Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Өкмөт Орусия менен ГЭС куруу келишимин жокко чыгарды


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруунун башталышы, 2013-жыл
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруунун башталышы, 2013-жыл

Өкмөт Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Орусия менен келишимди денонсациялоо боюнча токтом кабыл алды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов кабарлады. Өкмөттүн 31-декабрдагы жыйынында экономика министринин орун басары Айбек Калиев баяндама жасап, Орусия учурдагы экономикалык абалды эске алуу менен келишимдеги ири долбоорлорго финансылык каражат бөлүп бере албай турганын моюнга алганын кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтериндеги долбоорлорду Москва ишке ашыра албасын билдирген.

Бул билдирүүдөн кийин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков экономикалык маселелерге карабай долбоорлор токтоп калды деп айтууга эрте экенин, бир канча вариант каралып жатканын, талкуу токтой электигин орусиялык маалымат каражаттарына айткан болчу.

Кыргызстан Орусия менен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол койгон. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.

Нарын ГЭСтер каскадынын долбоору
Нарын ГЭСтер каскадынын долбоору

Стратегиялык долбоордун таржымалы

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭСти (Ак-Булуң, Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3) куруу тууралуу кыргыз-орус өкмөттөрү 2012-жылы макулдашкан. Келишимде үлүш теңме-тең бөлүнөт деп жазылган жана “Жогорку Нарын ГЭСтери” деп аталган жабык акционердик коому түзүлгөн. Ага Орусиядан “Русгидро”, эл эми Кыргызстандан “Электр станциялары” ачык акционердик коому кирген, ишканага долбоорду жүзөгө ашыруу милдети толугу менен жүктөлгөн. Ишкананын директорлор кеңеши жана башкармалыгы бештен адамдан куралган. Алардын үчөө Орусиядан, экөө Кыргызстандан көрсөтүлгөн.

“Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасы өтө жабык, маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес экен. Бул макаланы даярдап жазууда аталган ишкана эмнегедир Энергетика министрлигин да, “Электр станциялары” ачык акционердик коомун да тоготпой турганы анык болду.

Башында ГЭСтерди курууга 400 миллион доллар сарпталат деп маалымдалган болчу. Кийинчерээк "баалар өстү, айрым бир техникалык жагдайлар кошулду, кышында иштей турган кошумча агрегат да курулмакчы, жолдорду, көпүрөлөрдү салууга кеткен каражат эсептелди жана өндүрүлө турган электр энергиясынын көлөмү чоңойду", дегендей шылтоо менен ГЭСтердин баасы 700 миллион доллардан ашкан.

Төрт ГЭСтен жылына орточо эсеп менен 1 млрд. киловаттка жакын электр энергиясы өндүрүлөт деп айтылган. Эгер электр энергиясынын бир киловатт сааты 3 сомдон сатыла турган болсо, ага салынган каражат өзүн он жылдан ашык убакытта актайт. Эгер 1,5 сомдон деп бааланса, актоо мөөнөтү 30 жылга чукулдап калат. Ага чейин үлүштүн 75% Орусияда болот.

2014-жылы жалпы иштин жети гана пайызы аткарылганы анык болгон. Орусия долбоорго алгач эки миллиард рубль бөлгөн жана бүгүнкү күнгө анын теңи гана пайдаланылган.

"Русгидро" төрт ГЭС 2018-жылы толук курулуп бүтөт, биринчи агрегаты болсо 2016-жылы ишке кирет деп ишендирген. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат деген үмүт артылган.

XS
SM
MD
LG