Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Шерзод Аскаров: Атам күнөөлүү эмес


Шерзод Аскаров (солдон экинчи) Прагадагы салтанатта, солдо биринчи "Зарыккан адамдар" уюмунан Шимон Панек, Прага, 8-март, 2011-ж.
Шерзод Аскаров (солдон экинчи) Прагадагы салтанатта, солдо биринчи "Зарыккан адамдар" уюмунан Шимон Панек, Прага, 8-март, 2011-ж.

Кыргызстанда кесилген укук коргоочу Аскаровго эл аралык сыйлык ыйгарылды. «Зарлаган адамдар» уюму сыйлыкты Прагада Аскаровдун уулуна тапшырды.

Ушул шейшембиде Прагада өткөн салтанатта Азимжан Аскаровдун атынан сыйлыкты укук коргоочунун уулу Шерзод Аскаров алды. «Хомо Хомини» сыйлыгы адам укуктарын коргоого чоң салым кошкон, чыр-чатакты тынч жол менен чечүүгө күч үрөгөн инсандарга берилет.

Баласы атасынын түрмөдөн жазган катын орусча окуду. Учурда Ташкенде жашаган Шерзод алды менен атасынын укук коргоочулук ишине абдан сыймыктана турганын айтып өттү:

Шерзод Аскаров Прагадагы салтанатта, 8-март.


- Мен, Шерзод Аскаров, атам Азимжан Аскаров менен сыймыктанам. Ал укук коргоочу катары өз өмүрүнө коркунуч келсе да, эл үчүн, мекени үчүн кызмат өтөдү жана өтөп да жатат.

Орто бой, кара костюмчан, бир аз тартына сүйлөгөн жигиттин сөзүн чогулгандар абдан жылуу кабыл алышты. Акыркы 10 жылдан бери Ташкенде жашаган Шерзод Аскаров атасынын былтыр 15-июн күнү кармалганы тууралуу Базар-Кордондо жашаган энесинен телефондон уккан экен:

- Мага апам телефон чалып, атамды эки милиционер келип алып кеткенин айтты. Базар-Коргондун прокурору ага каршы кылмыш ишин козгоду деди.

Базар-Коргондо былтыркы июнда милиция кызматкеринин өлүмү боюнча кармалган Азимжан Аскаровдун үстүнөн сот ишин Кыргызстандын акыйкатчысы «саясатташкан процесс» деп баалаган.

Прагадагы салтанатка Кыргызстандан активисттер да катышты: солдо Аида Байжуманова, ортодо Лира Исмаилова жана Хасина Хусеин, 8-март, 2011-жыл.


Аскаров сентябр айында Базар-Коргон соту тарабынан өмүрүнүн акырына чейинки мөөнөткө кесилип, бул соттун чечимин областтык сот күчүндө калтырган. Бул сот иштерине Аскаров тараптан күбөлөр катыша алган эмес, угуулардын мезгилинде анын адвокаттарына жана укук коргоочуларга кол салуулар болгон.

Абакта кыйноого алынганы сүрөттөр менен далилденген Аскаров бүгүн эң репрессивдүү өлкөлөрдө куугунтукка кабылган 10 укук коргоочунун катарында аталып келет. Аскаровдун уулу да атасын ак деп эсептейт:

- Менден журналисттер «Шерзод, сенин атаң күнөөлүбү?» деп көп сурашат. Мен антип ойлобойм, атамда күнөө жок экенине ишенем.

Шерзод Аскаров 25 жашта, Азимжан Аскаровдун үч уул, бир кызынын эң кенжеси. Шерзод Аскаров Ташкенде алтындан шакек, сөйкө жасап, зергер болуп иштейт. Азимжан Аскаров да мында Бенкин атындагы сүрөтчүлөр окуу жайын бүткөндүгү маалым. Атасына түспөлдөш арыкчырай, акжуумал Шерзод «үйдө мен эле бойдок калдым» деп ажардуу жылмайды.

Шерзод атасына байланышкан бардык материалдарды "Азаттыктан" окуп турат экен. «Эми эмне болот?»деп сураганымда, көзүнө жаш тегерене түштү:

- Мен ал өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө калбайт деп ишенем.Аны бошотушат деп ойлойм, себеби Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун да, көз карандысыз комиссия да, адвокаттар да анын күнөөсү жок экендигин далилдешпедиби. Менимче, муну баары билишет.

Шерзоддун балалыгы Базар-Коргондо өткөн, орто мектепти ошол жерде бүтүргөн. «Июн окуялары эмнеден чыкты?» деген суроого азыр Ташкендеги таанымал кол өнөрчү саналган жигит «жаңжалды сырттан келген провакаторлор уюштурду» деп эсептээрин билдирди:

- Ииюндагы окуялар боюнча Ташкенде көп биле беришпейт. Менин пикиримде, ага жергиликтүү кыргыздар менен өзбектер күнөөлүү эмес. Мен бул тууралуу өзүм менен чогуу өскөн кыргыз досторуман да уктум. Жергиликтүү кыргыздар менен өзбектер ал жаңжалда бир-бирине жардамдашкан экен.

Караматкан Камбарова, Азимжан Аскаровдун энеси: түрмөдөгү уулумдун саламаттыгы начар.


Шерзоддун оорулуу энеси менен 90 жаштагы чоң энеси Базар-Коргондо туугандарынын үйүндө жашап жатышат.

Ал эми Шерзоддун балалыгы өткөн атасынын үйү былтыр жайда каракталган бойдон, азыр аңгырап бош турат. Аскаровдун "Аба" укук коргоо уюмунун Базар-Коргондогу кеңсеси былтыр июнда өрттөлүп кеткен.
Азимжан Аскаровдун Базар-Коргондогу кеңсеси өрттөлгөн бойдон турат

Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырган «Зарлаган адамдар» уюму (People in Need) өнүгүп келаткан өлкөлөргө чукул кырдаалдарда гуманитардык жардам көрсөткөн жана адам укуктары менен демократиялык эркиндиктерди колдогон уюм. Анын жетекчиси Шимон Панек «Европанын адамы» деп таанылган. Прагадагы салтанатта Азимжан Аскаровдун сыйлыгын Шерзод Аскаровго чех сенатору, жазуучу жана журналист Яромир Штетине тапшырды.

Салтанаттан репортажды бул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG