Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Кыргыз-тажик президенттери чек араны сүйлөштү


Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн бейформал саммити. 8-май.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн бейформал саммити. 8-май.

Москвада президент Алмазбек Атамбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин жогорку деңгээлде чечүүнү сүйлөштү.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн бейформал саммитинин алдында кошуна тажик атуулдары Баткендин Жака-Өрүк айылына кол салган. Бейформал саммитте президент Атамбаев тажик коллегасы Эмомали Рахмондун көңүлүн чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга бура алган жок деген сынга кабылды.

Жолугушуунун алдындагы жоболоң


7-майдан сегизине караган түнү Тажикстандын Ворух аймагынан чыккан топ Кыргызстандын Жака-Өрүк айылына кол салган. Эртеси Москвада Кыргызстан менен Тажикстан саясий өнөктөш катары мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал саммити өтмөк. 8-май күнү мамлекеттик телеканалдар бейформал саммиттин жүрүшүн чагылдырды. Бирок анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын чек арадагы кырдаалды талкуулаганы тууралуу да сөз болгон эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов президент Атамбаев саммитте бул маселени көтөрбөгөнүн сынга алды:

Баткен. Жака-Өрүк. 9-май, 2014-жыл.
Баткен. Жака-Өрүк. 9-май, 2014-жыл.
- Президент деген мамлекетинин чек арасында чыр болуп жатканда ошол жерден эле ага реакция жасап, маселени ортого коюп, Тажикстандын президенти менен сүйлөшүүсү керек эле. Мына ошол жолугушууда “ ушул жерден эле чек арага учуп баралы, элге түшүндүрөлү, чатакты тынч жол менен жөнгө салалы” деген сунуш менен чыгыш керек болчу. Анын кайдыгер мамилесин көрүп, Кыргызстандын тагдыры ал киши үчүн баары бир болуп калгандай таасир калтырды. Мамлекет башчысы тышкы саясатты өзүнүн колуна алгандан кийин ага жооп бериши керек да.

Ошол эле кезде эртеси 9-май күнү президенттин басма сөз кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары Москвада бейрасмий жагдайда жолугушканы тууралуу маалымат таратты. Президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов кыска мөөнөттүк жолугушууда чек ара чатагын өкмөттүк деңгээлде жөнгө салуу маселеси көтөрүлгөнүн билдирди:

- Эки мамлекеттин башчылары ары жакта өздөрүнчө сүйлөшкөн экен. Мен бул боюнча президенттен учакта учуп келе жатканда сурадым. Анан бул тууралуу журналисттерге Кыргызстанга учуп келгенден кийин айттым. Мамлекет башчысы Тажикстандын президенти менен кыскача сүйлөшүптүр. Анда мына ушуга окшогон чыр-чатактар кайталанбашы үчүн өкмөттүк деңгээлде чек араларды тактоо иштерин тездетүү маселеси талкууга алыныптыр.

Мамлекет башчыларынын кийлигишүүсү керекпи?

Жака-Өрүктөгү чек ара чатагы жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эсеби боюнча жетинчи ирет катталган чек ара жаңжалы. Буга чейин өкмөт башчыларынын деңгээлинде чек ара чатактарын жөнгө салуу жагы бир нече жолу талкууга алынган менен эч кандай жыйынтык болгон эмес. Чек араларды тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов маселе мамлекет башчыларынын токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылууда дейт:

- Маселе аябай чиеленишип кетти да. Анан калса чек арада чатакты ырбаткысы келген бузуку топтор жүрөт окшойт. Ошондуктан бул маселе жогорку деңгээлдеги саясий кийлигишүүнү талап кылат. Өкмөттөгү вице-премьерлердин деңгээлинде бул маселе бир нече курдай талкууга алынганы менен ал деңгээлде кабыл алынган чечимдердин таасири жок болуп жатпайбы. Мына ушуга байланыштуу чек арадагы чатактарды жөнгө салуу үчүн чечкиндүү кадамдар болушу кажет. Маселени чечүүнүн принциптери боюнча эки тараптын президенттеринин көрсөтмөсү талап кылынууда.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.
Кыргызстан менен Тажикстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими жана Шанхай Кызматташтык уюмдары талаш-тартыштарды саясий жол менен чечүүгө багытталган. Бирок мүчө мамлекеттердин ортосундагы чатактарды чечүүгө ал уюмдар ушул кезге чейин бир да жолу кийлигишкен эмес. Коопсуздук боюнча өкмөт башчысынын мурдагы орун басары Токон Мамытов эки тарап чече албай калганда гана ага үчүнчү тарап кийлигишерин белгиледи:

- Мурдагы болгон окуяларды деле талдасак, кандайдыр бир жолугушуулардын алдында ушуга окшогон кандайдыр бир чыр-чатактар атайын уюштурулуп жатат. Анын негизиги эле себеби өкмөттөр аралык жолугушууда Кыргызстанды өздөрүнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо аракети. Анан эми чек ара маселеси негизи БУУнун көрсөтмөсү боюнча эки тараптуу шартта гана чечиле турган маселе. Эки тарап чече албай калганда гана ЖККУ же ШКУ сыяктуу үчүнчү бир тарап кийлигише алат. Аларга кайрылуу үчүн дагы эки тараптын чечими керек.

Соңку чек ара чатагын жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу 12-майга дайындалды. Анда кыргыз тарап чатактын чыгышын калыс иликтөөнү жана келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG