Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Москвада кыргызстандыктар иштечү базар ачылды


Москвадагы базарга негизинен Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер коюлат.
Москвадагы базарга негизинен Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер коюлат.

Бул базарды ачуу демилгесин «Дордой» ассоциациясы көтөрүп, ишке ашырууда. Мындан улам аталган ассоциациянын президенти Аскар Салымбековду сөзгө тарттык.

- Аскар мырза, Орусиянын борборунда базар ачканыңыз айтылып жатат. Бул базар качан ачылат, кандай негизде иштейт?

- Учурда Орусияда жашаган кыргызстандыктардын саны миллионго жакындап калды. Алардын көпчүлүгү Москва, Новосибирск, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларда соода менен алектенишет жана басымдуу бөлүгү биздин «Дордой» базарында соодасын баштагандар. Анан алар мага келип, «Орусияда кыргызстандыктардын базары болсо, бул жакта тигилген кийимдерди сатсак» деп айтып жүрүшкөн. Айрыкча, былтыр Черкизов базары жабылган соң, ал жакта соода кылган мекендештерибиз ар кайсы жакка тарап, укуктары тебеленип, ижара көп төлөй баштады.

Мына ошондон баштап биз бир жылга жакын убакыт базар ачуунун үстүнөн иштедик. Соңунда Москва шаарында заманбап салынган, үстү жабык, кышы жылуу, жайы салкын, 3400 орундуу, мейманканасы бар, унаа токтотуучу жайы, метрого кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар «Түштүк дарбаза» аттуу базар таптык. Бул базардын жетекчилиги менен кеңешип, келишим түзүп Кыргызстандын жарандарынын башын кошуп, иштетели деп жатабыз.

Негизинен ал базар 3400 орундуу, анын 60 пайызга жакынында түркиялык, азербайжандык жана вьетнамдык соодагерлер турушат. Биз болсо ижара көп төлөгөн базарларда иштеген кыргыз жарандары менен сүйлөшүп, бул базарга чакырып жатабыз. Бизге миңдей орун берилди.

- Бул базар качан ачылды?

Базар ырасмий түрдө 9-апрелде биздин жетекчиликте иштеп баштады. Бизге берилген миңден ашуун орундун эки жүзүн биздин мекендештер иштетип башташты.

- Базарда Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарына, соодагерлерге орун берүүдө жеңилдик же артыкчылык берилеби? Алардын укуктары тебеленбеши үчүн шарттар каралаганбы?

- Биз Кыргызстандын жарандарына артыкчылык, жеңилдетүү сыяктуу маселелерге укуктук жактан тактап, келишим түздүк. Мурун биздин жарандар колунда документи жок, соода орунга ээ болгонуна сүйүнүп, күнүмдүк пайдасына курсант болуп жүрө беришчү. Анан башкалар келип алардын ордун тартып алган учурлар көп болгон. Эми азыр мыйзамдуу келишим түзүп, алардын укугун коргой турган профсоюздук уюм иштей баштады. Анан башка базарларда орундун ижара акысы 600 миң рублдан бир миллионго чейин жетип кеткен учурлар болгон. Азыр Кыргызстандын жарандарына бир орун үчүн 35 миң рублдан ижара берилет. Муну менен катар базарга көчүп барып, жайгашканга чейин бир ай бекер иштеп, товарларын айлантууга мөөнөт берилип жатат.

- Жаңы ачылган базарда эмнелер сатылат?

- Базардын жарнактарына «Кыргыз текстили» деген ураан жаздырдык. Белгилүү болгондой, биздин өлкөдөгү тигүү цехтеринде тигилген кийимдер «Кыргызстанда жасалган» деген брендди пайда кылбадыбы. Себеби, бизде салыктар жеңил, жумуш күчү арзандыгынан, бул багытта өнүгүүгө шарттар пайда болуп, башка өлкөлөрдүн атаандаштыгына туруштук берип калды. Ошондуктан бул базарга негизинен бизде тигилген кийим-кечелер коюлат.

- Демек, кыргызстандык тигүүчүлөр менен келишим түзүп, алар тиккен кийимдерди сатуу каралганбы?

- Ооба, кыргызстандык тигүүчүлөр менен сүйлөшүп, ушул жылдын 5-майынан 25-майына чейин «Түштүк дарбаза» базарында жармаңке уюштуралы деп жатабыз. Ага Кыргызстандагы ишканалардын, тигүү цехтеринин продукцияларын алып баралы деп жатабыз. Ал тургай атайын чартердик учак да уюштурабыз. Ошол учак менен барып, ал жерден өздөрү шартты көрүп, жакса соода орундарын алышы мүмкүн.

- Акыркы учурда мигранттар Орусияда ар кыл улутчул уюмдардын, кылмыштуу топтордун кодулоосуна, кол салуусуна тушугуп келет. Бул жагынан алганда кыргызстандыктар иштей турган базар улутчулдар же кылмыштуу топтордун бутасына айланбайбы? Мындай басымдардан ишкерлерди коргоо жагы ойлонулдубу?

-Туура маселе көтөрүп жатасыз. Бирок бул базарда өзүнүн жатаканасы бар, жабык базар. Анын ичинде коопсуздук, уурулук, криминал сыяктуу маселелерди көзөмөлдөй турган администрациясы бар. Ал жерде Москвага белгилүү болгон «Витязь» деген ири коопсуздук кызматы де иштейт экен. Ошондуктан базар болушунча мындай терс көрүнүштөрдөн корголгон деп айтууга болот.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG