Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Адам өлүмүнө шектелген милиционерлердин соту уланууда


Айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жакындары алардын бошотулушун талап кылып, буга чейин Ош-Бишкек жолун тоскон. Базар-Коргон, 2011-жылдын 6-октябры.
Айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жакындары алардын бошотулушун талап кылып, буга чейин Ош-Бишкек жолун тоскон. Базар-Коргон, 2011-жылдын 6-октябры.

19-октябрда Сокулук райондук соту Орусиянын жаранынын өлүмүнө шектелип кармалган төрт милиция кызматкеринин ишин кароону улантты.

Бул соттук отурумда айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин экөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бирок күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу кийинки сот отуруму 2-ноябрга жылдырылды.

Сотто айтылган өтүнүч

Бул иш боюнча шектелип жаткан милиция кызматкерлеринин адвокаттары соттук отурумда айыпкерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон суранды. Адвокат Жыргал Маатжакыпов буларды билдирди:

- Камакта кармоонун кажети жок. Ошондон улам өтүнүч келтирип жатабыз. Себеби, булар тергөөдөн, соттон эч кайда качкан эмес, качпайт. Баш коргоо чарасын өзгөртүп, ишти алып барса, ошондо акыйкат, туура чечим кабыл алынмак.

Базар-Коргон РИИБинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Кубан Нуриев, Мунарбек Маматалиев, Уларбек Исмаилов жана Нургазы Туташев Орусиянын жараны, өзбек тектүү 1970-жылы туулган Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалышкан. Милиция кызматкерлери Усманжан Холмирзаевди өткөн жылы болгон июнь окуясына катышы бар-жогун текшерүү максатында үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгына алып келип, суракка алышканы айтылууда.

Ошол эле күнү үйүнө кечки саат сегиздерде келген Холмирзаев ден-соолугунун начарлап кеткенин айткан жана эртеси райондук ооруканага жекирилген. Ал эми 9-август күнү ооруканада каза болгон.
Милиция кызматкерлери аны катуу сабаган деп шектелип, кызматынан кыянат пайдаланган, кыйноого алган жана денеге өлүмгө алып келүүчү жаракат келтирген деген айыптар коюлууда.

Айыпталуучулардын бири Уларбек Исмаиловдун атасы Абдужалил Исмаилов болсо уулунун күнөөсү жок деген ойдо.

-Мен документтери менен таанышып чыктым. Анда каза болгон адам баардык жерде, ооруканада, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө да "өзүм жыгылып түштүм" деп көрсөтмө берген. Эч ким күнөөлүү эмес деген экен. Соттук-медициналык экпертизанын корутундусу менен да таанышым чыктым.

Күнөөсүз күнөөлүүбү?

Ишти алып барып жаткан судья Курманкул Зулушев адвокаттардын өтүнүчүн угуп көрүп, айыпталып жаткан Кубан Нуриев менен Мунарбек Маматалиевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Булар эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен койо берилди. Ал эми Уларбек Исмаилов менен Нургазы Туташевге коюлуп жаткан айыптар оор болгондуктан, алар камакта калтырылды. Андан соң сот иши күбөлөрдү суроо менен башталды. Анткен менен чакырылган бардык күбөлөр келбегенине байланыштуу соттук отурум 2-ноябрга жылдырылды. Аны менен катар кийинки соттук отурумга күбөлөрдүн баарын алып келүү иши мамлекеттик айыптоочуга милдеттендирилди.

Жабырлануучулардын адвокаты Динара Медетова “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Маалыматтарга таянсак, Холмирзаевди алып барышып эки сааттай кыйнап, урушкан жана акча талап кылышкан. Июнь окуяларына байланыштуу деп кармалган бир адам “Усманжан Халмурзаев да элдин арасында жүргөн” деген көрсөтмөсүнүн негизинде эле себепсиз алып барышкан. Холмирзаевге сырттанбы, ичтенби, мыйзам чегинде эч кандай айып болгон эмес болчу.

Сот эмне үчүн Сокулукта болууда?

Базар-Коргон районунда болгон кылмыш иштин калыс тергелишин жана райондогу коопсуздукту эске алып, бул иш алгач Сузак райондук сотунда карала баштаган. Бирок Сузак райсотуна айыпталуучулардын жакындары ишеним көрсөтпөгөндөн кийин Жогорку Сот ишти Сокулук районунун сотунда кароо чечимине келген. Анткен менен бул иштин жеринде эмес, ондогон чакырым алыстыктагы Сокулук районунда каралып жатканына айыпталуучулардын жакындары нааразы болуп жатышат.

Айыпталуучулардын бири Уларбек Исмаиловдун атасы Абдужалил Исмаилов буларды белгиледи.

- Билесиздер да, бир эле кыргыздын абасы, тагасы, коңшусу, достору деп отуруп, сотко он адам келет. Ушунча алыс аралыкка бир адам келиши үчүн жок эле дегенде төрт миң сом чыгым болот. Он адам келсе кырк миң сом. Азыркы оош-кыйыш заманда кырк миң эмес, 400 жүз сом табыш кыйын болуп жатат. Соттун башка жерде өтүшүн карап, жакын арада чечип беребиз деген, бирок чечкен жок.

Айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жакындары алардын бошотулушун талап кылып, буга чейин Ош-Бишкек жолун тосушкан болчу.

XS
SM
MD
LG