрөшүүгө чакырды. Ошондой эле билим берүү мекемелерин каржылоону күчөтүп, жарандарын билим алуу укугун толугу менен камсыздоого үндөдү.

Айтылган сындар, сунуш-пикирлер боюнча кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өз ойлорун айтып, Кыргызстанда адам укугу жаатында жасалып жаткан иштер боюнча кошумча маалыматтарды берди.

Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү Эристина Кочкорованын айтымында, «чет элдик агент» боюнча мыйзам долбоорду артка чакыртып алуу сунушталган. Анын айтымында, сунушталган сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоорго көптөгөн сындар айтылып жатат. Ошондуктан, өткөн жылы 24-ноябрда Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өтүп, демилгечилерине мыйзам долбоорду чакыртып алуу сунушу берилди. Учурда аталган мыйзам долбоор парламенттик жалпы жыйында карала электигин белгилеген Кочкарова Жогорку Кеңеш эл аралык нормаларга каршы келген жана адам укугун чектеген мыйзамдарды кабыл албай турганын убада кылды.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов акыркы жылдары сот жараяндары учурунда адвокаттарга жана күбөлөргө кол салган учурлар болгонун, былтыр бул боюнча кыргыз өкмөтү атайын программа кабыл алып, бул жаатта ишти күчөткөнүн белгиледи. Буга мисал катары Асанов ИИМ алдында атайын башкармалык түзүлгөнүн келтирди.

Ошондой эле ИИМ өкүлү ала качууга байланыштуу Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, жазалар күчөтүлгөнүн кошумчалады.

2010-жылдагы июн окуяларынан бери беш жыл өттү жана андан бери өлкөдө абал таптакыр өзгөрдү деген Асанов укук коргоо органдары өлкөнүн баардык жарандарынын укуктарын коргоо жана улут аралык мамилени жакшыртуу боюнча тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 2010-жылга чейин жабык жайлардагы кыйноолорду жашыруу аракети болуп келген. Бул тууралуу БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Малик Бектурганов билдирди. Анын айтымында, абал 2010-жылдан соң өзгөрүп, кыйноого каршы бир катар олуттуу иштер жасалган. Бектурганов мыйзамдарга кыйноону оор кылмыштардын катарына кошкон өзгөртүү киргизилгенин жана жабык жайларда атайын көзөмөл камералар орнотулганын билдирди.

Алым-сабак талкуу уланып, БУУнун башка өкүлдөрү да Кыргызстанга адам укугу жаатындагы абалды жакшыртуу боюнча дагы кошумча сунуштарын айтты.

Хорватиянын өкүлү Кыргызстандагы балдардын укугун коргоону күчөтүүгө жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды токтотууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Чехия кыргыз парламент мүчөлөрүн сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген жана этникалык жана расалык өзгөчөлүктөрүнө жараша дискриминацияга жол ачкан мыйзамдарды кабыл албоого үндөдү.

Германиянын өкүлү укук коргоо кызматкерлери тарабынан этникалык азчылык өкүлдөрүнө кугуунтукту токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Ирландия сот реформасын улантып, соттор толугу менен көз карандысыз иш алпарышы үчүн бардык шарттарды түзүүгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстанда укук коргоочуларга карата коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирип, буга каршы күрөшүү зарылдыгын белгиледи.

Казакстандык делегация мүчөсү Кыргызстанда балдарга карата ювеналдык юстицияны өнүктүрүүнү жана бул тармакта өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Ювеналдык юстициянын максаты - кылмыш жасаган өспүрүмдү абактан сактап калуу. Бул үчүн өспүрүм күнөөсүн моюнуна алып, жабыркаган тараптан кечирим сурашы керек. Ортомчулук кызматты атайын даярдыктан өткөн медиаторлор көрсөтүшөт. Мыйзамды бузган өспүрүмдү түрмөгө жеткирбей алып калуу маанилүү экенин адистер белгилешет.

Ал эми Жапониянын өкүлү 2010-жылдагы окуядан соң улут аралык мамилелер жаатындагы абалга тынчсыздануусун билдирип, ал окуялардын кесепетин жоюу үчүн иштерди күчөтүүгө чакырды. Дал ушундай эле сунушун Норвегиянын өкүлдөрү да беришти.

Ал эми Нидерланддын өкүлү бейөкмөт уюмдар жана сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген демилгелердин парламентте көтөрүлүшүн сынга алып, мындай абал Борбор Азия өлкөлөрү үчүн үлгү болгон Кыргызстандын кадыр-баркына шек келтирерин билдирди. Ошондуктан, мындай демилгелерден баш тартууга чакырды.

Учурда бүгүнкү жыйын аяктады. Жыйынтыктоочу сөз алган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин мүчөлөрү айткан маселе сунуштардын көпчүлүгү боюнча иш жүрүп жатканын билдирди:

- Бардык айтылган сунуштар, аялуу маселелер боюнча пикирлерди уктук. Алар өтө кылдаттык менен анализденип, бардык мамлекеттик органдар тарабынан каралып, жарандык коом өкүлдөрү менен бирге талкууланган. Бул боюнча керектүү чаралар кабыл алынат. Дагы бир жолу эскертким келет. Кыргызстандын адам укугу жаатында жогорку деңгээлди сактап калуу ниети бар жана бул боюнча иш жүзүндө кадамдарды жасайт.

Ушуну менен Кыргызстандын баяндамасы угулуп бүттү. Жыйын шаршембиде уланат.

БУУнун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, уюмга мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын өз өлкөсүндө адам укуктарынын сакталышы боюнча жасалган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек.

Кыргыз өкмөтү алгачкы баяндамасын 2010-жылы сунуштаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG