Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Жер-жерлерге күйүүчү май жетпей жатат


Ош шаарындагы май куюучу жайлардын бири, ноябрь, 2011.
Ош шаарындагы май куюучу жайлардын бири, ноябрь, 2011.

Май ташуучулар күйүүчү май ташыган 300 чакты машине аймактарга жетпей, жолдо токтотулуп турганын билдирүүдө.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, эки-үч күндөн кийин күйүүчү майга муктаждык сезиле баштайт, анткени өкмөттүн киришүүсү менен учурда өлкө боюнча магистралдарда кеминде 300дөй май ташуучу автоунаалар токтотулуп, күйүүчү май жер-жерлерге жетпей турат. Бул май ташуучу компаниялар пайдаланган автоунаалардын 80 пайызын түзөт.

Кыргыз өкмөтү декабрда кабыл алган токтомун апрелдин башында ишке ашыра баштап, магистралдык жолдордо автоунаалардын көлөмүнө жана салмагына чектөөлөрдү киргизген. Башкача айтканда 32 тоннадан ашык салмагы бар автоунаалар Кыргызстандын автожолдоруна зыян келтирет деп табылган.

Өкмөт май айынын башында май ташуучу HOWO өндүү үлгүдөгү кытайлык кырктан ашык оор жүк ташуучу автоунаа жаңы стандарттарга төп келбейт деп таап, көзөмөлдү Транспорт министрлиги менен мамлекеттик автоинспекцияга милдеттендирген. Май ташуучулар өз кезегинде МАИчилер айдоочуларды катары менен токтотуп жаткандыгын белгилешүүдө.

Буга карата Мамлекеттик автоинспекциясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Кылыч Мурзалиев буларды айтты:

- Ал жерлерде биздин кызматкерлер болгону машинелерди токтотуп берет. Болгону ошол. Калган иш-чаранын баарын транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлери жүргүзөт.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” айтымында, мындай чечимдин айынан азыр тогуз миң тоннадай күйүүчү май кардарларга жетпей турат:

- Бүгүнкү күнү көптөгөн май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу май жок, себеби машинелер жеткизе албай жатат. А өкмөт мындайча айтканда, адамдын акылына сыйбаган токтомдорду чыгарып атат да. Мен таң калып атам.

Транспорт жана коммуникация министрлиги өз кезегинде күйүүчү майларды ташууга өкмөт эч кандай тоскоолдук кылбаганын, жүк өкмөт белгилеген нормадан ашып, 50 тоннага чейин жетип, андай автоунаалар жолдун баарын талкалап жатканын айтууда.

- Азыр мына Бишкек-Ош жолун көрсөңүз Суусамырдын ичи талкаланды, Төө-Ашуу талкаланды, Капчыгайдын ичи талкаланды, Токтогулдан наркы участоктордун баары талкаланды да, - деди аталган министрликтин Оор жүк ташуучу автотранспортторду тараза аркылуу өткөрүүчү башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергенов:

- Мамлекеттин ичинде бир туура эмес нерсе болсун деп токтоткон жокпуз да. Ченеминен ашык жүк ташыган машинелердин баары жолдун баарын бузуп жатат да. Мисалы азыраак жүк жүктөсө анда мындай болбойт.

Министрлик минтип жол үчүн күрөшүп жаткан кезде май ташуучулар да өздөрүнүн жүйөөлөрүн келтирип жатышат. Маселен, «Кыргыз мунай» ишкананын башчысы Майрамбек Ашимовдун айтымында, аталган автоунааларга майды бөксө жүктөө коопсуздукка шек келтирет:

- Алар азыраак куйгула деп жатышат. Бирок бензинди бөксө куйса болбойт, мындайды эч качан талап кылбаш керек. Машинанын калибровкасы канча болсо, ошончо жүктөлүшү керек. Андай кылбаса чайкалган бензин машинаны төңкөрүп салышы, ичиндеги тосмолорду сындырып кетиши мүмкүн.

Ашимовдун айтымында бул ишкана азыр жүздөй машинасын жерине жеткире албай турат. Өкмөт минте берсе бензиндин баасы кайра асмандап, карапайым калкты түйшүккө салышы мүмкүн деп болжоду Жумакадыр Акенеев. Анын айтымында, учурда түштүк аймактарга күйүүчү май ташуу көлөмү 40 пайызга азайды.

- Ой, кантип эч нерсе болбойт? 15 тоннаны алып барыш үчүн бир литрдин үстүнө алты сом кошулат. Жүк ташып жаткан машине да бензин жейт. Жанакы машине 30 тоннаны ташып кетсе жакшы да.

Ошентип май ташуучулар эгер эки күндүн ичинде токтом кайра каралып, жүктүн уруксат берилген өлчөмү жогорулатылбаса, 2300 айдоочу иш таштаарын эскертишти.

Бирок өкмөт аппаратынын атын атоону каалабаган өкүлү жогоруда айтылган коркунучтарды четке кагып, Акенеев көтөрүп жаткан маселени уюштурулган пиар катары баалады.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы өткөн жуманын аягында премьер-министр Өмүрбек Бабановго токтомду кайра карап чыгуу маселеси менен кат жөнөткөн. Токтомду ишке ашырып жаткан транспорт министрлиги болсо өкмөттөн катка байланыштуу кандайдыр бир кошумча тапшырма келбегенин билдирди.

Соңку такталган маалыматка караганда, бул маселени Жогорку Кеӊештин экономиканы өнүктүрүү комитети карап, топтолуп калган автоунааларды көздөгөн багытына жетишине шарт түзүү, мындан ары өкмөт белгилеген стандарттын негизинде иштөөнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG