Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Тепки жедим, бирок өмүр сактадым


Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 12-июну.

(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ-Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн.)

Бул окуяны Оштун тургуну Санжарбек айтып берди. Ал былтыр июндагы алааматта өз коңшуларын үйүнө бекитип, жандарын аман алып калган. Мына анын аңгемеси.

2003-жылы биз негизинен кыргыздар отурукташкан Манас-Ата кичи районундагы батирге көчүп кирдик. Июндагы кандуу кагылыш башталганда бир канча өзбек үй-бүлөлөрдү аскерлер тынчыраак жерге алып кетишти. Дагы бир өзбек үй-бүлөдө өз алдынча баса албаган майып киши бар эле, алар кете албай калышты. Эмне кылмак элек, ал бүлөнү мен өзүмдүкүнө киргизип, бекинтип койдум.

11-июнда биз турган үйгө жаштар кирип келип, ар бир каалганы каккылай башташты. Алардын бири: «Эй, кыргыздар, чыккыла, өзбектерди тонойлу!» - деп кыйкырып жатты. Мен кире бериш каалганы ачкан жокмун. Баарыбыз демибизди ичке катып отурдук, үйдө киши жок десин деп, терезе пардаларды жаап койдук. Азыр ойлосом ошондо аялым менен балдарым каникул маалында Ноокаттагы туугандарымдыкына кеткени ырас болгон экен.

Ошентип, эки күндөн кийин мен коңшуларымды Өзбекстан менен чек арадагы Сура-Таш айылына алып кеттим. Кыязы, менин бул кылганымды баары көрсө керек, кечкурун үйүмө жаш балдар кирип келип, токмоктой башташты.

Мен алардын айыбы эмне, бул кыргынды – кыргыз да, өзбек да жактан саясатчылар уюштурду деп чырылдасам да болбой тепкилей беришти. Ошентип, акыры эс-учумду жоготуп койдум. Бир нече сааттан кийин эсиме келсем, коңшум турат, тез жардамды чакырыптыр. Жардамы келгиче жаракатка бирдеме сүйкөп таңды, ушунчалык көзүм жаныма көрүндү, бирок чыдашым керек эле, тез жардамдын келээрин бир кудай билет эле.

Кийинки күнү шаардан чыгып, Ноокатка бурулган тегеректен араң дегенде өтүп, туугандарыма кеттим. Кантип өзбектердин колунан чыгып кеттиң деп сурагандар болду. Мен коңшу өзбектерди бекиткенимди эч кимге айткан жокмун, ошондон көп өтпөй шаардын башка жагына көчүп кеттим.

Кийин мен сактап калган коңшу өзбектер телефон чалып, ал-жайымды сурашты, ушундай иш болгонуна өкүндүк. Айтмакчы, биздин көптөгөн өзбек коңшулар батирлерин арзан сатып, башка жакка көчүп кетишти.
XS
SM
MD
LG