Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Баткен: айланма жолдун курулушу арабөк абалда


Көк-Таш – Aк-Сай – Tамдык – Кишемиш айланма жолу.
Көк-Таш – Aк-Сай – Tамдык – Кишемиш айланма жолу.

7-июнда Көк-Таш – Aк-Сай – Tамдык – Кишемиш айланма жолунунун курулушун баштоо үчүн барган 5 техниканын бир күндөн кийин кетип калышы элди бушайман кылууда.

Көк-Таш – Aк-Сай – Tамдык – Кишемиш айланма жолу курулса, чек арадагы эки өлкө жарандары бири-биринин аймагына кирбей, чырдан алыстап калат эле деген ишенич бар. Бирок бир топ мезгилден бери бул жолдун курулушу көйгөй жаратып, чырга себеп болуп келет.

Алты айдан бери жаңжалга себепчи катары айтылып келген бул жолдун курулушу 12-13-май күндөрү Дүйшөмбү шаарында өткөн эки тараптуу комиссиянын отурумунда макулдашылып, 2 жумада жергиликтүү деңгээлдеги маселелер чечилери менен курулуш кайра уланарын расмийлер бир нече жолу кабарлаган.
Андан бери бир айдай убакыт өтүп калганда, Транспорт жана байланыш министрлигинен жумушчу топ аймакта эки жумадай иликтөө жүргүзүп, 7-июнда курулушту кайра баштоо тапшырмасы менен 5 техника барган. Бирок алар иш баштабай эле кандайдыр бир себептер менен бир күндөн кийин кетип калган.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев “жол куруучулар үчүн шарт түзүп бергиле деген көрсөтмө болуп кайра эле кетип калышты, биз да буга бушайман болдук” дейт:

- Техника келди. Анан эле кетип калышты. Биз да түшүнбөй калдык. Тамак-ашына, отун-суусун камдаганга жардам бергиле дешкен. Биз кубанып, жол курулуп башталат экен деп уюштуруу иштерине жардам бере баштадык эле. Тажиктер менен талаш чыккан окшойт, чамасы...

Бирок коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев "Азаттыкка" жолдун курулушун тажик тарап токтотсо керек деген божомолдорду четке какты. Анын айтымында, атайын техника ал тарапка жолдун курулушун баштоо үчүн эмес, жөн-жай эле барган.

- Азыр жолчулар Ак-Сай – Рават жолун куруп жатышат. Ал жакты бүтүргөндөн кийин гана Көк-Таш - Ак-Сай жолун курууну улантышат. Жол башталып токтоп калды деген туура эмес. Болгону Рават – Ак-Сай жолун куруп жаткан техника менен балдар шашып бери келип алыптыр. Анан ар жак, бери жакты караштырып, кайра ишин улантууга кетишти. Жол тажик тараптын кийлигишүүсү менен токтоп турат деген чындыкка коошпойт.

Сөз болуп жаткан Ак-Сай - Рават жолу Көк-Таш - Ак-Сай жолунун уландысы. Анын чек ара аймактарына тиешеси жок.

Маматалиев 16-июнга белгиленген Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон баштаган өкмөттүк делегациянын иш-сапары 18-июнга жылганын билдирди. Тажик тараптан келген өкүлдөр менен Баткенде жана Бишкекте чек ара, жол маселеси кеңири талкууланат.

12-13-май күндөрү Дүйшөмбүдө эки тараптуу комиссиянын отурумунда Көк-Таш – Aк-Сай – Tамдык – Кишемиш айланма жолунун курулушун улантуу макулдашылган. Жакын күндөрү иш башталаарын расмийлер бир нече жолу элге жеткирип, күтө тургула дешкен. Бирок минтип токтоп турушу элде ар кандай пикир жаратууда.

Жергиликтүү эксперт Назгүл Алдашова кол коюлган келишимдин аткарылышын талап кылбаса, ансыз да аз ишенич биротоло жоголуп барат дейт:

- Элге башталат эми деп айтышкан. Каршылык болду деп иш токтоп тура берсе чек аралаш аймактагы элдин бийликке ансыз да аз ишеничи мындан да төмөндөй берет.

Өткөн айда Тажикстандагы жолугушууда аймактагы жол курулушу, жайыттар боюнча бир пикир аныкталып, макулдашуу болгон. Аны ишке ашыруу үчүн облустук деңгээлде талкуу да өткөн. Тажикстан үчүн Исфара – Ворух жолун кыргыз тарап куруп бермей болгон.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу былтыр декабрда башталган. Бирок тажик тарап жолдун курулушуна каршы чыгып, быйыл 11-январда эки өлкө чек арачылары кагылыша кеткен.
XS
SM
MD
LG