Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Москвада мигранттар бычакташты


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана окуяга тиешеси жок
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды жана окуяга тиешеси жок

Москва шаарында чыккан массалык мушташта бычак жеген беш мигрант оор абалда ооруканага түштү.

Болжолдуу маалыматтарда алардын төртөө өзбекстандык, бирөө кыргызстандык жарандар экендиги айтылууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мушташтын себептери такталып жаткандыгын билдирди.

Москванын Лефортово районунда 5-августта болгон массалык мушташка Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары катышкандыгы, натыйжада бир кыргыз жаран төрт тажик тектүү өзбек жаранды бычактаганы айтылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын полициянын маалыматына таянып билдиргенине караганда, мушташта жабыркаган мигранттардын абалы оор.

- Чындыгында эле Кыргызстандын жараны төрт жаранды сайган экен. Бирок алар кайсы өлкөнүн жарандары экени учурда такталып жатат. Уруш 5-август күнү кечки саат сегиз-тогуздарда болгон. Тартип коргоо органдары окуя болгон жерге барганда жаңжалдын катышуучуларынын баары качып кетишкен. Кыргыз жаран өзү да бычак жеп, кача албай калган. Анын жанынан бычак табылган. Маалымат боюнча биздин жаран төрт жарандын денесине зыян келтирген. Учурда өзү да денесине бычак жеп, абалы оор бойдон ооруканада.

Кулукееванын айтымында, мушташтын себеби так аныктала элек. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, массалык мушташ беренеси боюнча Орусиянын Тергөө комитети иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, жабырлануучулардын бири боорунан оор жаракат алганы айтылууда.

Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров адатта мындай мушташтар, чыр-чатактар иш талаштан чыгат дейт.

- Мындай окуялар биринчи жолу болуп жаткан жок. Негизинен мушташтарга турмуш-тиричиликке байланышкан эле көйгөйлөр себеп болот. Анткени чоң мегаполисте өзбектер, тажиктер жана кыргыздар чогуу эле жашап, иштеп калган учурлар көп болот. Кийинки убактардагы карама-каршылыктар мигранттар арасындагы иш талашуудан улам болууда. Анткени Орусия эмгек квоталарын азайтып, мигранттар ишсиз калууда. Базарда бир өлкөнүн жарандары иштеп жаткан жерден экинчилери келип сүрүп чыгуу аракетин көрүп жатышат.

Үч жылдан бери Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык Кызжибек Жапарова Лефортово районундагы бул мушташты жергиликтүү телеканалдардын биринде жаңылыктар топтомунан көрүптүр. Ал чынында эле Москвадагы өзбек-кыргыз жарандарынын ортосундагы 2010-жылкы июнь окуясынан кийинки чыңалган мамиле дагы эле сакталып турат деп ишендирди:

- Менин оюмча болуп өткөн окуяга өзбектердин күнөөсү көбүрөөк. Анткени алар бул жерде “сен кимсиң?” дегендей эле мамиле кылып калышты. Жашоого болгон жалпы мамилеси эле ушундай болуп калды. Акыркы убакта полиция мигранттардын баскан-турганын текшерүүгө алып жаткандыктан кичине тынчып калышкан.

Анткен менен эки улут өкүлдөрү ортосунда чыккан чырдын баарына эле улутчул боёк сүртө берүүгө болбойт дегендер четтен чыгат.

"Бул жерде эки улут өкүлдөрү чатакташып кетсе эле дароо улут аралык жаңжал деген туура эмес. Орусияда кыргыз, өзбек, тажиктер бир эле батирде жашашат. Чогуу эле иштеп, чогуу турушат. Кыргыз менен кыргыз деле бычакташа кетип жатпайбы. Андыктан мындай араздашууларды улут аралык жаңжал деп айтуудан алысмын. Атайын кыргыздар өзүнчө, өзбектер өзүнчө жаат болгон уруштар боло элек" - дейт Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов.

Орусияда адам өмүрүнө залал келтирген мындай окуялар биринчи жолу болуп жаткан жок. Кыргызстанга 2012-жылдын башынан бери орус жергесинде ар кандай себептерден улам ажал тапкан 328 жарандын сөөгү келген. Мындай каргашалардын акыркысы катары кечээ эле бычак жеп өлгөн Ош облусунун 21 жаштагы жаранын айтсак болот.

XS
SM
MD
LG