Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

ЕККУ: Зомбулук тарткандар 15 миңге жетиши мүмкүн


Оштогу этникалык жаңжалдагы качкындар, Йоркишлок, 13-июнь, 2010
Оштогу этникалык жаңжалдагы качкындар, Йоркишлок, 13-июнь, 2010

Кыргызстанда 2010-жылы 5 миңден 15 миңге чейин жаран зордук-зомбулукка жана сексуалдык кулчулукка кабылганы айтылууда

Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы жетекчисинин атайын өкүлү Мария Грация Жаммаринаро Кыргызстандын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Кулчулук курмандыктары кимдер?

Негизинен алардын жаш курагы 16дан 30 жашка чейинкилер. Бирок бул али тактоону талап кылган маалымат. Андыктан айтылган сандар мындан аз же көп болушу ыктымал.

Негизи эле кыргыз журтчулугунда зомбулук, анын ичинде сексуалдык кулчулук фактылары арбып баратканын укук коргоочулар да белгилөөдө.

Мисалы, “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова өспүрүмдөр арасында зомбулукка, анын ичинде жыныстык мажбурлоого кабылгандардын басымдуусу жогорку класстын окуучулары экенин белгиледи.

- Бизге абдан көп кайрылышат. Мектептерде уруп-сабоого учураган балдар көбөйүп баратат. Анан дагы бир өзүнчө тенденция болуп атат, рэкеттен башталган маселе сексуалдык зордук-зомбулукка да өтүп кетүүдө.

Укук коргоочу мындан тышкары, көбүнчө ата-энесинин колунан таяк жеген балдар психикалык жана дене жараттарына кабылышарын да кошумчалады.

Ал эми чоңдорго келсек, үй-бүлөлүк зомбулукка да, сексуалдык кулчулукка да көбүнесе аялдар кабылышат экен.

Маселен, өткөн жылкы калабадан кийин мындай жагдайлар Ош шаарында көбүрөөк орун алганын жергиликтүү “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова айтат:

- Азыркы мезгилде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көбүрөөк катталууда. Былтыркы кооганын натыйжасынан улам ажырашуулар көп болуп атат. Мисалы, түгөйлөр бири-биринен күмөн санашып, “сен ошол убакта балан жерде, түкүн жерде болчусуң, мен качканда сен атайылап качпай койгонсуң”, деген сыяктуу араздашуулар көп болууда. Мындан сырткары жаш, студент кыздар арасында зомбулукка кабылгандар көп.

Дарика айым жергиликтүү калктын кулк-мүнөзүнөн айынан көпчүлүк аялдар зомбулукка кабылганын жашырышарын айта кетти.

Иш издеп кеткен эле

Чет өлкөлөргө иш издеп чыгып, кулчулук торуна түшкөндөр да ондоп саналаары көптөн бери айтылып келет. Териштире келгенде алар маселен, кайда бараткандыгы, эмне жумуш кыла тургандыгы тууралуу толук маалыматка ээ эмес экендиги билинген. Булардын көбү жашоосу жакыр үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана айыл тургундары.

Кыргызстандагы миграция жана жумуштуулук министри Алмазбек Абытов жумуш артынан чет жакка агылгандар зомбулукка, кулчулукка кабылбашы үчүн атайын кеңеш беришээрин эске салууда.

- Алдын алыш үчүн биздин министрлик республиканын бардык облус борборлорунда 189 деген тез байланыш номерин ачкан. Сыртка чыгып аткандар ошол номерге чалса маалымат бере алабыз. Маселен, барардан мурун документтерди даярдагыла, бейтааныш адамдарга паспортторуңарды бербегиле, жумушка уруксат кагазын көчөдөн сатып албагыла деген сыяктуу маалымат-кеңештерди беребиз.

Кыргызстандын экономикасынын чабалдыгынан адамдар ар кандай иштерге, анын ичинде шектүү жумуштарга башын байлоого аргасыз. Бийлик, дагы көп сандаган жарандык уюмдардын зордук-зомбулукка, кулчулукка каршы күрөшү күткөн натыйжасын бербей жатканын ЕККУнун жогорку даражалуу өкүлүнүн маалыматы дагы бир сыйра айгинеледи көрүнөт.

XS
SM
MD
LG