Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Жогорку Сот Аскаровду өмүр бою абакта калтырды


Азимжан Аскаров сот залында, Жалал-Абад. 2010-жылдын 10-ноябры.
Азимжан Аскаров сот залында, Жалал-Абад. 2010-жылдын 10-ноябры.

Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланышкан баштапкы сот чечимдерин күчүндө калтырды.

Бүгүнкү сот жараянында бир гана мурда 20 жылга соттолгон Минура Мамадалиеванын жаза мөөнөтү 11 жылга кыскартылды. Чечимди соттук отурумга төрагалык кылуучу Перизат Абакирова окуду.


Сот чечимине нааразылар


Азимжан Аскаровдун адвокаты Кайрат Загибаев Жогорку Соттун мындай чечим чыгарары күн мурунтан эле белгилүү болгонун, ал боюнча эл аралык сотко даттанууга ниет кылып жатышкандыгын билдирди.

- Бул эмоционалдуу жана саясий чечимдер болгон. Ошол кезде “болгула, тез соттогула” дешкен болчу. Эгер буларды актап жиберсе, жабырлануучу тараптан эл көтөрүлөбүз деп жаткан болчу. 500 адамдын ичинен болгону беш адамды соттоп, күнөөлүү дегенге сиз ишенесизби? Уюштуруучу ким, кимдер аралашып жүргөнү аныкталган эмес. Укук коргоочу болсо күтүүсздөн эле адам өлтүргүч болуп калды.

Ал эми Аскаровдун башка бир адвокаты Нурбек Токтакунов соттун чечимин сынга алып, “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бул биздин Жогорку Сотко мүнөздүү принципсиз чечим болуп калды. Ал биздин өлкөдө сот акыйкаттыгы жок экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Сот акыйкаттыгын ишке ашырып жатабыз деген соттор чындыгында бийликтин көзүн карап, учурдагы кырдаалга ыңгайлаштырып гана чечим чыгарган майда чиновниктер. Чындыгында бизде акыйкат сот болгон жок. Мен сот процессиндеги эреже бузуулар, укук коргоочу органдардын кыйноолору тууралуу толтура далилдерди келтирдим, бирок соттор аларды көңүлгө алган жок.

Токтакунов менен Ж. Жусупжан жүргүзгөн маекти толугу менен бул жерден уга аласыз (орус тилинде):


please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00
Түз линк


Соттолуучу 8 адамдын жактоочулары Базар-Коргон райондук соту, облустук сот калыс чечим чыгарбаганын белгилешүүдө. Алардын айтымында, айыпталуучулар кыйноолорго туш болуп, тергөө иштери айыптык негизде жүргөн. Бул боюнча келтирген далилдер Жогорку Сотто эске алынбаганын, чечим үстүрт чыгарылганын белгилеп жатышат.


Мурдагы соттук жараяндар


Базаркоргондук өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адам былтыр июнь каргашасында Базар-Коргон районунда массалык башаламандык уюштуруп, адам өлтүрүүгө катышкан, милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылган деп соттолушкан. Өткөн жылы 15-сентябрда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров менен бирге дагы төрт адамды өмүр бою эркинен ажыратып, ал эми Минура Мамадалиева менен Шүкүржан Мырзалимовду 20 жылга соттогон болчу. Алардан сырткары дагы бир жаранды 9 жылга эркинен ажыраткан. Былтыр 10-ноябрда бул ишти кайра караган Жалал-Абад облусттук соту да райондук соттун чечимдерин күчүндө калтырган болчу.

Ал эми бул аралыкта адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдар, эл аралык коомчулук укук коргоочу Азимжан Аскаров айыпсыз соттолуп жаткандыгын айтып, Жогорку Сотту бул боюнча калыс чечим чыгарууга чакырып келаткан.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова соттун чечими боюнча “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Эми биз эч кандай кайгырган деле жокпуз. Анткени, бүгүнкү Кыргызстандагы соттордун акыбалын көрүп турабыз. Аскаровду соттогон соттордун ичинде Аксы окуясы үчүн адамдарды соттоп, маскаралаган соттор да бар. Алар бүгүн да Кыргызстандын коррупциялуу сот системасында иштеп келатат. Ошон үчүн кайгырган деле жокпуз. Биз эми БУУнун укук коргоо институттарына кайрылабыз. Мен сөзсүз түрдө Кыргызстанда акыйкаттык жана калыстык орнойт деп ишенем.


Сот чечимине ыраазылар


Анткен менен жабырлануучулар Азимжан Аскаров жана башка адамдардын күнөөсү толук далилденгенин, айыпкерлер жоопкерчилик тартыш керектигин билдиришүүдө.
Июнь коогасындагы массалык башаламандык учурунда каза тапкан Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Жогорку Соттун чечими боюнча буларды билдирди.

- Биз ушул чечимди күтүп жатканбыз, чынын айтканда. Бир жылдан бери сот деп гана, ишибиз ушул болуп калган болчу. Кудай да акыры үнүбүздү укту окшойт. Ошентип, Жогорку Сот акыйкат чечим чыгарып берди.

Ал эми ошол кандуу окуя орун алган кезде Базар-Коргон РИИБисинин башчысы болуп турган Мамыр Мергентаев райондук жана облустук сотто жогорудагы адамдардын күнөөсү далилденип, ошого жараша чечим чыкканын айтууда. Алар соттолуучулар кандуу кагылышка активдүү катышкан деген ойдо.

20-декабрдагы Жогорку Соттогу жараянга жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кызыгуу менен байкоо салып турушту. Айта кетсек, БУУнун Адам укугун коргоо боюнча башкы комиссарлыгынын, ЕККУнун, АКШ элчилигинин, Евробиримдиктин, Эл аралык юристтер комиссиясынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү болду.

XS
SM
MD
LG