Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Эл сот системасын реформалоону күтөт


Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү. Бишкек, 17-ноябрь, 2010-жыл.
Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү. Бишкек, 17-ноябрь, 2010-жыл.

"Эл үнү" программасына кайрылган угармандардын айрымдары сот системасын реформалоо зарылдыгын, 7-апрелде шейит кеткен балдар мамлекеттик деңгээлде эскерилбей жатканын билдиришти.

Ак-Суу району, Шайыков Нурмат: - Мен Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаевага кайрылат элем. Соотторго реформаны тез жүргүзүү керек. Азыр сот жөнүндө мыйзамдар иштебейт экен. Өзүм сот процессинде жүрүп күбө болуп жатам. Соттордо ишти чалды-куйду кылып эле бүтүрбөй, создуктуруп жүрө беришет экен. Тез арада сот системасын реформалап, мурдагы сотторду кызматтан алып, жаштарды алып келүү керек. Болбосо сот системасы ушунчалык коррупцияланышып кетиптир.

Ош шаары, Жамалбек Эшалиев: - Кыргызда жакшы сөз бар “Бухарада туруп, бут узартпа”,-деген. Ошол сыңарындай эле Курманбек Бакиев тээ алыскы Минск шаарында туруп алып сын-такпай эле койсун. Убагында өзү бул жерде президент болуп иштеп жатканда канча деген кылмыштарды кылды. Канчалаган кишилерге коркунучтуу кырдаал түздү. Канчалаган куугунтуктоолор болду. Ошолорду эстеп, кудайга тобо кылып, беш убак намаз окуп Минскиде тынч жашай берсин. Бул жакка келгенге Курманбек Бакиевдин моралдык укугу жок. Андай биздин кыргыздын жигиттери да жок. Курманбек Бакиев үчүн кыргыздын канчалаган жигиттери кан төктү. Өзү аны жакшы билет.

Бишкек шаары, Эркинай: - 7-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн митинг-реквием - баатырларды эскерүү мамлекет тарабынан уюштуруу өз деңгээлине жеткен жок. Демек азыр элдин көз карашында бул баатырлардын арбагын сыйлай албаган, баатырлардын арбагын эскере албаган, ошолордун аркасы менен бийликке келген Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаевге өтө уят нерсе деп эсептелет. Эгерде өзүнүн элинен коркуп, өзүнүн элинен тартынып, ошол шейит кеткен балдардын арбактарын эскерүүгө кудурети жетпегенден кийин, булардын бийликте отуруунун дагы кажети жок.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге (0312) 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү" программасына деп аты-жөнүңүздү айтып туруп, авто жоопко пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG