Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Баланы сабады делгендер өкүмгө макул эмес


Иллюстрация
Иллюстрация

Эки жыл мурда ырайымсыз сабалды деп ооруканага түшкөн эки жаштагы Ибрагимдин иши боюнча сот жообуна тартылгандардын жакындары коюлган айыпка макул эмес. Алар укук коргоочулар бул иш президент тарабынан көзөмөлгө алынганы үчүн шектүүлөргө зордук менен катаал жаза чегерилип жатат деп билдиришти. Ибрагимдин укугун коргоочулар мындай пикирге макул эмес. Райондук сот айыпталып жаткан үй-бүлөнүн күйөөсүн өмүр бою, аялын 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал иш азыр апелляциялык тартипте Чүй облустук сотунда каралып жатат.

Бул кылмыш иши тууралуу 2015-жылы белгилүү болуп, коомчулукта чоң талкуу жараткан. Январь айында эс-учун жоготкон эки жаштагы наристени тез жардам кызматы Бишкек шаарындагы бейтапканага алып келген. Ал жерден дарыгерлер баланын денесинин баары көгала так болуп, башынан оор жараат алганын, мээси чайкалганын, оозу жырылганын аныктап, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүлгөн деп болжолдогон.

16-январда соттук-медициналык экспертиза балага зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу фактыны ырастаган. Запкы көргөн бала ооруканада эки айга чукул эсине келбей жаткан.

Балага болгон зордук-зомбулукка шектүү катары Ибрагимдин аталаш агасы Жаныбек Түлебеков жана анын жубайы Айзада Аккөзова кармалган. Наристенин ата-энеси ажырашып кеткени, бала Озерный айылындагы туугандарынын колунда тарбияланып келгени маалым болгон.

Айыпталуучулардын жактоочусу Бактыбек Асамудинов маалымат жыйынында аларга туура эмес күнөө коюлуп жатканын айтты:

- Тергөө жүрө баштагандан тарта бул иштин президенттин көзөмөлүндө болгону кандайдыр бир деңгээлде психологиялык басым жараткан. Албетте мамлекет башчыбыз жаман ойдо көзөмөлгө алган эмес. Ал иш акыйкат каралса деген. Бирок натыйжада иш бир тараптуу каралып келет. Бизде илимий негизде жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы бар. Андай иштер болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес эле.

Ооруган коом, кордолгон наристелер

Ооруган коом, кордолгон наристелер

Укук коргоочулар үй-бүлөдө кордук көргөн аялдар азайбай, өспүрүм куракта эркине каршы турмушка узаткан учурлар көбөйгөнүн жана жабык жайларда кыйноо фактылары токтобой жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.

Соттун биринчи баскычында Жаныбек Түлебеков баланы зордуктаган жана жубайы экөөлөп баланы өлтүрүүгө аракет жасаган деп айыпталып, күйөөсүн өмүр бою, аялын 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Алардын жактоочусу бала зордукталбаганын жана аны өлтүрүү максаты болбогонун ырастайт:

- Экспертизанын жыйынтыгы ишендирбей жатат. Мыйзам боюнча эгер шектенүү туулса кайрадан экспертиза жасалса болот да. Анан калса бир адам өмүр бою кесилгени жатат. Бул иштин бети ачылганына эки жарым жыл болду. Экспертиза жыйынтыгынан шек саналып жаткандан кийин кайрадан экспертиза жасаганга эмнеге болбосун?

Ибрагимдин укугун коргоп жаткан адвокат Чолпон Сыдыкова болсо жогорудагы билдирүүлөрдү четке какты:

- Эми алар айта берет да. Себеби алар соттолуучулардын коргоочусу. Аларды жактаганга укугу бар. Бизде далил жетиштүү. Азыр мыйзамдын чегинде апелляция каралып жатат. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок.

Ибрагимди асыроо укугу ошол кезде анын атасы менен чогуу жашаган өгөй энесине берилген. Бирок аз өтпөй атасы ал аялы менен да ажырашып кетип, учурда бала баккан энеси менен Жалал-Абадда жашайт экен. Бул тууралуу баланын агасы Зулхарнаин Түлебеков айтып, баланын ден соолугу тууралуу кеп кылды:

- Эсине келгенден кийин белинен суу алдырышты. Андан кийин отура албай шалдырап калган. Аз өтпөй "Балдардын коргоо лигасы" акча берип, бакма апасы аны Москвага алып барып дарылатып келген. Ошондон бери Ибрагимди көрө элекмин. Бир жыл болду.

Зулкарнаин ошол окуядан кийин Ибрагимдин иши боюнча соттолуп жаткан бир тууганы Жаныбек Түлебековдун беш кызын асырап алганын кошумчалады.

Ибрагимдин өз атасы болсо ата-энелик жоопкерчилигин аткарбаганы үчүн эки жылга кесилип, мөөнөтүн шарттуу түрдө өтөгөн. Өз апасы болсо кайындарынын айтымында, Орусияга иштегени кеткен бойдон дайынсыз. Бул соттук териштирүү Чүй облустук сотунда жабык каралып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG