Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Новосибирскиде 400 чакты мигрант кармалды


Москвадагы массалык рейддер эми өлкөнүн башка шаарларына да жайылган өңдүү. Новосибирскиде кечээ жүздөгөн мыйзамсыз мигрант кармады. 10 баланы ата-энесинен ажыратып кетишти.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полиция менен мигранттардын ортосунда мушташ болуп, анда бир полисмен башынан катуу жаракат алгандан тарта орус баш калаасындагы бүт базарлар текшерилип, рейддер өткөрүлө баштаган эле.

Жүздөгөн мыйзамсыз мигранттар кармалып, алардын бир нече жүзү Москвада 1-августта ачылган кармоочу лагерге алып келинген. Москвадагы рейддер эми өлкөнүн башка шаарларына да жайылган өңдүү.

Кечээ Новосибирск шаарындагы “Хилокск” базарында полиция Федералдык миграциялык кызмат менен биргеликте “Мыйзамсыз мигрант” деген рейд өткөрүп, 400гө жакын мигрантты кармап кетти. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Новосибирск облусу боюнча башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Антон Сурнин айтты.

- Бул рейд Орусияда мыйзамсыз жүргөндөрдү табуу үчүн өткөрүлгөн. Баары болуп, жакынкы өлкөлөрдөн келген 387 адам кармалган. Түрдүү мыйзамдарды бузганы үчүн 81 адам административдик жазага тартылышты. 12 адамды атайын кармоочу жайга алдык. Алардын абалы мындан ары иликтенип, өлкөдөн депортацияланат.

Мигранттар лагери
Мигранттар лагери
Полициянын расмий өкүлүнүн айтымына караганда, кармалган адамдардын ичинде жашы жете элек 12 бала да кармалган.

- Кармалгандардын ичинен жашы жете элек 12 бала санитардык нормалар такыр сакталбаган, колдогу эле материалдардан эптеп жасалган сарайларда, балит жерде үйдөгү мал менен кошо жашаган. Алардын онун ата-энесинен ажыратып, азыр түрдүү ооруканаларда карап жатышат. Аларга социалдык-медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ата-энесине кайтарышат, бирок ал депортация маалында аэропортто болушу мүмкүн.

Полициянын өкүлдөрү бизге кармалган 400гө жакын чет өлкөлүктүн ичинде кимдер, кайсы өлкөлөрдүн жарандары бар экенин айтуудан баш тартышты. Бирок Орусиянын Федералдык миграциялык кызматтын Новосибирск боюнча өкүлчүлүгүнүн расмий өкүлү Сергей Брянский биздин суроолорго жооп берип жатып, алардын 90% өзбектер, кыргыздар жана тажиктер экенин айтты.

Москвадагы мигранттар лагери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG