Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Ош: Бузуруковдун өлүмү иликтенүүдө


Оштогу тергөө абагы.
Оштогу тергөө абагы.

Ош шаарындагы тергөө абагында каза тапкан Маматазиз Бузуруковдун өлүмү боюнча кайчы пикирлерге чекит коюла элек.

Укук коргоочулардын айрымдары аны кыйноодон улам өлдү десе, айрымдары медициналык көмөк көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу каза тапкан деп жатышат. Ал эми күч тармагындагылар жана дарыгерлер Бузуруковдун жүрөк оорусу кармап, капыстан каза тапканын айтышууда. Учурда бул боюнча атайын текшерүү жүрүүдө.

63 жаштагы Маматазиз Бузуруков үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынын кечинде каза тапкан. Ал мындан эки ай мурда уулу экөө кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Ош облустук прокуратурасы ата-бала Бузуруковдорго “адам өлтүргөн” жана “массалык башаламандыкка катышкан” деп, айып таккан. Андан соң ишти 29-июлда Карасуу райондук сотунун өндүрүшүнө өткөрүп берген дейт облпрокурор Айбек Турганбаев:

- Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүндө каралып жатат. Бирок тилекке каршы, Бузруков тергөө абагында, врачтардын алдын-ала корутундусу боюнча инфарктан каза болгон. Бул факты боюнча азыр атайылаштырылган прокуратура текшерүү жүргүзүп атат.

Облустук прокуратурадан белгилүү болгондой, Бузруков июнь калабасынан кийин Орусияга кетип, ал жактан Орусия жарандыгын алган. Жыл айланып, Кыргызстанга келгенде колго түшүрүлгөн.

Оштогу “Акыйкаттык-чындык” укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров “Азаттыкка” берген маегинде Бузуруков убактылуу абакта жатып, кыйноодон улам өлгөнүн билдирген.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова окуяга байланыштуу атайын териштирүү иштерин жүргүзгөндүгүн айтат. Анын билдиришинче, Бузуруков убактылуу тергөө абагына алынганда эле оорулуу болчу. Буга байланыштуу Оштогу укук коргоо уюмдарынын бири 14-июлда, ал эми Акыйкатчынын Оштогу өкүлү 22-июлда жаза аткаруу башкармалыгына кайрылган, бирок тийиштүү медкөмөк көрсөтүлгөн эмес:

- Ошол СИЗОго кирип, материалдар менен таанышып, атайын текшерип чыктык. Урган, кыйнаган деп айта албайм. Бирок шалаакылык бар. Ошол шалаакылыгы үчүн Оштун 25-убактылуу кармоочу жайындагы санитардык бөлүмдүн врачтары жооп бериши керек. Себеби, бул киши 9-июлда келгенде эле дарыгерлердин простатит жана хроникалык аденома деген бүтүмү менен келген экен. Эч кандай дарылашкан эмес.

Жаза аткаруу департаментинин дарыгер-терапевти Даргүл Исраилова болсо Бузуруков жүрөк оорусунан улам каза тапты деп маалымдап жатат:

- Маматазиз Бузуруков бизге келгенде деле денесинде эч кандай жарат жок болчу. Бул жерден деле аны эч ким уруп-сабаган жок. Ал мурдатан жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн экен. Ошол күнү кечки 11лерде инфаркты кармап эле каза болгон. Реанимациялык топ келип текшергенде дагы анын денесинен жүрөк ооруларынын белгилерин аныкташкан. Кийинки медициналык экпертизанын жыйынтыгы да ушундай чыгып жатат.

Маркум Бузуруковдун аялы “Азаттыкка” убактылуу камакта жаткан уулунун коопсуздугунан чочулап атканын айтып, күйөөсү тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн, жада калса өз атын атоодон баш тартты. Болгону, жубайы жүрөк оорусу менен ооруган эмес деп билдирүүдө.

- Азыр маек бере албайм. Мени «эч нерсе айтпа» деп коюшту. Балам дагы деле түрмөдө жатат. Башкасынан да мага баламдын аманчылыгы керек. Бир нерсе гана айта алам, күйөөм буга чейин жүрөк оорусу менен эч качан ооруган эмес.

Учурда талаштуу бул маселени Оштогу атайылаштырылган прокуратура карап жатат. Анын жетекчиси Алмаз Мамаевдин жообу кыска болду. Анткени учурда, бул боюнча аталган прокуратуранын көзөмөлү астында дайындалган экспертиза жыйынтыгы чыга элек.

- Бул боюнча жаза аткаруу департаментинин тергөөчүлөрү, эксперттер текшерүү жүргүзүп атышат. Ошол текшерүүнүн жыйынтыгы менен бүт баары билинет. Эмненин негизинде өлгөнүн ошондон кийин айтабыз.

Эксперттик текшерүү бир айдын ичинде чыгаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG