Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Парламенттик жыйын алдындагы кол салуу


Канатбек Мурзахалилов "Азаттыктын" студиясында. (Архивдеги сүрөттөн.)
Канатбек Мурзахалилов "Азаттыктын" студиясында. (Архивдеги сүрөттөн.)

Ажылыкты уюштуруу иши боюнча айыпталып жаткан Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчисинин мурдагы орун басары Канат Мурзахалиловду сабап кетишти.

Бул окуя былтыркы ажылыкты уюштуруудагы кыңыр иштерди териштирип жаткан парламенттик комиссиянын жыйынынан бир күн мурда, 11-апрелде болгон. Мурзахалилов 2010-жылы ажылыкты уюштурууда кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталып жаткан болчу. Андыктан, ага болгон кол салууну ишмердүүлүгү менен байланыштырган пикирлер басымдуулук кылууда. 2011-жылдын 4-февралында парламентте ажылык маселеси боюнча жабык жыйында Канатбек Мурзахалилов депутаттар кыстаганда ажылыкты уюштуруудагы иштерге президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаевдин уулу Кубаныч Каптагаевдин катышы бар деген маалыматтарды бергени айтылууда.

Сабоонун себеби эмнеде?

Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасынын мурдагы орун басары Канат Мурзахалиловду 11-апрелдин кечинде сабап кетишкен. Анын эртеси 12-апрелде 2010-жылы ажылыкты уюштуруудагы ажылык жолдомолор сатылганын иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынында Мурзахалилов маалымат бермек экен. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы Бакытбек Калмаматов мындай дейт.

- Тилекке каршы, 12-апрел күнү бүгүн иш козголуп, негизги адам болуп жаткан Мурзахалилов келбей калды. Эмне үчүн келбей калгандыгын так изилдеген жокпуз. Бирок 14-апрелде бизге Мурзахалиловдон кат келип түштү. Ал катта “11-апрель күнү түнкү саат ондор чамасында белгисиз адамдар тарабынан сабалдым. Бүгүнкү күндө ден-соолугум аябай оор. Буту колдорум жакшы иштебейт” деп жазылган.

Мурзахалиловдун өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Өзүн Канатбек Мурзахалиловдун эжесимин деп тааныштырган айым анын сабалганы чын экендигин, үй шартында дарыланып жатканын кабарлап, башка маалымат бере албасын айтты.

Канатбек Мурзахалиловдун
кандайча сабалгандыгын анын укук коргоо органдарына жазган арызынан билүүгө болот. Анда Бишкекке ирегелеш Аламүдүн айылындагы үйүнөн
кечки саат ондор чамасында үйдүн дарбазасын каккандай добуш угуп, көчөгө чыкканын, көчөдөн шектүү эч нерсени байкабай, артка бурулган кезде желкесине катуу сокку
урулгандай болуп, ошону менен эсин жоготконун жазыптыр. Биринчи жардамды Мурзахалиловго тез жардам кызматы көрсөтүп, жакын жердеги Чүй облустук ооруканасына жаткырылган экен.

Ал эми 12-апрелде Президенттин иш башкармалыгына караштуу Ден соолукту чыңдоо жана дарылоо борборуна жаткырылган. Бирок ошол эле күнү коопсуздугунан чочулаган жакындары аны үйүнө чыгарып кетишкен. Оорукананын анестезология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Динара Турдушеванын 12-апрелде берген аныктамасында Мурзахалиловдун мээсине доо кеткени, буттарында көптөгөн көк-ала издер жана шишиктер болгону жазылган. Ошондой эле кан басымы өтө жогорку көтөрүлгөнү белгиленген. Ооруканага келип түшкөндо оң бутунун тизесиндеги оорудан араң басып жүргөндүгү көрсөтүлгөн.

Мурзахалиловго коркутуулар болгон экен

Канатбек Мурзахалилов 11-апрелде ур-токмокко алынган. Бирок ал укук коргоо органдарына 14-апрелде кайрылган. Ал кайрылууда белгисиз адамдар бир канча жолу Канат Мурзахалиловго өзүңдү жана жакындарыңды жок кылабыз деген коркутуулар болгону айтылат.

