Өз атын атагысы келбеген төмөнкү айым азыр жесир калып, беш жаштагы кызын жалгыз тарбиялайт. Ал ВИЧ-статусу аныкталган күйөөсүнүн көзү өткүчө, аны менен бирге жашоо кечирди. Кыйың кезеңде жолдошуна колдоо көрсөтүш өзүнүн парзы деп билди. Бирок учурда күйөөсүнөн да айрылып, өз ден-соолугу тууралуу күмөн санап турган кези. Азыр анын жалгыз медери, карманганы – кичүү кызы. Бирок тилекке каршы, балада да ВИЧ-инфекциясы аныкталган.
- Менин күйөөмдө ВИЧ бар экендигин 2004-жылы аныкташты. Ал кезде менин кызым болгону эки айга толгон эле. Күйөөм мага келип, биз бейтапканага барышыбыз керек экендигин айтты. Биз ал айткандай эле бейтапкана текшерилгени жөнөдүк. Бирок биз СПИД борборуна келип калдык. Мен ага, биз туура эмес жерге келип алдык го...дедим. Көрсө, биз так ушул жерге келишибиз керек экен. Ошол убакка менде ВИЧ жок экендигин аныкташса да, мен азыр өзүмдүн ден-соолугуман күмөн санайм. Мен корком деп айта албайм. Бирок мен өзүмдүн ВИЧ-статусум тууралуу маалымат алганга азыр даяр эмесмин.
Мындай тагдырга тушуккан бул айым мөгдөп калбай, учурда ВИЧ-инфекциясы бар адамдар укугун коргоого белсенди.
Ал учурда өлкөдөгү адамдын иммундук таңсыктык дартын жугузуп алгандардын кызыкчылыгын коргоочулардын бири катары активдүү иш алып барат.
Бул уюмдун билдирүүсүндө жыл башынан бери эле 266 адам ВИЧке чалдыккандар катарын толуктады. Укук коргоочу Цахариас Сергейдин айтымында, чындыгында, СПИДке чалдыккандар саны мындан алда канча көп болушу ажеп эмес:
-Иш жүзүндө бизде эпидемия бар. Мен силерге сандык берүүлөр тууралуу да айттым. Бул расмий сандык берүүлөр. Мен жумуш боюнча мындай ВИЧ инфекциясы бар адамдар менен сүйлөшуп турам. Андыктан, чынында бул статистика биздеги абалды чагылдыра албайт деп айта алам. Балким, бизде ВИЧ-статусу позитивдүү адамдар саны мындан алда канча көп.
Адамдын иммундук таңсыктык дартын жугузуп алгандардын кызыкчылыгын коргоочуларды колдоого алган “Өнөктүк желе” уюмунун директору Акбар Султаналиев ушу тапта ВИЧ Чүйдө тез ылдамдык менен жайылууда деп билдирет:
-Айтпай турайын кайсы район. Бирок ошол район боюнча эле төрт ай ичинде алтымыш кишиде ВИЧ чыкты. Ай сайын он беш адамда жаңылары катталып атат. Көбүнчөсү баңгизат сайынгандар.
Өлкөдө ВИЧ инфекциясын көбүнчө баңги, сойку жана түрмөдөгүлөр жугузат деп келишет. Андыктан адистер анын жайылышы тар чөйрөдө айланма мүнөздө жүрүүдө деп сыпатташат.
Бирок ВИЧ менен катталган кызыкчылыгын коргоочу Александар Селезнев ВИЧ боюнча абал өзгөчө түрмөлөрдө курч мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, тезинен чара көрүүго чакырат.
- Ушу тапта , мен билгенден эле, ВИЧ статустуу отузга чамалаш киши түрмөлөрдө отурат. Аларда СПИД стадиясындагы ВИЧ эле эмес, кургак учук дагы бар. Жана аларга карата өкмөт тарабынан эч кандай колдоо, медициналык кароо жокко эсе. Кыскача айтканда бул адамдар өз өлүмтүгүн да арта алышпайт.
Республикалык СПИД борборунан билдиришкендей азыр өлкө боюнча ВИЧи бар адамдар саны эки миң эки жүздун тегерегин чапчыды.
Адистердин белгилешинче өлкөдө дале болсо СПИДди ооздуктоо мүмкүнчүлүгү колдо. Өкүнүчтүүсү, жашпы-карыбы, эркекпи-аялбы, балабы-карыбы, өлкөдө ВИЧ - инфекциясы аныкталган адамдарга коомдун мамилеси бирдей – обочолонуу.
Андыктан адамдын иммундук таңсыктык дартын жугузуп алгандардын кызыкчылыгын коргоочулары бүгүн кайрылуу менен чыгып, дагы бир ирээт ВИЧка чалдыккандарга карата коомчулук тарабынан сабырдуу мамилени талап кылышты.
Бүгүнкү күнү ВИЧке кабылган жубайлар арасында бирин-бирин таштап кетүү, басмырлоо; коомдук турмушта болсо, жумуштан эч себепсиз бошотуп салуу, кол кезеп шылдыңдоо көрүнүшү бар.
Ушул себептүү адамдын иммундук таңсыктык дартын жугузуп алгандардын кызыкчылыгын коргоочулары 27-майда ВИЧи бар адамдардын биринчи курултайын өткөрүшкөн. Ага 30га чукул адам катышып, илдет боюнча өз көйгөйлөрүн Казакстан, Тажикистандан келген адамдар да ортого салышкан.