Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Айдоочулар Карамыктан өтө албай турушат


Чоң-Алайдагы Карамык айылы, 2012-жылдын 28-августу.
Чоң-Алайдагы Карамык айылы, 2012-жылдын 28-августу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык бажы бекетинде жүк ташыган унаалар бир аптадан бери өтө албай турушат.

Айдоочулар мурда тоскоолдуксуз эле өтүп жүрүшкөнүн айтып, колунда уруксат кагаздары бар экенин билдиришти. Бажы кызматы Чоң-Алайдагы аталган өтмөктөн Кыргызстан жана Тажикстандан башка өлкөнүн унаалары өтө албайт деген эреже бар деп жатат.

Карамык бажы бекетинде бир аптадан бери өтө албай тургандардын дээрлик бардыгы Ооганстанга бараткандар жана ал тараптан Кыргызстанга келаткандар.

Алардын бири Улукбек Өмүрзаков абал тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Бизди өткөрбөй коюуга бул жердеги бажычылардын колунда деле эч кандай кагаз жок. Болгону эл менен ойноп атышат. Саясатка аралаштырбаган айдоочулар калды эле. Азыр ушул жерде бажы кызматы өзү бүтүрүп берген документтери менен жүздөй машина турат. Биз бала-чакабызды, ушул жол менен багабыз, эки жылдан бери каттайм.

Кыргызстандын Бажы кызматынын басма сөз катчысы да Ооганстандан келаткан унаалар Карамыктан өткөрүлбөй турганын тастыктады. Анын жүйөсү боюнча, 2004-жылы чыккан 556-токтомго ылайык чек арадагы бекеттерден чектеш эки өлкөнүн гана унааларына жана товарларына гана уруксат берилген. Ал эми жолдо тургандарда үчүнчү тараптын унаасы болуп жатат. Кыргызстанда бардык өлкөлөрдүн унаасына уруксат берилген саналуу гана бекеттер бар. Мисалы, кыргыз-тажик чек арасында Бор-Дөбө жана Кызыл-Бел бажы өтмөктөрү.

Бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

- Карамыктын жолу ылдыйда, бир аз жакшыраак. Ал эми Бор-Дөбө менен Кызыл-Бел деңиз деңгээлинен бийигирээк. “Жол азабы, көр азабы” деп айдоочулар ал жерлерден өткүсү келбей жатса керек. Ар тараптуу өтүүгө уруксат берилген ошол бекеттерден башка айдоочулар өтүп жатышат.

Бирок алыска каттоочу айдоочулар буга чейин Карамыктан тоскоолсуз эле өтүп келишкенин, колдорунда бажы кызматынын уруксат документтери да бар экенин айтууда. 2004-жылкы токтомдун тыюу салуусуна айдоочулар дале көнгөн жокпу же башка факторлор барбы деген суроого бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев революциядан кийин жарандар өзү билемдик кылып көнүп калышты деп жооп берди:

- Эйфория болуп эле бейбаштык кыла бергенде болбойт да. Булар “кулпусу бар үйгө” кирем деп жатышат. Кулпусу жок, ачык турган бекеттерди тандаганга укугу бар. Ага карабай тыюу салынган жерден өтөбүз деп жатышат. Бирок азыр айтылгандай, 100 унаа эмес ал жерде 20дай эле унаа калыптыр, айдоочулар түшүнүп кетип жатышат.

Бажы кызматынын айтышынча, ар тараптуу каттоого мүмкүн болгон Бор-Дөбө менен Кызыл-Бел бекети өтө бийик келип, чыгуу кыйын болгондуктан үчүнчү өлкөнүн унаасынын Карамыктан өтүүсүнө уруксат берүү аракеттери көрүлүп келатат. Бирок ага Тажикстан макул болбой жатыптыр.

Кыргыз премьер-министринин басма сөз катчысы Мелисбек Эржигитов бул маселени чечүү күн тартибине коюлганын билдирди:

- Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында сөз болуп жаткан жолдогу айдоочулар менен жолугуп, оюн укту. Алар Карамык аркылуу Тажикстанга өткөн айдоочулар экен. Ош шаарына келип дагы айдоочулардын өкүлдөрүн кабыл алды. Тийиштүү мамлекеттик органдарга маселени чечүү тапшырмасы берилди.

Ал арада Карамыкта зарыгып жаткан айдоочулар ач калып, үшүп жатканына даттанууда. Учурда Карамыктан Тажикстанга барчу жана ал жактан Кыргызстанга келчү унаалар гана тоскоолсуз өтүп жатат.
XS
SM
MD
LG