Учурда Мурзахалиловго кол салуу боюнча оперативдик иштер жүрүп жаткандыгын Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери Беккул
Шабданов билдирди.

- Ал жакта өзүнүн участкалык милийсалары бар. Ошондой эле бул боюнча кылмыш иликтөө бөлүмүнөн оперативдүү адамдар бөлүнгөн. Алар да иштеп жатат. Жыйынтыгын окуя кандайча болгондугун тастыктагандан киийн айтабыз. Шектүү деп бул адамдар кармалды деп билдиребиз.


Депутаттык комиссиянын күмөндүү суроолору

Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча комиссиянын төрага орун басары болуп турган кезде 2010-жылдагы ажылыкты уюштуруу иштеринде кызматынан кыянатчылык
менен пайдаланган деп айыпталып, былтыр күздө кызматынан четтетилген болчу. 2010-жылдын 27-ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан
убактылуу камакка алынып, кийин үй камагына которулган. “2010-жылы ажылыкты уюштуруучулук боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн иш-чарада бир гана адамдын күнөөлүү болуп калышы бир топ күдүк суроолорду жаратып жатат” дейт депутаттык комиссиянын төрагасы Бакыт Калмаматов.

- Мекемелер аралык комиссия түзүлүп жатканда анын жетекчиси Амангелди Муралиев номур биринчи протоколунда бардык жоопкерчилик Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахмановго жүктөлсүн деп жатат. Мекемелер аралык комиссиянын алдындагы жумушчсу топтун башчысы болуп дайындалган Болот Абдрахманов өзүнүн буйругунда бардык жоопкерчиликти мен өзүмө калтырам деп, өзү кол коюп жатат. Бирок кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене менен Мурзахалиловго иш козголуп жатат. Бардык документтер көрсөтүлүп турса дагы.

Дин иштери боюнча комиссиянын ошол кездеги төрагасы Болот Абдрахманов кийин өз арызы менен кызматынан кеткени белгилүү. Бул ажылыктагы кыңыр иштерден улам болгонбу же жокпу - белгисиз.

Токтомго карабаган токмок

Азыр Жогорку Кеңештин депутаты, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы, Мурзахалилов менен бир топ жыл чогуу иштеген Каныбек Осмоналиев ага
кол салууну ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. 2011-жылдын 4-февралында парламентте ажылык маселеси жабык каралганда Канатбек Мурзахалилов депутаттардын
суроолоруна жооп берген. Ошол жабык жыйынга катышкандардын айтымында, Канат Мурзахалилов депутаттар кыстаганда ажылыкты уюштуруудагы иштерге президенттик
администрация башчысы Эмил Каптагаевдин уулу Кубаныч Каптагаевдин катышы бар деген маалыматтарды айткан экен.

Жогорку Кеңеш ошол жыйында олуттуу маалыматтарды бергендиги үчүн ажылык боюнча тергөө жана иликтөө иштери акырына чыкканга чейин Канатбек Мурзахалиловдун коопсуздугун камсыздоо боюнча күч органдарына милдеттендирген, токтом чыгарган. Мурзахалиловдун ур-токмокко алынышы парламенттик чечимге мамилени көрсөтүп турса керек. Ал жабык жыйында ажылыкты уюштурууга катышкан айрым адамдар 5 млн доллардын тегерегиндеги пайда көрүшкөнү айтылган.

Кубанычбек Каптагаевдин жактоочусу Жуматай Абдрахманов анын тегерегиндеги сөздөрдүн баарын ушак катары баалады.

- Жөн эле жалган-жалаа, ушак катары эле болуп жатат да. Эки адамдын ортосундагы ушак же болбосо “мен баланча жерден уктум ушундай болуш керек” дегендей эле нерсе.

2010-жылдагы ажылыкты уюштуруу Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу ажылык иштеринен болгону ачыкка чыккан. Аны иликтеп жаткан депутаттык комиссия өз
жыйынтыгын кийинки жумада жарыялаганы турат.

XS
SM
MD
LG