Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Станбек Бакиров: Базар-Коргондо кыйноо болгон эмес


Жалал-Абад ИИБинин жетекчиси Станбек Бакиров Базар-Коргондо кыйноо болгону тууралуу маалыматты четке кагууда.

“Азаттык”: Базар-Коргондо убактылуу кармоочу жайда жапырт кыйноо болду деп кабарланды. Прокуратура бул окуя боюнча кызматтык укуктардан аша чабуу фактысы деп кылмыш ишин козгоптур. Анан айрым жергиликтүү укук коргоочулар Базар-Коргон ушундай кыйноо фактылары менен белгилүү деп айтып чыгышты. Минтип айтууга негиз барбы?

Станбек Бакиров: Бүгүнкү күндө антип айтууга эч кандай негиз жок. Бирок мындай арыз жазылгандан кийин сөзсүз түрдө каттап, текшеришибиз керек. Ошонун негизинде Базар-Коргон райондук прокуратурасы каттоого алып текшерүү жүргүзүп жатат.

Бул факт боюнча кыскача айта кетсем, ушул жылдын 11-апрелинде Базар-Коргон ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайындагы камераларда уюлдук телефон жана лезвиялар бар деген маалымат боюнча өздүк курам жана жетекчиликтен бир адам камералык тинтүү иштерин жүргүзгөн. Ушул убакта камерадагыларды сыртка чыгарганбыз. Ошол маалда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси, башкача айтканда, массалык адам өлтүрүү деген берене боюнча айыпталып, соттун чечими менен 25 жылга эркинен ажыратылган, мүлкү мамлекетке чегерилген 1984-жылы туулган жаран өзүнүн жанында жүргөн учтуу темирин бекитүү максатында жана мындай буюм жанынан чыккандан кийин жооп берүүдөн качып өзүнүн курсагын үч жерден тилип алган.

Ал жерде милиция кызматкерлеринин эч кандай тиешеси жок. Андан башка мойнун, кан тамырын кесип албашы үчүн милиция колу-бутун кармап, колундагы учтуу темирди алып койгон. Өзү милицияга каршылык көрсөткөн. Атайын тез жардам чакырылып, ага чукул жардам көрсөтүлгөн. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Бул жерде бир-эки адамдын жоопкерчиликтен качуу максатындагы кылган иши болуп жатат.

“Азаттык”: Бул окуядан кийин кандай чаралар көрүлдү?

Станбек Бакиров: Өзүңүздөргө белгилүү, Базар-Коргон районунда жана Жалал-Абад шаарында коогалаңда катышкан адамдардын көпчүлүгү кармалып отургузулду. Укук коргоочулар жана алардын жактоочулары жоопкерчиликтен качыруу максатында бир канча шылтоолорду, ар кандай нерселерди айткан. Бирок убактылуу кармоочу жайда бүгүнкү күндө тартип бузуу жок, ал жакта отурган адамдардын коопсуздугун, укугун бузууга эч кандай жол берилбейт. Дайыма текшерүү жүрүп турат. Өзүңүздөр билгендей, Башкы прокуратуранын чечими чыккандан кийин бул багытта ишти күчөткөнбүз, эми мындай нерсе кайталанбайт.

“Азаттык”: Жалал-Абад облусунда тергөө абагынын жоктугунан ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларында камалып турары белгилүү. Ал жакта адамдардын саны ашып кетет деп айтылат. Бул кырдаалды кантип жөнгөрсө болот, сиздер өкмөткө сунуш менен кайрылып жатсаңыздар керек?

Станбек Бакиров: Азыр Жалал-Абаддын аймагында СИЗО, тергөө абагы жок. Ошондуктан биз иши тергөөдөгү адамды Ошко алып барып келишибиз керек. Жолдун бир аз алыстыгына байланыштуу биз аларды убактылуу кармоочу жайларга жайгаштырабыз. Ал жерге документтеги нормага ылайык отургузабыз, эгер андан ашып кеткен болсо ошол замат Ошко жөнөтүп турабыз.

“Азаттык”: Жалал-Абадда тергөө абагын куруу мүмкүнбү? Мурун мындай иштер башталып, аягына чыкпай калган экен.

Станбек Бакиров: СИЗО куруу боюнча биз жогорку жактагыларга атайын каттарды жөнөткөнбүз. Азыр Көк-Жаңгакта куруу боюнча сунуштар түштү, биз ал жагын карап жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG